Чыныгы мугалим
Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлыгы 30% көтөрүлө турганын билдирди. Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы төмөн экени маалым. Ошого карабай кесибин сүйгөн эл агартуучулар жок эмес. Окуяга байланыштуу 40 жылдан бери мугалимдик кесибин аркалап келген Жыпар Түкеева тууралуу март айында тарткан видеону кайра жарыялоону чечтик. Жыпар Түкеева эки жылдан бери Чаткал районунун борборунан 60 чакырым алыс жайгашкан Чакмак-Суу орто мектебине барып иштейт. Беш күн мектеп директорунун үйүндө жатып балдарга билим берет.
Чыгарылыштар
-
Июль 20, 2026АИ-95 бензиндин литри 100 сомдон ашты
-
Июль 14, 2026"Карындашым өз жанын кыйганына ишенбейбиз”
-
Июль 14, 2026Өзгөн: Кашка-Теректеги чыр бычакташууга чейин жетти