Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Сооронбай Жээнбеков: адамдын санариптеги жеке маалыматы кол тийгис


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Адамдын жеке уруксатысыз анын мамлекеттик базада сакталып турган персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок. Бул тууралуу 4-октябрда Бишкекте өткөн «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясы өтүп жаткан учурда президент Сооронбай Жээнбеков айтты. ​

- Өтө кылдат мамилени, зор түйшүктү талап кылган багыт — бул маалыматтарды коргоонун коопсуздугу. Мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо — мамлекеттик сырды коргоодон башталат. Ошол эле учурда жарандарыбыздын кызыкчылыктары — кол тийгис. Адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок. Ошондуктан санарип этикасын сактоонун, киберкоопсуздукту камсыздоонун жана жарандардын ички маалыматтарын коргоонун жетиштүү деӊгээли камсыз болуш керек, - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы киберкоопсуздук боюнча кыргыз өкмөтү стратегия кабыл алганын, эми бул багыттагы эӊ жаӊы технологияларды киргизүүгө муктаждык жаралганын билдирди.

Бүгүн Бишкекте жаңы технология боюнча 12 өлкөдөн келген 20дан ашык адис жана Борбор Азиядагы 100дөн ашык эксперт катышкан конференция өттү. Анда санариптешүү, киберкоопсуздук, билим берүү жана илимий изилдөө жаатында жаңы технологияларды колдонуу маселелери талкууланды. (BTo)

XS
SM
MD
LG