Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Башкыртстандык дарыгерлер Кыргызстанга жардамга келишти


Башкыртстандан келген дарыгерлер. 23.07.2020
Башкыртстандан келген дарыгерлер. 23.07.2020

Кыргызстанга орусиялык дарыгерлердин кезектеги тобу келди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 23-июлда “Манас” аэропортуна Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы келип конду.

Бул учак менен Бишкекке Башкыртстандан 50 медицина кызматкери жеткирилди. COVID-19га каршы күрөшүүдө алар беш топко бөлүнүп иштешет.

Медициналык делегациянын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистер бар. Буга чейин алар баары коронавирусту дарылоого катышканы, Кыргызстанда үч ай иштери айтылды.

Башкыртстандык дарыгерлер Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ооруканаларына бөлүштүрүлөт.

Буга чейин Кыргызстанга Орусиядан 20 медкызматкер келген.

Жазында коронавируска каршы иш тажрыйбасы менен Польшадан жана Кытайдан келген дарыгерлер бөлүшүп кетишкен.

Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 30 миңге чамалады, миңден ашуун адам көз жумду. (RK)

XS
SM
MD
LG