Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Усманов: Журтташтарга IT тармагы пайдалуу болмок


Сейитбек Усманов.
Сейитбек Усманов.

Журтташыбыз Сейитбек Усманов IT курстарын негиздеп, Кошмо Штаттардагы жана Европадагы мекендештерге программалоону үйрөтүп келет.

Сейитбек Усманов өзү бизнес тармагынан IT жаатына өткөнүнө төрт эле жыл болду. Бул аралыкта Сейитбек ««Salesforce»» платформасында иштегенди өздөштүрүп, өзү каалаган жумушка кире алган. Эми ал өз билгенин башкалар менен бөлүшүп жатат. Журтташыбыз алгач «Youtube» платформасындагы «Salesforce Chef» деген каналы аркылуу IT тармагын өздөштүрөм дегендерге кеңеш бере баштаган.

Ал эми былтыр жыл соңунда Сейитбек атайын онлайн курс ачты. Анда ««Salesforce»» платформасында иштөөнү каалагандарга сабак өтөт. Ал өзү да бул чөйрөгө бизнес-менежерликтен келгендиктен ITге такыр тиешеси жоктор башында кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн экенин жакшы билет.

Сейитбек Усманов «Salesforce» тууралуу айтып берип жатат. Прага. Январь, 2020-жыл.
Сейитбек Усманов «Salesforce» тууралуу айтып берип жатат. Прага. Январь, 2020-жыл.

Сейитбек Усмановдун айтымында, адамдын каалоосу болсо үч-төрт айда ««Salesforce»» платформасынын негиздерин үйрөнүп кетиши толук мүмкүн.

Бул тармакта башка көп жумуштардан айырмаланып жыйынтык көрсөтө аласың.

«Күнүгө 3-4 сааттан окуп, тийиштүү сертификаттарды топтош керек, - деди ал. - Андан соң иш оңой табылат. Мен өзүм деле бул тармакка кокустан өттүм. Ал кезде бир фирманын соода бөлүмүндө иштеп жаткан элем. Ошондо мага сооданын деңгээлин өстүрүш керек болду. Ушундан улам ««Salesforce»» үйрөнүп, сооданы жогорулата алдым. Ошол күндөн тартып ««Salesforce»» программасына кызыга баштадым. Анткени бул тармакта башка көп жумуштардан айырмаланып жыйынтык көрсөтө аласың. Анан ал ишиңди башкалар да баалайт. Азыр мен программист болуп иштейм. Программалоону азыркы заманда ар бир адам билиши керек. Бул абдан кызыктуу жумуш. Ар бирөө жумуштан ырахат алса, көңүлү көтөрүңкү болот, үй-бүлөсүнө карамдуу болот. Ошондой эле ITни сыртта жүргөн журтташтарыбыз да көбүрөөк өздөштүрсө жакшы болмок деп ойлойм. Алар кайда болбосун кыйналбай иштеп кетишмек».

Учурда Сейитбек Усмановдун онлайн сабактарына ондон ашуун киши катышып жатат. Алардын бири - Талант Маданкулов. Ал азыр Прагадагы DXС.technology корпорациясынын каржы тармагында эмгектенет. Бирок ал быйыл кесибин алмаштырып, IT адиси болууну чечти. Буга бир нече себеп түрткү болду.

«Азыр ITни билгендер жумушту тез табышат, - дейт ал. - Маяналары жогору. Ошол себептен мен кесибимди алмаштырайын деп чечтим. Өзүмө максат коюп, кандай кыйын болсо да үйрөнөйүн деп чечтим. Анткени азыр алмаштырбай койсом, эртең эле программистер менин азыркы кылып аткан жумушумду автоматташтырып салса, бул орун таптакыр жоюлуп кетиши мүмкүн».

Талант Мааданкулов өз ойлору менен бөлүшүп жатат. Прага. Январь, 2020-жыл.
Талант Мааданкулов өз ойлору менен бөлүшүп жатат. Прага. Январь, 2020-жыл.

Чечмелей кетсек, «Salesforce» — бул кайсы бир мекеменин сатуу, тейлөө жана кардарлар менен байланыш жагын талдоого багытталган атайын платформа. Аны кардарлар менен иштешкен компаниялардын көбү колдонушат. Учурда ITнин көп багыттары бар. Талант алардын ар бири менен кылдат таанышкан соң «Salesforce» платформасын тандаган.

"Salesforce" үйрөнүүгө абдан оңой жана жеңил экен. Окуганыма бир ай болду, бул убакыт ичинде кандайдыр бир жетишкендикти сезип атам», - деди ал.

«Salesforce» платформасына АКШдагы ушундай эле аталыштагы компания ээлик кылат. 2019-жылы «Salesforce» CRM тармагындагы эң алдыңкы платформа деп табылды. Учурда аны дүйнөдөгү 150 миңдей компания колдонот. Алардын арасында «Sony», «Financial Times», «Toyota» жана башка гигант корпорациялар бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG