Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Ызы-чуусу токтобогон мектеп фонду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектептин ар кандай керектөөсү үчүн окуучулардан акча жыйноо боюнча нааразылык басылбай келет. Өткөн аптада дайындалган билим берүү жана илим министри ишин ушул маселени чечүүдөн баштоого парламентте убада берди.

Бишкек шаарынын тургуну Анара Абылгазиева айына эки баласы үчүн мектептеги фондго 7 200 сом төлөйт. Анын кичүү баласы мектепке даярдык курсуна барат. Балдардын кийим-кече, окуу куралдары менен кошо мектеп төлөмдөрүн төлөө алардын үй-бүлөсү үчүн оор эле болуп каларын айтат:

«Ар бир балама 3600 сомдон төлөйм. Кичүүсүнө бербейбиз. Эми бериш керек да, сурап жатса кантип бербей коёбуз? Шартка жараша акча тапкан убакта бөлүп беребиз. Оор эле болуп калат, балдардын билимине жумшайбыз да эми».

Мектеп төлөмдөрүн адатта ата-энелер балдарынан берип жиберишет. 7-класстын окуучусу Алексей да мектеп фондуна ай сайын 2000 сомдон алып барарын, ал кайда жумшаларын айтып берди:

«Эгер өз убагында алып келбесем, мугалим урушпайт деле. Болгону «анда акчаны эртең алып кел» деп коёт. Айына 2 миң сом алып келем. Ал кароолчуга, пол жууган эжеге жана башка нерселерге жумшалат. Агам, эжем да ушул мектепте окушат».

Соңку жылдары Кыргызстанда мектептин ар кандай керектөөсүнө деп окуучулардан жыйналган акча боюнча нааразылык басылбай келатат. 13-сентябрда Чүйдүн Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында элүүдөн ашык ата-эне мектептеги фондго акча чогултууга нааразы болуп митингге чыккан. Быйыл апрель айында ушул эле райондун Новопавловка айылынын тургундары митингге чыгып, мектеп фондуна чогултулган акчанын эсебин талап кылышкан. Алар Жогорку Кеңештин алдына чейин келип, соңунда мектептин директору алмашкан.

Коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов жогорудагы окуялар өкмөттүн билим берүү тармагын каржылоого алы жетпей жатканынын ачык мисалы экенин белгилеп, мектептердеги «ыктыярдуу фондду» акча жасоонун эле жасалма жолу деп атады:

«Компьютер же сынып калган партага акча керек» десе, ал баласына кантип бербей коёт? Адегенде мугалимдин айлыгы көтөрүлүп, ага жетиш керек. Ошондо акча чогулбай калат. Негизи өкмөт бюджеттин 30 пайызын билим берүү тармагына жумшайт. Бирок ал акча жетишсиз болуп жатпайбы. Ошондуктан акча чогултулат. Бул абдан чиеленишкен система. Аны чечүүнүн жолу - мугалимдердин айлыгын жогорулатуу».

Өткөн аптада парламентте билим берүү министрин дайындоо учурунда да бул маселе көтөрүлүп, жаңы дайындалган министр Каныбек Исаков ишин билим берүү мекемелеринде каражат топтоону жоюп, сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу менен баштоого убада берген:

Каныбек Исаков.
Каныбек Исаков.

«Мамлекет мектептерди толук камсыздоого жөндөмдүү болгондо фонддорду жойсо болот. Азыр ата-энелерде фонддун ишиндеги бүдөмүк аракеттер тууралуу нааразы болуп жатышат. Ачык-айкындыкты камсыз кылыш керек. Ар бир ата-эне баласына төлөгөн акчанын эсеп-кысабын так билиши керек. Ошондой механизм иштеп чыгышыбыз зарыл».

Расмий маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстанда мектептер үчүн бюджеттен 16 миллиард сом бөлүнүп жатат. Ал каражат окуу куралдарына, айлык акы, ремонт жана башка иштерге сарпталат. Ал эми Бишкек мэриясынын маалыматына караганда Бишкек шаарындагы мектептер менен бала бакчалардын болжол менен 43 пайызы ата-энелерден каржылык колдоо алат.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде окутуу акысыз. Бирок акча жыйноо маселеси ата-энелер комитети же ар кандай фонддор аркылуу ишке ашырылат. Анда мүчөлүк акы мектептин рейтингине жараша 500 сомдон 5 миң сомго чейин жетет. Мындан сырткары мектептеги ар түрдүү маданий, коомдук иш-чараларга эсептик дүмүрчөк берилбеген акча чогултуу да көп кездешет.

Республика боюнча 2 262 мектеп бар. Аларда окуп жаткан балдар 1 миллион 300 миңдин тегерегинде.

Сурамжылоо: Мектепке канча төлөйсүз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG