Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Мектептен шек санаган ата-энелер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып жатышат.

Алар 4500 бала окуган мектепте ай сайын көп акча жыйналарын айтып, директорду «каражатты натыйжасыз пайдаланууда» деп айыптап жатышат. Ал эми мектеп жетекчилиги каражат мыйзам чегинде топтолорун айтып, дооматтарды четке кагууда.

Жийдегүл Кожошеванын төрт баласы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 инновациялык лицейде окуйт. Көп балалуу үй-бүлө катары эки баласы мектеп төлөмдөрүнөн бошотулган. Ошентсе да ага төрт баласы үчүн айына 1500 сом акча төгүү кыйын болуп жатат. Андан сырткары балдары мектептеги ар кандай иш-чараларда 50-100 сомдон акча сурашат экен. Ал ата-энелер комитетинин өкүлү катары окуучулардан жыйналган акча кайда жумшаларын билгиси келерин айтты:

Жийдегүл Кожошева.
Жийдегүл Кожошева.

«Адилетсиздик болуп жатат. Отчетту кагаз менен берип коюшат. Эми отчет дегенде алуу-сатуу келишимдери сыяктуу кагаздары болушу керек да. Аларды бизге көрсөтүшпөйт. Ата-энелер комитетинин мүчөсү катары мектептеги жалпы жыйынга барам. Анда слайд менен отчетту шумдук кылып көрсөтүп коюшат. Өткөндө «жарым жылда эки миллион сом чогулду» деп отчет беришти. Жарым жылда 10 млн. сомго жакын акча чогулат. Анын отчету кайда?»

Чынара Алиеванын бул мектепте эки баласы окуйт экен. Ал да мектеп жетекчилигинен чогултулган акчанын эсебин талап кылып келаткан ата-энелердин бири. Алиева окуучулардын билим алышына шарт түзүш үчүн жыйналган каражатты мектептин жетекчилиги кымырып алууда деп шек санап жатканын билдирди:

Чынара Алиева.
Чынара Алиева.

«Окуучулар ай сайын 500 сомдон акча төгөт. Анын ичинде кароолчуга, анан тазалыкты сактаган кызматкерлерге бөлүнгөн акча бар. Учурда алты кароолчу иштейт экен, алардын айлыгы сегиз миң сом. Биз болсо кароолчулар үчүн айына 148 миң сом чогултуп беребиз. Тазалыкты караган кызматкерлерге деле ошондой акча чогултулат. Бирок мектептин тазалыгы ага жооп бербейт. Мектепте 4500 окуучу бар, директордун айтымында 1000 окуучу акча төлөбөйт экен. Ошондо 3500 миң окуучу айына бир жарым миллион сом чогултат. Эмне себептен миллиондорду төлөп жаткан мектепте шарт жакшы эмес? Биз жыйынтык көрө элекпиз. 2-3 жыл мурун мектеп сыртына пенопласт чапталган, ал арзан эле болчу».

Чынара Алиеванын айтымында, беш жүздөн ашык окуучунун ата-энеси гана мектеп жетекчилигине нааразылыгын ачык айтып чыгууда. Көпчүлүгү балдарына залакасы тийип калбасын деп унчугушпайт. Эми нааразы болгон ата-энелер жогорку жактарга кайрылганы турушат. Бирок алар Билим берүү министрлигине ишенбей жатышканын да белгилешти.

Анткен менен мектеп директору Диляра Абдуллаева ата-энелердин дооматын четке кагып, «бул нааразылыкты мени кызматтан алууга кызыккан тараптар уюштуруп жатышат» деди. Анын айтымында, мектепти өнүктүрүүгө, ар кандай керектөөлөргө кенже класстардын окуучулары 200, жогорку класстардыкы 500 сомдон төгүшөт. Ошентип, окуучулардан жылына сегиз миллион сом жыйналат.

«Ата-энелерде пайда болгон суроолорго, алардын кайрылууларына расмий жооп берилген. Билим берүү министрлиги жана тийиштүү органдар текшерүү жүргүзүштү. Алардын маалыматына ылайык мыйзам бузуу табылган жок. Алар муну менен макул болгусу келбей жатышат. Кызыкчылыгы бар тараптардын орун талашуусу болуп жатат. Мен ашыкча сөз айткым келбейт, анткени алар айткан фактылар далилденген жок. Болгону жеке кызыкчылыктар бар».

Буга чейин аталган мектептеги бул маселе боюнча Билим берүү министрлигинин өкүлү, айылдык кеңештин депутаттары катышкан жыйын да өткөн экен. Учурда Билим берүү министрлиги талкууга түшкөн мектеп төлөмдөрү боюнча маалымат бере элек.

Дегеле Кыргызстанда мектептин ар кандай керектөөсү үчүн окуучулардан акча жыйноо боюнча нааразылык басылбай жатат. Муну эксперттер өлкөдө билим берүү системасы эскирип, реформага муктаж болуп жатканы менен түшүндүрүшөт. Билим берүү жаатындагы адис Кеңешбек Сайназаров маселе боюнча өз оюн ортого салды:

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

«Совет мезгилинен бери «билим берүү бекер» деп айтып келебиз. Министрликте отургандар коркуп, башын кумга тыгып алып отурушат. Алар айтыш керек, «өкмөт берген акча буга жетет, калганын ата-энелерден сурайлы» деп. Азыр мыйзам жок болгондуктан ачыктык жок. Мындай учурда ар кандай негизсиз акча жыйнамай токтобойт».

Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде окутуу акысыз. Бирок акча жыйноо маселеси ата-энелер комитети же ар кандай фонддор аркылуу ишке ашырылат. Анда мүчөлүк акы мектептин рейтингине жараша 500 сомдон 5 миң сомго чейин жетет. Мындан сырткары мектептеги ар түрдүү маданий, коомдук иш-чараларга эсеп-дүмүрчөк берилбеген акча чогултуу да көп кездешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG