Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Ата-эненин акчасы мектеп үчүн чоң салым


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептер ата-энелердин каржылык колдоосуна муктаж экенин четке какпайт.

Министр мугалимдерге окуучулардан жана ата-энелерден акча топтоого тыюу салышы менен мектептерде муктаждык маселеси курчуду. Бул кадам кийинки жылдары чоң көйгөйдү жаратып, билим берүүнүн сапатынын төмөндөшүнө алып келери айтылууда.

Акча топтоого тыюу салуу

2019-2020-окуу жылы Кыргызстанда билим берүү тармагында иштегендердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү менен башталды.

Мугалимдер өкмөттүн бул чечимине кубанып үлгүрө электе ата-энелердин Камкордук кеңешинен жардам суроого тыюу салган дагы бир буйрук чыгып, түйшүк жаратты. Анткени мектептердеги негизги көйгөйлөр Камкордук кеңешинен алынган акчага бүтүп келет.

Ата-энелердин жардамысыз мектептин муктаждыктары толук чечилбейт.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерине, мугалимдерге окуучулар менен ата-энелерден акча сураганга тыюу салган буйрукка 1-октябрда кол койгон.

Конституцияга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде окутуу акысыз. Бирок эмеректерди жаңылоого, заманбап жабдууларды алууга жана чарбалык иштерге бюджеттен бөлүнгөн акча жетпегени үчүн каражат чогултуу маселеси Ата-энелердин камкордук кеңеши аркылуу ишке ашат. Ал мектептин рейтингине жараша 500 сомдон 5-6 миң сомго чейин жетет. Андан мектеп кароолуна жана жууп-тазалаган жумушчуларга кошумча айлык төлөнөт.

Мындан сырткары класстык фондго, ар түрдүү маданий, коомдук иш-чараларга эсептик дүмүрчөк берилбеген акча чогултуулар бар.

Эреже боюнча, акчаны мугалим эмес, ата-энелер комитети, Камкордук кеңешинин мүчөлөрү топтойт. Бирок ата-энелерде дайыма эле мектепке келип, каржы маселесин чечүүгө убакыт жок болгондуктан, бул милдетти буга чейин класс жетекчилер аркалап келген.

Коомчулукта мектепке акча чогултууга нааразы болуп, каражат мугалимдердин сол чөнтөгүнө түшөрүн, үзүрүн директорлор көрөрүн айтып жүргөндөр арбын.

Тыюу салуу акча топтоого чекит койбойт

Министрдин буйругу Камкордук кеңештердин ишине тыюу салбайт. Ага мугалимдердин кийлигишүүсүнө гана чектөө коёт. Ата-энелер комитети, Камкордук кеңештери мектепке каржылык колдоо көрсөтүүнү макул көрүп, белгилүү бир өлчөмдө акча чогултууну уланта берсе болот.

Сурамжылоо:


Ата-энелерден каражат алууга тыюу салуу мектептердин жетекчилигин жана мугалимдерди эмнеге мынчалык бушайманга салып жатат?

Бул суроо менен Бишкек шаарындагы жана аймактардагы бир канча мектептердин директорлоруна, мугалимдерге кайрылдык. Алар себептерин санап беришти, бирок "министрге каршы чыккандай болуп, башыма түйшүк артпай эле коёюн" деп микрофонго ачык сүйлөп берүүдөн баш тартышты.

Суроонун жообун Бишкектеги мектептердин биринин Камкордук кеңешинин мүчөсү Болот Таштановдон алдык.

Болот Таштанов
Болот Таштанов

- 600 балага ылайыкталган мектепте 300дей бала окуган учурлар бар. 600 балага ылайыкталган ажатканага беш эсе бала көп кирип чыгат. Суу түтүктү беш эсе көп бурашат, сырттан топурак-чаңды мектептин ичине беш эсе көп алып киришет. Бүгүнкү күндө санитардык тейлөөчүлөр (мектепти тазалаган кызматкерлер) өкмөттөн 2500 сом айлык алат. Аларга биз берген акчадан кошумча төлөнөт. Экинчиден, балдардын коопсуздугу үчүн жооп берген күзөт кызматкерлерине акы төлөйбүз. Сөзсүз бирөөнүн баласын бирөө уурдап, уруп-соккондон кийин чара көрүш керекпи? Жок, анын алдын алып күзөт кызматы уюштурулган. Балдар бири-биринин буюмун алып койбосун деп, күзөт камералары орнотулду. Камера тартып жатканы үчүн сабак учурунда мугалимдер коридордо ары-бери басып жүрбөй, окутуу менен көбүрөөк алектенип калышты.

Коомдук ишмер Догдургүл Кендирбаеванын эсебинде, мектептеги муктаждыктарды жоюуга бир жылда бир окуучуга билим берүүгө бөлүнө турган сумма 168 сомго барабар. Ал толук берилбей, 80 пайыздын тегерегинде гана ишке ашууда. Мындан улам мектептер ата-энелердин колун караганга мажбур.

Догдургүл Кендирбаева
Догдургүл Кендирбаева

Мугалимдердин айтымында, ата-энелердин баары эле жардам бербейт. Жылына ар бир класстын жарымы же жарымынан көбү төлөйт.

Колу жука, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой ата-энелерге жеңилдиктер бар. Таптакыр акча бербегендер мажбурланбашы керек. Бирок окуучу аркылуу ата-энеге кабар жөнөтүп, фондго акча төгүүнү талап кылган учурлар арбын кездешкен. Буга айрым билим уяларында чогултулган акчанын эмнеге коротулганы жөнүндө маалымат берилбегени, Камкордук кеңешинин отчетунун жоктугу себеп. Эреже боюнча, коротулган акчанын отчету мектептин кире беришине илинип, жылына эки жолу ата-энелердин жалпы чогулушунда маалымат берилиши шарт.

Акча мугалимдердин сол чөнтөгүнө түшөрүн, үзүрүн директорлор көрөрүн айтып жүргөндөр арбын.

2019-жылдын сентябрында Чүйдүн Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын элүүдөн ашык тургуну мектептеги фондго акча чогултууга нааразы болуп митингге чыккан.

Апрелде ушул эле райондун Новопавловка айылынын тургундары митинг уюштуруп, мектеп фондуна чогултулган акчанын эсебин талап кылышкан. Алар Жогорку Кеңештин алдына чейин келип, соңунда мектептин директору алмашкан.

Бишкектеги №72 мектептин кире беришине илинген маалымат
Бишкектеги №72 мектептин кире беришине илинген маалымат

Май айында Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Сарай мектебинде окуган балдардын ата-энелери райондук Билим берүү бөлүмүнө даттанышкан.

Бирок кандай болгон күндө да мектепти мамлекет толук каржылай албасы, ата-энелердин акчасы балдардын сапаттуу билим алышы үчүн керектигин камкордук кеңешинин өкүлү Болот Таштанов айтып берди:

Ата-энелерде каржынын кайда сарпталганы жөнүндө маалымат жок болсо, нааразылык күчөй берет. Андыктан, аткарылган иштер жөнүндө мектептер, камкордук кеңештери ар бир окуучунун ата-энесине маалымат берип турушу шарт.
Болот Таштанов


- Кыштын күнү жылуулук берген батарея жарылды дейли. Мектеп Билим берүү башкармалыгына кайрылат, башкармалык Билим берүү жана илим министрлигине кайрылат, алар Финансы министрлигине кайрылат. Анан тендер жарыяланып, оңдой турган фирма аныкталып, анан түзөтүшөт. Ага чейин суу агып жата бериши керекпи? Андай учурда Камкордук кеңешинен, ата-энелер фондунан чогулган акчага дароо оңдолот да, балдарыбыз үчүн шарт жакшыртылат. Ата-энелер качан нааразы болот? Аларда каржынын кайда сарпталганы жөнүндө маалымат жок болсо, нааразылык күчөй берет. Андыктан, аткарылган иштер жөнүндө мектептер, Камкордук кеңештери ар бир окуучунун ата-энесине маалымат берип турушу шарт.

Муктаждык жана каржылык колдоонун башаты

Билим берүү мекемелериндеги маселелерди жоюуга мамлекеттин алы жетпей, 1996-жылы өкмөттүн чечими менен айылдык мектептерде окуучулардан жылына 100 сомдон, шаардык мектептерде 160 сомдон каржылык колдоо чогултула баштаган. Андан бери аны токтотуу тууралуу бийликтен оозеки эскертүүлөр айтылып келген. 1996-жылдан 2006-жылга чейин мектепте китептерди ижарага берүү принциби иштеп, билим уялары ошону менен жан баккан.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Аларда окуп жаткан балдар 1 миллион 300 миңдин тегерегинде.

Расмий маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстанда мектептер үчүн бюджеттен 16 миллиард сом бөлүнүп жатат. Анын 120 миң сому окуу куралдарына жумшалса, калганы айлык акыга, коммуналдык төлөмгө, ремонттун бир бөлүгүнө жана башка иштерге сарпталат.

Улуттук статистика комитетинин 2013-жылдагы эсебине ылайык, ата-энелерден билим берүү мекемелерине жыйналган төлөм 13 миллиард сомго чейин жетет.

Билим берүү жана илим министринин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева мектептер ата-энелердин каржылык колдоосуна муктаж экенин билдирди.

Гүлшан Абдылдаева менен маекти бул жерден угуңуз:

Мектеп ата-эненин колдоосуна муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00

ОҢ ЖАГЫ:

  • Мугалимдин окуучуга "ата-энеңе айт, фонддун акысын төлөсүн" - деген басымы азаят;
  • Мектеп жетекчилиги менен ата-энелердин ортосундагы каржыга байланыштуу пикир келишпестик токтойт;
  • Класс жетекчилер акча жыйноо менен баш оорутпай, окуучунун сабактагы ийгилик жана көйгөйүнө көңүл буруп, класстык сааттарда тарбия жана таалимге басым жасалат.

ТЕРС ЖАГЫ:

  • Мектеп чарбалык иштерди өз алдынча жасай албайт;
  • Пол, идиш-аяк жууганга чүпүрөк, тазалык каражаттары дээрлик алып алынбайт;
  • Сынган эмерек, бузулган жабдуулар убагында оңдолбойт;
  • Заманбап технология колдонулган интерактивдүү сабактар азаят же такыр жок болот;
  • Класстар кошумча окутуу куралдары менен жабдылбайт;
  • Ийримдердин иши токтойт;
  • Иштебей калган чырактар, тетиктер убагында алмаштырылбайт;
  • Кошумча класстар курулбайт;
  • Мектептин сыртындагы тосмолор, эшик-терезелер оңдолбойт;
  • Мектеп үчүн кагаз-калемдерди мугалимдер айлыгынан сатып алат;
  • Компьютердик класстар жаңыланбайт, Интернет колдонулбайт;
  • Окуучуларды шыктандырган сыйлыктар азайып, бара-бара токтойт;
  • Коридордогу сүрөт жана маалымат такталары убагында жаңыланбайт;
  • Дене тарбия сабагына кошумча шаймандар толукталбайт.

Маселени чечүүнүн кандай жолдору бар?

Коомдук ишмер, билим берүү тармагы боюнча эксперт Догдургүл Кендирбаева эки сунуш айтты.

  • Биринчиси - бардык тармактарда иштеген кызматкерлердин айлык акысынан "билим берүүгө" деп салык жыйып, аны мектептердин каржылык муктаждыгына жумшоо. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар.
  • Экинчиси - мыйзам бузган айдоочулар төккөн айып пулдарды мектептерди өнүктүрүү үчүн атайын эсепке которуу.

Мектепке ата-энелерден акча чогултуу бир гана Кыргызстанда эмес, постсоветтик өлкөлөрдүн дээрлик баарында бар. Орусиянын, Украинанын, Беларустун мектептеринде да Кыргызстандагыдай эле көрүнүш. Өзбекстан мамлекеттик деңгээлде Ата-энелердин кайрымдуулук фондун уюштурган.

Сурамжылоо:

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG