Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:51

Мектеп жыйганын, министр тыйганын коё элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын билим берүү жана илим министри мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарды.

Билим берүү мекемелеринин каражатка болгон муктаждыгы эми кандай чечилет? Өкмөт каржылоону көбөйтүшү керекпи же акча чогултуунун мыйзамдуу жолун табышы керекпи? Дегеле мектептерди каржылоонун башка булактары барбы? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинин мектептерде билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев, коомдук ишмер Догдургүл Кендирбаева жана ата-энелердин өкүлү Болот Таштанов катышты.

«Азаттык»: - Марат мырза, билим берүү министри Каныбек Исаков мектептердин жетекчилерине, администрациясына ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарды. Бул документ мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат? Кандай механизмдери менен таасирдүү болот деп ойлойсуз?

Марат Үсөналиев.
Марат Үсөналиев.

Марат Үсөналиев: - Буйрук 1-октябрда чыкты. Ага ылайык класстагы акча чогултууга мугалимдер эч кийлигишпесин деп жатабыз. Эч кимге басым жасап, мажбурлоо болбосун деген талап бар. Ал эми ата-эне өзүнүн баласы үчүн мектепке жардам береби-бербейби - өзү билсин. Алардын ишине эч бир мугалим, директор кийлигишүүсүнө тыюу салынып жатат. Эгер кийлигишкендер, аралашкандар болсо - анда жумуштан бошотулат. Министрлик өзүнүн ыйгарым укуктарынын негизинде ушул буйрук чыгарды.

«Азаттык»: - Кыргызстанда миңдеген мектептер бар. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө механизми кандай болот?

Марат Үсөналиев: - Албетте, жалгыз министрлик мектептердин баарын көзөмөлдөй албайт. Биздин министр көзөмөлдөө тууралуу талабын кечээ өткөн кеңешмеде бардык райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына катуу койду. Буйруктагы жоболор боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да аларга жүктөлүүдө.

«Азаттык»: - Догдургүл айым, министрдин бул буйругу канчалык деңгээлде мектептердеги каржылык баш аламандыкты жөнгө салат, мектеп жетекчилеринин коррупциялык көрүнүштөрүн токтотот десек болот?

Догдургүл Кендирбаева.
Догдургүл Кендирбаева.

Догдургүл Кендирбаева: - Бул чара токтото албайт. Маселени чечүүнүн компромисстик варианты сунуш кылынышы керек болчу. Мындай аракеттер буга чейин да болгон, мындан ары да болот. 1996-жылы «айылдык мектептерде 100 сомдон, шаардык мектептерде 160 сомдон кошумча каржы чогултса болот» деген чечим чыгып, 2006-жылга чейин иштеп келген. Анда мектеп үчүн эң оор мезгил болчу. Мектептерде китептерди ижарага берүү принциби да иштеп келген. Ошолор менен мектеп эптеп өзүнүн жанын багып келаткан. Кийин ошол чечимдердин баары популисттик ойлор менен жокко чыгарылып калды. Кандай болгон күндө да биздеги бюджеттик тартыштыкты моюнга алышыбыз керек. Бул маселе Бишкек жана Ош шаарларында курч, анткени ички миграция күчтүү. Министрдин буйругун аткаруу жана көзөмөлдөө механизми иштелип чыга элек. Айылдык мугалимдерге караганда шаардык мугалимдерди социалдык колдоо начар. Шаардыктардын жери жок, сүт, жер-жемиш, картөшө, башка азык-түлүк өндүрө албайт, баарын сатып алат. Күндө акча керек болот, социалдык жеңилдик деген жок. Ошондой абалдагы мугалимдерге кошумча эмгек акы же башка колдоо ата-энелер тарабынан болуп келатат. Эгер ал кыскарып кала турган болсо мугалимдер мектептен кете башташат. Ошондуктан бул маселенин мыйзамдуу жолун таап чечиш керек. «Саясий системабыз - парламенттик демократия, экономикабыз соода-сатык» деп келатабыз. Бирок билим берүү системабыз консервативдик боюнча калууда, биз тандоого мүмкүнчүлүк түзбөй жатабыз. Буйрук чыккандан кийин мектептерде акча жыйналбай калат деген кепилдик жок. Мектептерде ак ниети менен так иштеген директорлор көп, ошол эле учурда акчага азгырылган директорлор да бар. Эч кимге отчет бербеген жетекчилер да чыгат. Өкмөт бир жылда бир окуучуга бериле турган 168 сомду бере албай жатат. Бир эле Бишкек шаарына 300 миллион сом жетпей калат. Башкача айтканда керектөө боюнча 300 сом зарыл болсо, мамлекет анын 100 сомун эле берүүдө, калган 200 сомду ким төлөш керек?

«Азаттык»: - Болот мырза, министрдин буйругу аткарылып, ата-энелерден акча чогултууну токтотсо мектептин каржылык муктаждыгы кантип чечилет деп ойлойсуз?

Болот Таштанов.
Болот Таштанов.

Болот Таштанов: - Мисалы, Бишкекте 600 орундуу мектепте 3 миң бала окуп жатат. Ошончо бала бир күндө дааратканага кирип чыкканда кран 5 эсе көп буралат, сырттан 5 эсе көп топурак алып кирет. Ушундай шартта мектепти тазалап-жуугандарга өкмөт 2,5 миң айлык төлөйт. Ата-энелер фондунан кошумча акча берилбесе ага ким иштейт? Учурда мектептерде коопсуздук чараларына мамлекет акча бере албайт. Ата-энелер камераларды койдуруп берип, абал бир топ оңолуп, уурулук, тартипсиздик токтоп калды. Айталы, мектептин жылытуу системасынын бузулган жерин оңдош үчүн мыйзам боюнча тендер жарыяланышы керек. Тендер бир айдын ичинде өтүп, чечилгенче ошончо күн суу агып жата бериши керекпи? Ата-энелер фонду аны да бүтөп, оңдоп жатат. Ата-энелер чогулган, жумшалган акча жөнүндө маалымат жок болгондо, отчет берилбегенде гана нааразы болушат. Ата-эне сапаттуу билим үчүн баласынан акча аябайт. Кыскасы, ата-энелер фонду, алардын кошумча каржылык колдоосу жок, бүгүнкү мектеп толук жашай албайт.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (25)

XS
SM
MD
LG