Линктер

жума, 26-апрель, 2019 Бишкек убактысы 00:32

Мугалимдин мээнетин актабаган маяна


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын сентябрынан тартып мугалимдердин айлыгы көтөрүлө турганын айтты.

Кыргызстанда сапаттуу билим берүү үчүн мугалимге канча айлык жетиштүү болот? Татыктуу эмгек акынын билим берүүгө таасири кандай? Буга чейин мугалимдердин айлыгы канча жолу көтөрүлдү?

"Арай көз чарай" талкуусуна билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев жана Кант шаарындагы №3 мектептин мугалими Зулмира Хожомамбетова катышты.

"Азаттык": Надира айым, айлыкты көтөрүү канчалык реалдуу?

Надира Жусупбекова.
Надира Жусупбекова.

Надира Жусупбекова: Президент жана премьер-министрдин тапшырмасы боюнча министрликте бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топко биздин министрликтин адистери, педагогдор, практиктер же башка билим берүү жаатындагы эксперттер гана кирген жок. Башка мамлекеттик орган жана ведомстволордон да мүчөлөр киришти. Себеби каражаттын баары ар тараптуу эсептелип, бир жактуу эле көз караш болбосун дедик.

Айлыкты көтөрүү боюнча бир нече сунушту киргизип, Финансы министрлигинде талкуулар болду. Бирок алыскы аймактардагы практик мугалимдер менен мектеп директорлорун чакырган жокпуз. Адегенде Бишкек, Чүйдөгү мектеп мугалимдери менен директорлорун чакырып, айлыкты көтөрүүнүн тартибин талкууладык.

Бул жолугушууда бир топ сунуштар айтылды. Алардын арасынан бизде "дем берүүчү фонд" деген бар, ушул жакшы иштебей жатканы, андагы акчанын аздыгы айтылды. Мугалимдерге бөлүштүрө келгенде да аз сумма чыгып, алар кызыкпай калышкан.

2011-жылы мугалимдерге айлык төлөө системасы өзгөргөн. Ошондо коюлган идеялар турганы менен "Дем берүүчү фонд" берген кошумча акча 10 пайызга чейин жетип эле токтоп калган. Ишинин натыйжасы жакшы, кесипкөйлүккө умтулган, жыл сайын, чейрек сайын балдарды жакшы окуткан мугалим эмнеге аталган фонддон кошумча айлык албашы керек деп нааразы болушкан.

Бул сынды түшүнүү менен кабыл алып, болгону эсептөөнүн критерийлерин сурашты. Мисалы, мугалимди кантип баалайт? Баалоо критерийин өйдө жактан эле бирөөлөр чечип койбой, бардык аймактарга жарай турган, чыныгы иштей турган мугалимдин ишин баалоочу системаны түзөлү дедик. Азырынча бул баалоо системасына Бишкек шаары, Чүй облусу жана Таласта кичине кирди. Бул эмгекти баалаган система алдыдагы апрель, май, июнь, июль айларында жер-жерлерде толук ишке ашмакчы.

"Азаттык": Каныбек мырза, кандайдыр бир саясий өзгөрүү же толкундоонун алдында эле эл башчылары догдурлар менен мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт деп убада беришет. 2018-жылдын этегинде эле Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү "бюджетте акча жок, айлык көтөрүлбөйт" деп айтты эле. Эми президент башканы айтып жатат. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

Каныбек Осмоналиев: Назира айымдын сөзүнөн кийин кайрадан эле пессимисттик абалда калдым. Себеби бул жерде эч кандай саясат деле жок. Президент 1-сентябрда жаңы окуу жылына жаңы айлык менен киресиңер деди.

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

Ал эми министрдин орун басары азыр бул маселени дагы деле иликтеп жатышканын, Чүй, Бишкек анан Таластын бир бөлүгү эле изилденгенин айтып отурат. Июндан кийин мугалимдер эс алганы кетишет да. Анда эмнени карашат? Ар бир саясий оюндун алдында эле ушул сценарий кайталанат.

Жалпыга маалым, мугалимдин айлыгы акыркы жолу 2011-жылы жана 2015-жылы көтөрүлгөн. Эки жолкусунда тең ыйлап, бакырып, өкүрүп жатып Осмоналиев көтөрткөн. 2011-жылы биз айлыкты 2,5 эсе көтөрсөк, Надира айымга окшогон Финансы министрлигиндеги чиновниктер өкмөттөн коркуп жатышып, кошумча акчанын баарын алып коюшкан. Ошондон бери эч ким колун кыймылдата элек.

2015-жылы шайлоонун алдында бир көтөрүлдү. Эми 2019-жылы эмне себептен улам айлык маселеси көтөрүлүп жатканын түшүнүп эле турам.

Бул жерден система тууралуу айткым келет. Орусияда акыркы беш жылда мугалимдердин айлыгы 9 эсе көтөрүлүптүр. Себеби булар системалуу иштеп жатышат. Мурун Осмоналиев иштеп кетти эле, эми Кудайбергенова, эртең дагы бирөө келет деп аларды укпайт. Ушунун баары саясий бийликке кедергесин тийгизип жатат. Орто жолдо мугалимдер жабыркап жатышат.

Сиздин жаныңызда отурган мугалим сиздин көзүңүзчө айлык тууралуу ачык айта албайт да. Мугалимдин айлыгын кеминде 2,5 эсе көтөрүүгө кошумча алган сааттарына да акча кошуп бериш керекпи? Ушул жөнүндө айта аласызбы?


Надира Жусупбекова: Албетте, Финансы министрлигине сунуштар берилди. Мугалимдерге жакшы шарттарды түзө турган сунуштарды карап чыгыңыздар деп, өкмөттүн аппаратына да бердик. Негизи өкмөттө бул маселе боюнча үч жолу талкуу болду. Алар жаңы окуу жылына чейин бардык эсеп-кысап иштеринин жоопкерчилигин алабыз деп айтып жатышат. Биз айлыкты эсептөө системасы ушундай гана болсун деп таңуулап коё албайбыз. Биз эми мугалимдер, эксперттер менен талкуулап, анан жаңы окуу жылына чейин даярдап коюшубуз керек.

25-30 миң сом жетмек...

"Азаттык": Кыргызстандагы мугалим канча айлык алса, жашоосуна кенен жетет, Зулмира айым?

Зулмира Хожомамбетова: Менин балдарым кичинекей, аларды жалгыз багам. Ошон үчүн айлыгым 25-30 миң болсо мага жетмек. Азыр мен аптасына 30 саат, 15 пайыздык кошумча менен 12 миң сом алам. Негизи эле мугалим мамлекеттеги чоң күч. Президент кечээ айлык акы сентябрдан баштап көтөрүлөт дегенде биз, мугалимдер арасында да катуу талкууладык.

Зулмира Хожомамбетова.
Зулмира Хожомамбетова.

Азыр булар шайлоо алдында маяна маселесин көтөрүп жатышат, шайлоо бүткөндөн кийин бизди унутуп коюшат дешти. Эми министрдин орун басары да айтып жатпайбы, "дем берүүчү фондду" 20 пайызга көтөрөбүз деп. Бирок мен финансы министрине, Жогорку Кеңшке барып: "Эмнеге силер мыйзамдарда 20 пайыздык кошумча деп жазып, бирок иш жүзүндө 10 пайыз бойдон калтырдыңар?", - деп сурагам. Ошондо мага баары мыскылдагандай мамиле жасашып: "Акча жок", - деп отуруп беришкен.

Эми ушул дем берүүчү жагын кайра карайбыз деп жатышат. Мен мектепте 28 жылдан бериш иштейм. Мугалимдер ушундай системага эч качан ыраазы болбойт. Бул моралдык жана психологиялык жактан мугалимдерди, жамаатты аябай бөлүп-жарган система. Мугалимдерди туңгуюкка алып барат. Айлыкты алгандан кийин бири-бирине болгон көз карашы өзгөрөт.

Айлык көтөрүлсүн деп өкмөт тапшырма бергенден кийин Кант шаарындагы райондук билим берүү башкармалыгына Эсеп палатасынан барышып, бир жылда бир текшерип жатышат. Алар келип алышып, "кошумча сабак өтүп жаткан мугалимдердин саатына төлөнбөйт, дем берүүчү деген нерсенин бизге кереги жок, ага да берилбейт" деп коюшат. Кээ бир мугалимдер 36-40 саат менен иштейт.

Жан дилин берген мугалимдер бар. Эртең мененки саат сегизден кечки төрткө чейин тынбай, түштөнбөй иштейбиз. Бул жашыруун эмес. Кээ бири 40 сааттан ашык да иштейт. Танапис көп болсо 40 мүнөт. Ал учурда дептер текшере калалы дейбиз. Мына ошол 36-40 саат иштеген мугалимден кандай билим сапатын талап кылса болот? Мисалы, мен кечке жанталашып иштейм, балдарымды олимпиадага көрсөтөм, кошумча сабак өтөм, ата-энелер менен иштейбиз. Ал эми кээ бири 15 эле саат иштеп, анан дем берүүчү акчаны баарына тегиз берсе, аны да алса, мени менен бирдей эле айлык алып жатпайбы? Эмнеси адилеттик?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Мугалимге канча айлык жетет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:42 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG