Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Гатмен: Дата илими иликтөөгө чоң жардам берет


Америкалык Алекс Гатмен - маалымат базалары боюнча адис.
Америкалык Алекс Гатмен - маалымат базалары боюнча адис.

Дата илими же маалымат базасы менен иштөө илими дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда кеңири жайылып баратат. Бирок көптөр дата илимин кадимки статистика менен алмаштырышат.

Маалымат базасы боюнча америкалык адис Алекс Гатмен дата илими, анын өнүгүшү жана пайдасы тууралуу «Азаттыктагы» маегинде айтып берди.

- Адегенде дата илими же кыргызча айтканда, маалымат базасы менен иштөө илими жөнүндө сөз кылалы. Ушул тууралуу түшүндүрмө бере кетсеңиз. Көптөр маалымат базасы менен иштөөнү кадимки статистика менен алмаштырып жүрүшөт...

- Эң жакшы суроо. Мен да бул суроого жооп табыш үчүн көп убакыт кетирдим. Мен өзүм статистик болуп жети жыл эмгектенгем. Кийин дата илими жөнүндө укканда, дата деген бул статистика деп ойлодум. Бирок азыр дата илими - бул статистика илиминин эволюциясы десек болот. Азыр дата илими деп биз жалаң эле статистиканы эмес, компьютерди өз алдынча маселе чечүүгө үйрөтүүнү жана маалымат топтоону айтабыз.

Эгер кыскача айта турган болсок, дата илими - топтолгон маалыматтын жардамы менен конкреттүү суроолорго жооп издөө. Анын ичине статистика да, компьютердик инженерия да кирет. Маалымат базасы менен иштегендерди үчкө бөлсө болот – сен же программистсиң, же статистиксиң, же бизнес-аналитиксиң.

- Сиз «маалымат базасынын жардамы менен көптөгөн суроолорго жооп берсе болот» дедиңиз. Мисалы, бизнеске дата илиминин кандай пайдасы тиет?

- Ишкер чөйрөдөгүлөр маалымат базаларын абдан көп колдонот. Ошол эле «Гуугл» же «Фейсбук» компанияларды айтсак болот. Алардын эбегейсиз чоң акча тапканынын себеби – аларда баарыбыз жөнүндө маалымат бар. Жарнама бергендер ким кайдан саатты же телефонду жакшы көрөрүн билгиси келет. Алар сиз Интернеттен эмнени көп издегениңизди билишет да, «бул мындай саатка кызыгат» деп тыянак чыгарып, сизге саатын жарнамасын сунуш кылып, саат чыгарган компаниядан акча алат.

- Түшүнүктүү. Ал эми журналистикада дата илимин кандайча колдонсо болот? Ушул тууралуу кеп кылсаңыз.

- Мен Кыргызстанга келип, «Клоопто» иштеген балдар-кыздар менен, Дата борборунун өкүлдөрү менен жолуктум. Алар журналисттик иликтөөлөрдү өнүктүрүүнүн жана ачык булактар менен иштөөнүн ыкмаларын жайылтууга аракет кылып жатканын байкадым.

Ар бир иликтөө фактыга таянып жасалат. Андыктан маалыматты кантип алыш керек, ал маалыматты талдап, кандайча түшүндүрүш керек экенин билүү зарыл.

- Кыргызстанда сиз IT жаатында иш алып барган бир топ адистер жана журналисттер менен жолугуптурсуз. Мисалы, коррупция жөнүндө иликтөө жүргүзгөн журналисттерди маалыматтын жетишсиздиги аксатат. Ал эми жемкорлор эч качан маалыматтын ачык болушун каалашпайт. Дата илиминин Кыргызстандагы өнүгүшүнө ушундай нерселерден башка дагы эмне тоскоол болушу мүмкүн?

- Туура, маалыматтын жетишсиздиги дайым түйшүк жаратат. Ошентсе да мен opendata.kg сайтын көрүп кубандым. Ар бир каалоочу ал жакка кирип, маалымат алып, талдоо жүргүзө алат экен. Андан сырткары мен университеттердин студенттери менен жолугушууларды өткөрдүм. «Ким статистика, аналитика же эконометрика сабактарын алып жатат?» деп сураганымда аз эле киши кол көтөрүп жатканын байкадым. Дата илимине кызыккандардын аздыгын да кыйынчылык катары белгилесе болот. Мен студенттерге «эгер силер математиканы же статистиканы жаман көрсөңөр, анда ал илимдерге дата илиминин призмасы менен карап көргүлө» деп кеңеш бердим. Себеби биз мектепте математиканы окуганда ал күнүмдүк жашообузга кандайча таасир этерин аңдап билбейбиз. Ал эми маалымат базасы менен иштегенде, анын орду зор экенин байкайбыз.

- Дата илими жөнүндө кеп кылганда жеке маалыматтык коопсуздук маселеси келип чыгат экен. Биздин жеке маалыматыбыз корголгонбу? Же бир колтугунда котур ташы бар саясатчылардын тобу жарандардын маалыматын өз кызыкчылыгына колдонуп кетпейт дегенге ким кепилдик бере алат?

- Ооба, чындап эле ойлосоң коркунучтуу сезилет. Мен социалдык тармактарды колдонбойм, себеби дата адиси катары «Google» бизден кандай маалыматты чогултарын, аны кандайча колдонорун жакшы билем. Персоналдуу маалыматты чогулткан ар бир компания өз кардарларына милдеттүү түрдө ал маалыматты кандайча колдонорун ачык айтышы керек. Азыр деле ар бир сайт «Сиздин маалыматыңызды чогултууга болобу?» деп сурайт. Бирок көп учурда «жок» деп жооп берсең ал сайтты колдоно албай каласың.

- Маек курганыңыз үчүн рахмат.

АКШда ITни ээлеген кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:23 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG