Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Батышта «Сodе» тилин билгендер барктуу


Айдана Өмүрбаева.
Айдана Өмүрбаева.

«Сodе» - бул программалоо тили. «Сodе» менен сиз веб-сайт, программалык камсыздоо жана мобилдик/компьютердик тиркеме жасай аласыз.

Азыр сиз окуп жаткан вебсайт, браузер жана телефонуңузда колдонгон операциялык системанын баары «Сodе» менен жасалган.

«Сodе»​ эмне үчүн керек?

Учурда биз ITнин салмагы күн санап артып жаткан доорго жеттик. Мындан ары каалайсызбы же каалабайсызбы технология сиздин жашооңуздун багытын өзгөртө берет.

Маалымат технологиясынын кескин өнүгүшү дүйнөдө көп жумуштардын жоголушуна алып келди. Көпчүлүк компаниялар «Сodе» билген жаштарды издеп, ишке алып жатат. IT багытында иштеген, бирок «Сodе» билбеген жумушчуларды атайын курстарга жөнөтө башташты.

Азыркы доордо технология индустрияга түздөн түз таасир этет. Мисалы, такси, тамак же кийим сатып алуу ж.б. кызматтарды тиркеме аркылуу ишке ашырганга өтүштү. Он беш жыл мурда мындай мүмкүнчүлүк түшкө да кире элек болчу.

«Сodе»​ курстарынын натыйжалуулугу жана мөөнөтү

«Coding Bootcamp» - бул программисттерди даярдаган курстар. Булардын билим берүүсү бат жана интерактивдүү болуп эсептелет. Алар окутуп жатканда техникалык жана тажрыйбалык жөндөмгө басым жасайт.

Бул курстарга барган студенттердин максаты - IT дүйнөсүнө тез аралашуу болгондуктан инструкторлор динамикалык жана интенсивдүү окутуу ыкмасын колдонуп, кыска мөөнөттө такшалган адистерди даярдайт.

Студенттер негизинен профессионалдык деңгээлде тиркеме жасаганды үйрөнөт. Кадимки программисттердин колунан келчү долбоорду аткарышат. Курстар ошол эле учурда көпчүлүк ЖОЖдордо сабак катары кирбеген программалоо тилдерин окутат.

«Сodе» үйрөткөн курска баруу дагы бир жаңы кесиптин ээси болууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан бул курстар кыска убакыт ичинде бай тажрыйба топтоп, жумушка дароо кирүүнү каалагандар үчүн идеалдуу. Тесттерди жогорку деңгээлде тапшырган жана долбоордун баарын ийгиликтүү жасаган студенттер сертификат алат.

Студенттин аракетине жана үйрөнүү жөндөмүнө жараша курстардын мөөнөтү алты айдан баштап бир жылга чейин созулат. «Coding Bootcamp» бул төрт жылдык «Computer Science» окуусунун кыска жолу десем болот.

Курсту бүткөндө диплом сураган жерге иштей албашыңыз мүмкүн, бирок тажрыйбалуу программисттерди издеген компаниялардын керегине жарайсыз.

«Сodе» үйрөнүү жеңил эмес

Кыска убакыт ичинде бир кесиптин ээси болуу оңой эмес, ошондуктан күн-түнү окуп, тоодой мээнет жумшоого туура келет.

Алты ай тыным албай, күнүнө 10 сааттан кем эмес убакытты окууга бөлүү зарыл. Сабакты алты саат окуйсуз. Калган төрт саатты өз алдынча тажрыйба топтоп, үй тапшырма аткарууга жумшоо керек. Ооба, бул жеңил эмес түйшүк.

Бир күндүк сабакты калтыруу бир жума артта калганга тете. Бир жума сабак калтырсаңыз, кайра баарын кайталап окуганга туура келет.

Ошол себептүү, курска жазылуу алдында жети өлчөп, бир кесип чечим кабыл алыңыз. Биринчи кезекте каражат табыңыз, анан убакытты кенен бөлүңүз. Курсту ийгиликтүү аяктап, дароо жумушка кирүүнү ниет кылсаңыз алты ай, балким бир жыл талыкпай окушуңуз керек.

Курс менен тең катар окуу же иштөө, тапшырманы аткарбай баруу, жалкоолук максатка жетчү жолду татаалдаштырат. Андыктан “окууга канчалык катуу киришсеңиз, ошончолук ийгиликтүү программист болосуз”.

Баарыбызга белгилүү болгондой көпчүлүк ЖОЖдордун «Computer Science» факультеттерине окуу төрт жылдык убакытты талап кылат. Аларда сабактардын басымдуу бөлүгү программалоонун негизинде болгону менен кошумча «networking, operating systems and computing» теорияларын да окутушат.

ЖОЖдун программасынын негизинде биринчи эки жылда компьютерге тиешелүү предметтерден сырткары мамлекет милдеттендирген сабактарды да окутушат. Бирок чыныгы программистке ал сабактардын пайдасы тийбейт деле. Учурда көпчүлүк ЖОЖдордо дагы деле программалоо тили эски ыкма менен окутулуп келет. Ошентсе да бир тилди жакшы үйрөнүп алгандан кийин кошумча тилдерди өз алдынча үйрөнүү оңой.

Өзгөчө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана убактысы барларга ЖОЖдо окуган жакшы, себеби дипломдуу болосуз.

Сапаттуу курс тандоо маанилүү

Ушу күндө IT курстарынын жаандан кийинки козу карындай жайнашы сиздин тандооңузду татаалдаштырбай койбойт. Ошол жайнаган курстардын арасынан өзүңүзгө туура келгенин кантип тандоо керек жана эмнелерге көңүл буруу маанилүү?

  • Адегенде өзүңүз жашаган жерге жакын курстардын тизмесин түзүңүз. Бул жолго кеткен убакытты үнөмдөйт.
  • Тизмедеги курстарга чалып, кийинки класс качан жана канчада башталат, канча убакыт окутат жана төлөм тууралуу билип алганыңыз оң.
  • Статистикага маани берүү керек. Курстун бүтүрүүчүлөрүнүн канча пайызы жумуш менен камсыз болуп жатканын изилдеңиз.
  • Курстун сайттарына кирип, мурда окуп кеткен студенттердин пикири менен таанышып чыгыңыз.
  • Мүмкүн болсо ар бир курстун кеңсесине барып, окуп жаткан студенттер менен маектешиңиз, алардын оюн угуңуз.

Кайсыл «Сodе» тилин окуган жемишин берет?

Азыркы учурда бир нече «Сodе» тили бар. Мага АКШда жана Кыргызстанда жашаган мекендештерим эң популярдуу жана эң жакшы программалоо тили кайсы деген суроону көп беришет.

Буга жооп берүү кыйын болгондуктан төмөнкү тизмени түздүм. Калганы сиздин жеке тандооңузга жараша болот.

Front-еnd web development – JavaScript

Back-еnd web development – Java, Python, JavaScript, PHP, Ruby, C#

Desktop application – Java, Python, С++

Mobile development – Java, Swift C#

Game development – C++, C#

Популярдуу «Сodе» тилдеринин тизмеси:

Java, Python, JavaScript, C++, C#, PHP, Swift, Go, Ruby, Perl.

Java - «Instagram», «eBay», «Uber», «Lyft», «AirBNB», «Groupon», «Spotify», «Netflix» ж.б. компаниялар колдонушат.

Python - «Google», «Yahoo», «Nokia», «Reddit», «Facebook», «Mozilla», «IBM», «Amazon».

JavaScript - «Google», «Facebook», «Netflix», «Groupon», «Uber», «eBay», «Walmart».

IT - бул океан сыяктуу, окуган сайын тереңге сүңгүй бересиз.

Тажрыйбалуу программист болуу - көп окууну жана тажрыйбаны талап кылат. Замандан артта калбоо үчүн ар дайым окуп, жаңыланып туруңуз. Профилиңизге жаңы тиркеме кошулуп, жөндөмүңүз арткан сайын компанияда аброюңуз көтөрүлүп, айлыгыңыз көбөйө бермекчи.

Айдана Өмүрбаева, АКШдагы «Relativity E-Discovery» компаниясында «DevOps Engineer» болуп эмгектенет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG