Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Өкмөт жигердүү мугалимдерге карыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын мугалимдери кызматтык сапарларына жумшаган акчасы өз убагында төлөнүп берилбей жатканын айтып чыгышты.

Адистер жакынкы үч жылдан бери педагогдордун квалификациясын жогорулатууга барыш үчүн короткон жол чыгымдары толук берилбей жатканын айтышты. Финансы министрлиги республика боюнча мугалимдердин жол чыгымдары үчүн 51 млн. сом карызды жакын арада берүүнү караштырып жатканын билдирди.

Үрбүкан Жапаркулова - Аксы районундагы №46 Асанбек Жаныбеков атындагы мектептин мугалими. Былтыр педагог тажрыйба арттыруу максатында Жалал-Абад шаарында өткөн окуу курсуна өз эсебинен катышып, ошол учурдан тартып кызматтык сапарынын чыгым акчасын ала албай келатат. Буга чейин кесиптик лицейлерде эмгектенген педагог мектепте мындай жагдайга алгачкы жолу кабылганын белгиледи:

«Мектепке райондук билим берүү бөлүмүнөн буйрук келер замат директорлор мугалимдерди дароо жөнөтүшөт. Ал учурда ар бир педагог өз эсебинен жолго чыгып, окуудан өтүп келет. Мен былтыр Жалал-Абад шаарына 10 күнгө окууга барып келген жол чыгымдарымды ушул кезге чейин ала албай жатам. Райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепканасынан сурасам, «2016-2017-жылдагы жол чыгымдары төлөнүп бүткөн соң гана 2018-жылдын чыгымдары берилет» деген жоопту уктум. Быйыл эски карыздарды берсе, бизге кезек 2021-жылдары келип калат окшойт. Мен анда эс алууга чыгып кетсем, ал акчаны кантип алам? Ошентип 12 миң сомдук кызматтык сапарымдын чыгымдарын былтыртан бери күтүп жатам».

Жапаркулова сыяктуу командировкалык чыгымдарынын акчасын жылдап күткөн мугалимдер четтен табылат. Аксы району боюнча учурда мамлекет жалпы мугалимдердин чыгымдарына 1,4 млн. сомдон ашык карыз. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси Нуржамал Көлсариева бул каражат үч жылдан бери төлөнбөй келе жатканын айтты:

«Учурда биздин мугалимдерге сапар чыгымдарына болгон жалпы карызыбыз 1 млн. 400 миң сомдон ашык. Бул эски жылдардан бери чогулуп келе жаткан карыз. 2016-жылы каржылоо толук болгон эмес, бирок ага карабай мугалимдер билим деңгээлин жогорулатуу курстарына өз каражатынын эсебинен барышкан. Мисалы, 2016-жылы райондогу мугалимдердин кызматтык сапарларынын чыгымынын жалпы сметасы 975 миң сом деп бекитилип, бирок бизге 716 миң сомго гана которулган. 2017-жылы 931 миң каралса, андан 450 миң сом берилген. Былтыр болсо сметада бекитилген 816 миң сом каражаттын баарын алдык. Бирок 2018-жылы райондогу мугалимдер нормадан ашыкча, 1 млн. 86 миң сомду чыгымдашкан. Финансы министрлиги бекитилген суммадан ашкан сапар чыгымдарын төлөп бербейт».

Мугалимдерге кызматтык сапарларынын чыгымдары негизинен окуу курстарына катышуу, квалификациясын жогорулатуу үчүн гана каралып, атайын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн буйругунун негизинде төлөнөт.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облстук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Анарбай Бекматов 2018-жылы алынган маалыматка караганда облустагы жалпы мугалимдердин сапар чыгымдарына болгон аласасы 6 млн. сомго жакындаганын билдирди:

Анарбай Бекматов.
Анарбай Бекматов.

«Биз жыл сайын мугалимдердин төлөнбөй жаткан чыгымдарынын карыздары боюнча маалыматтарды алып турабыз. Былтыркы маалыматка караганда, 2015-жылы облустагы мугалимдерге төлөнүүчү карыз 107 миң сомдон ашык сумманы түздү. 2016-жыл үчүн 1 млн. 750 миң сом, 2017-жылы болсо 3 млн. 756 миң сомдук карыз болгон. Ал эми 2018-жылдагы карыздар канчалык төлөндү? Бул боюнча азыр облустук комитет тактоо жумуштарын жүргүзүп жатат. Бирок жалпы карыз адамды кубандырбайт. Облус боюнча биздин эсепте 5,6 млн. сом карыз болгон. Бирок жакынкы күндөрү 2015-2016-жылдар үчүн төлөнүп, калган жылдар калып кетип жатат. Профсоюз уюму бул багытта өкмөткө маселе коюп, иш алып барып жатат. Бул жерде мугалимдин укугу бир аз чектелип калууда».

Эмгек кодексине ылайык жана өкмөттүн токтомунун негизинде мектептердин, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлеринин өз билимин өркүндөтүү боюнча курстарга барып келгенине жумшалган чыгымдарын үч тараптуу келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төлөп бериши керек. Бирок өзүн өзү толук каржылай албаган айыл аймактары бул маселеде кыйналып келишет. Сузак районундагы №54 Кара-Чолок орто мектебинин директору Марапат Эшкулова буларга токтолду:

«Окуудан сырткары райондук жана облустук деңгээлдеги маданий жана башка иш-чараларга өз каражатыбыз менен барып келебиз. Мисалы, «Жыл мугалими» сыяктуу сынактарга катышууга өз аракетибиз менен барабыз. Алар үчүн мамлекеттен бир тыйын да каражаты каралбайт. Айрым учурда мектептин фондунан каражат бөлүнүп турат. Алыскы сапарларга айыл өкмөттөн каражат сурансак, алар да тартыштыктын айынан «акча жок» деп жооп беришет. Аргасыздан өзүң акча коротуп, жолго чыгууга туура келет».

Бул маселе өткөн айда Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаттарынын Жалал-Абадда өткөн көчмө жыйынында да көтөрүлүп, Чаткал жана Аксы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары мугалимдерге сапар чыгымдары бир топ жылдардан бери төлөнбөй келатканын айтышкан. Финансы министринин орун басары Алмаз Азимов аны мындайча түшүндүрдү:

Алмаз Азимов.
Алмаз Азимов.

«Быйыл республика боюнча жалпы мугалимдердин акчалай чыгымдарына 39 млн. сом каражат бөлүнүп жатат. Буга чейинки карыз 51 млн. сомду түзөт. Бул акыркы 2-3 жылда чогулган карыз. Чогулган карыз акча квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарга өз эсебинен барган мугалимдердин жол чыгымдары болуп жатат. Быйыл биз бекитилген суммадан ашыгын бере албайбыз. Качан гана 2019-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизип жаткан убакта сунуш кылышыбыз керек. Ар бир мекеменин жетекчиси өзүнө бекитилген каражатты бөлүштүрүп, ошол сумманы сарамжалдуу жумшаганга аракет кылышы керек. Учурда биз Билим берүү жана илим министрлигине «кошумча суммага документ бергиле» деп кайрылып жатабыз, ошол эле кезде министрлик өзү да башка каражаттарды издесе болмок».

2019-жыл үчүн мектептердин, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлеринин чыгымдары үчүн республикалык бюджеттен 39 млн. сом каралган. Кыргызстанда 80 миңге жакын мугалим эмгектенет.

Чыныгы мугалим
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:15:09 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG