Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:50

"Дүйшөндөрдү" түйшөлткөн чечим


Чатырда окуган балдар. Ак-Жар айылы, Кочкор району. 16-апрель, 2014-жыл.

Айылдаштарыбыздын көпчүлүгү күн алыс өтүп жаткан тойлордо акыйкатчынын шайлоосу акыйкат болгон-болбогонун, президентибиздин БУУнун жыйынында кыргызча сүйлөгөнүн, районубуздагы Агарт айылындагы мектептин ал-абалын катуу талкуулап жаткан кербези.

Бирок мындайда маалыматтардын чын-төгүнүн териштирип, иликтеп-жиликтеп берген, айылыбыздагы эң күчтүү серепчи катары сезилген, кыштагыбыздын "Дүйшөнү" аталган Ибрагим агай эмнегедир мааракелерде баштагыдай ачылып сүйлөбөй калды. Маанайы пас, кабагы бүркөө жүргөнүн угуп, байкап калган жайым бар.

Кечээ кокусунан ошол агай менен райборборго чогуу сапарга чыгып калдык. Албетте, мындай учурду кое берген болобу? Ал-жай сурашып, агайды акырын кепке тарттым.

- Э-ээ эмнесин айтасыңар? "Төрт саат сабак менен башыбызды оорутпа" деген таризде кыскартууга илингеним. Ага деле өкүнбөйм. Балким алардыкы туурадыр. Убагында туура чечим кабыл албаганым кабыргамды кайыштырат.

Биз жаңыдан окууну бүтүп, ишке шымалана киришкенден аз өтпөй "кайра куруу" кирип келди. Анан "өткөөл мезгилдин" бороону сокту. Ошол кезде акыйып айлык караган мугалимдер эмне деген күндөрдү баштан кечирбеди! Айлыкка деп чүпүрөк, чылым сунушту, арак беришти. Баарын алдык. Башка аргабыз жок эле. Анан мектепте окуучуларга "ичпегиле, сигарет чекпегиле" деп насаат айтканыбыз менен үйүбүздө уятты жыйыштырып, арагын да, тамекисин да саттык. Азыр ойлосом уялып кетем. Кээде кризистин кесептинен, айлык айлап берилбегенинен үйүбүздө кара казан апталап кайнабай турган күндөр өттү.

Кара нан, кара чай менен бала-чаканын жалооруп турган көзүн кароо биз үчүн канчалык кыйынга турбады дейсиң? Бирок жан дүйнөбүз мектепке байланган экен, баарына чыдадык. Сабыр кылдык.

Көпчүлүк кебек жалап, ак пакетти көтөрүп алып, тегирмендин каласын пайлаган учурларда да биз мектепти таштабадык. Канчалаган кесиптештерибиз соода-сатыкка аралашып, далайы миграцияга кетип калды.

Алардын туура кылганын эми гана аңдап-билип жатам. Биз, «апендилер», кетпей койгон экенбиз. Эмне үчүн, билесиңби? Себеби көзү базылдап, ансыз да үйүндөгү жетишсиздик желкесинен басып турган балдарды кыя албадык. Алардын келечегин, эртеңкисин ойлоп, башка жолго түшө албадык. «Үмүтсүз шайтан» дегендей мугалим калкы "маданияттуу кембагал" атка консок да, жолубуздан тайбадык. Себеби биздин жүрөк балдарга байланган экен.

Эмичи? Баары өтүп кетти. Эми мага окшогон фанат мугалимдер бүгүн керексиз шекилдүү. "Аз сабак менен жарытпайсыңар, анын үстүнө араңарда пенсионерлер да бар" деп кыскартуу өнөктүгүн башташты. Кыскарганда да элеттик мугалимдер кыскарып жатат. Чыгышта «Өткөн күндү унутпа, ал келечектин сабагы» деген кеп бар. Анын сыңарындай артыңа бир үңүлчү. Бүгүн кыскарууга дуушар болуп жаткан элет жеринен кимдер гана чыкпаган? Ошол Султан Ибраимов, Төрөбай Кулатов, Насирдин Исанов… Айта берсе тизме улана берет.

Койкоюп креслодо олтуруп алып Сингапурду, Малайзияны, Түштүк Кореяны оозанган министр айымдын жогорудагы «теориясынан» кийин анын өмүр таржымалына кызыгып көрдүм.

Көрсө министр айым болгону бир жыл эле мектепте иштептир. Бул болсо мектептин "М сын" да жакшы тааный элексиң деген кеп. Анан медициналык орто окуу жайында сабак бериптир. Атайын орто окуу жайы менен мектептин түзүк эле айырмасы бар. Эми ошол мектепти дурусураак тааныбаган министр күндөп-түндөп ак баракка көзүнүн майын агызып, балдардын ызылдап-тызылдаганына, жакшы-жаманына кайыл болуп, канча жылдан бери үч-төрт саат менен иштеген мугалимдин мээнетин текке кетирип жатат.

«Өзүнүн үстүнөн иштебейт» дейт. Балким тескерисинче болсочу? Ашыгып көп саат алып, анысына жетише албай, балдардын акысына кыянат кылгандан көрө аз, бирок саз сабак алып, аны жагымдуу да, жугумдуу да, анан таасирдүү өтүүгө тырышкан мугалимдер жок дейсиңби? Түшүнбөйм, мугалимдерди кыскартуудан башка мектепте проблема жокпу? Анын ордуна «Мугалимдер статусунун» негизинде аларга турак жай берүү же ал үчүн жер бөлүп берүү сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрбөйбү, министр деген.

Мына кечээ жакында өзүбүздүн эле райондогу Нарай орто мектебиндеги окуучунун чачын кырккан окуясы кандай резонанс жаратты! Ооба, мында мугалим күнөөлүү болуп чыкты. Бирок мугалим жыргаганынан ушул кадамга барды дейсиңби? Ал жерде баланын укугу корголду… Мугалимдикичи?

Ал байкуш 13 жылдан бери эки чакырым жерге жөө барып иштеп келет экен. Анын окуучуларынын арасынан көпчүлүгү жогорку окуу жайларында окушат. Бирок ошончо кылган мээнетине эч ким карабады. Бир жаңылыштык үчүн тийиштүү чарасын алды. Эгерде кокусунан райондон текшерүү барып, ошол баланын чачы өсүп тургандыгын көрүп калган окуя болсо деле ошол мугалим күнөөлүү болмок, «балдардын чачтары өссө да караган эмес экенсиң» деп. Азыр ушундай болуп калган.

Балдар сабактан тышкаркы мезгилде урушса, жыгылса, тыгылса деле, катуураак каткырып күлсө деле, кымбат телефон алып бербегенине таарынып өзүн өзү асып алса деле, түн жарымда атасынын сакасын сарптап компьютердик клубда отурса деле мугалим күнөөлүү болуп калган. Дегеним, министр айым ушундай жагдайларды эске алып мугалимдерди кадыр-баркын көтөрүү, укугун коргоо сыяктууларга баш оорутушу керек эле. Тилеккке каршы, жер-жерлерди кыдырып, салтанаттарда тасма кыркуудан бошобой жатат…

Дагы бир нерсеге түшүнбөйм. Кыскартуу, текшерүү сыяктуулар болсо эле мугалимдер бутага алынат. Эмне үчүн, мисалы, министриликтерде шагырап жүргөн жардамчылар, референттер же салыкчылар, болбосо бажычылар кыскарбайт? Алардын бирөөсүнүн эле айлыгы эки мугалимдин айлыгына тете эмеспи. «Бир жылдык түшүм алууну кааласаң буудай эк, он жылдык түшүм алууну кааласаң дарак тик, жүз жылдык түшүм алууну кааласан бала тарбияла» дейт кыргыз эзелтен. Бирок бүгүн биздики башкача болуп жатат. Мунун натыйжасы бүгүн эмес, кийин билинет, - деп кейип барды агай райборборго жеткиче. Ичимде Ибрагим агайдын айткан армандуу пикирлерин көпчүлүк кандай кабыл алаар экен деген ойлор менен алпурушуп, жолумду андан ары уладым.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG