Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:47

NYT: Коронавирустан өлгөндөр боюнча Кыргызстан алдыда


Бишкек шаарындагы cтационардык жай
Бишкек шаарындагы cтационардык жай

Саламаттык сактоо министрлиги "коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты" деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Кыргызстанда 17-июлдан тарта COVID-19ду жана пневмонияны кошуп эсептей баштаганда ооругандардын жалпы саны 12 миңден дароо 23 миңге чыккан.

“The New York Times” басылмасы 22-июлда акыркы бир жуманын статистикасын алып, оорудан көз жумгандардын саны боюнча Кыргызстан биринчи орунга чыкканын жарыялаган.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус боюнча көрсөткүч кескин жогорулап кетишинин себебин санак усулунун өзгөрүшү, тактап айтканда 17-июлдан тарта COVID-19ду жана пневмонияны кошуп эсептей баштаганы менен түшүндүрүүдө.

Бул тууралуу министрдин орун басары Бакыт Жангазиев муну сандардын "жалган өсүшү" менен түшүндүрдү:

“Сандарда “жалган өсүш” болуп кетти. 17-июлдан бери күн сайын 1000 учур катталууда, бул кескин өсүш эмес. Статистика бириккендиктен 17-июлда автоматтык түрдө 10 995 учур кошулду. Ошондуктан эл аралык эсептегичтерде бир апта ичинде ооругандар жана каза болгондор боюнча көрсөткүчкө жаңы учурлар кошулду. Башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү да ушундай кадамга барганда статистикасы өскөн".

“The New York Times” басылмасынын 22-июлдагы маалыматы.
“The New York Times” басылмасынын 22-июлдагы маалыматы.

Министрлик Дүйнөлүк саламаттык уюмунун күн сайын жаңыланып туруучу Situation Report эсебинде Кыргызстан коронавирустан каза болгон жарандарынын саны боюнча 21-июлда 62-орунду ээлегенин, эгер калкынын ар бир миллионуна карата эсептегенде 30-орунда экенин кошумчалады.

17-июлга чейин Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны 12 498 деп көрсөтүлгөн. Ушул күндөн тарта өкмөт пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаганда март айынан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 23 783 адам деп жарыяланган.

Кыргызстанда ооругандардын жана каза тапкандардын санынын өсүп кеткени бир катар статистикалык маалыматтарда келтирилген.

АКШдагы “The New York Times” басылмасы 22-июлда акыркы бир жуманын статистикасын алып, коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча Кыргызстанды биринчи орунга чыгарган.

Басылманын маалыматына ылайык, 15-22-июль ичинде Кыргызстанда COVID-19 вирусу 17003 адамдан табылган. Бул көрсөткүч өлкөдөгү ар 100 миң адамдын 269у илдет жугузду дегенди түшүндүрөт.

Ошол эле маалыматта Кыргызстандын картасы кочкул кызыл түскө боюлуп, эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөрдүн катарына кошулган. Мындан тышкары басылмасынын эсептөөсү боюнча дүйнөлүк картада Кыргызстандандан тышкары АКШ, Бразилия, Түштүк Африка республикасы кочкул кызыл түс менен берилген. Борбор Азиядагы башка мамлекеттерде калктын жалпы санына салыштыра келгенде оору жугузгандар менен өлгөндөрдүн саны анчалык көп эмес.

“The New York Times” басылмасынын 22-июлдагы маалыматы.
“The New York Times” басылмасынын 22-июлдагы маалыматы.

Маселен, соңку бир аптада Казакстанда 210 киши, Тажикстанда бир, ал эми Өзбекстанда 27 адам көз жумган. Статистикада аталган өлкөлөрдө ар 100 миң адамдын бирөө каза болду деп көрсөтүлгөн.

Басылманын маалыматында ошондой эле оорудан көз жумгандар боюнча да Кыргызстан дүйнөлүк тизменин сап башында жүрөт. Тактап айтканда, бир аптада 951 адам каза болду деп көрсөткүч берилет. Бул республикадагы 100 миң адамдын 15 киши оорудан көз жумду дегенди түшүндүрөт.

Министрдин орун басары Бакыт Жангазиев "New York Times" жарыялаган маалыматтарды да карап чыкканын белгиледи.

"Саламаттык сактоо министрлиги да "New York Times" жарыялаган картаны изилдеп чыкты. Бул таблицада Кыргызстан 1-орунга соңку жети күндөгү маалыматты кошуп эсептегенде чыккан. Башкача айтканда, 16 807 учур дегенибиз - коронавирус жуккан адамдардын ар 100 миң кишиге карата көрсөткүчү 266 учур дегенди туюнтат. Туура маалымат алыш үчүн министрлик ошол эле сайтка бир жумадан кийин статистика жаңыланганда кирип карап көрүүнү сунуш кылат”.

Кыргызстанда 10-июлдан тартып өлкөдө күн сайын коронавирустан жана өпкөсү кагынып (пневмония) 40-50дөн ашык киши, ал эми 15-июлда 85, 17-июлда 83 адам каза болду. Бул сандардын өлкө калкынын санына катышын алсак, бир күндө өлгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө алдыга чыкканын жергиликтүү басылмалар да жазып чыгышкан.

Маселен, “Акипресс” маалымат агенттиги 17-июлда 6,5 миллион калкка 83 өлүм деген ар бир миллион кишиге 12,8 өлүм туура келет дегенди түшүндүрө турганын, бул дүйнөдөгү бир күндүк эң чоң көрсөткүч экенин белгилеген. Ошол эле күнү эң көп адам каза тапкан Бразилияда миллион кишиге алганда өлгөндөр Кыргызстандан эки эсе аз, 6,1 адамды түзө турганын жазган.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев сандарды салыштырып отурбай, көрсөткүчтү азайтуунун жолун издөөгө кеңеш берет.

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

“Өлүм көрсөткүчү боюнча дүйнөдө биринчи болдук же андай эмес деп тактоо маанилүү эмес. Тескерисинче, ошол жогорку көрсөткүчтү төмөндөтүүнүн айласын издөө керек. “Мындан кийинки абалды кантип жөнгө салуу керек жана өлүмдү кантип азайтабыз” деген суроонун айланасында иш жүргүзүү зарыл. Эл дары издеп жүрөт, медиктер жетишпей жатат, ооруканалардын абалы начар. Үч айдан кийинки абал кандай болот, буга азыр эч ким жооп бере албайт. Ошондуктан пандемияга байланыштуу чырмалышкан маселенин баарын жеңип, элди оорудан кантип куткаруу керектигин максат кылышыбыз керек”.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталганда эле бир катар эксперттер оору июль айында күч аларын, өлүм-житим көп болорун айтып келишкен. Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев кырдаал эми аймактарда курчуй турганын эскертет.

“Оору облустарга эми жайыла баштады. Жакынкы эки аптада өлүм аймактарда көп катталат. Азыр элдин көбү тоодо же айылдарда жүрүшөт. Ошондуктан аралык сакталып, оору жайылган жок. Күз келгенде элдин көбү жайлоодон түшөт. Көпчүлүк эл шаарга келет. Ошондо оору мындан да көбөйүшү мүмкүн. Ага жараша оорудан көз жумгандар да көп болот. Ошондуктан оорунун алдын алабыз десек, азыртан даяр болушубуз керек. Ал үчүн дары-дармекти камдап, башка ооруларыбыз болсо азыр дарыланып албасак, күзүндө күн сууктаганда вирус менен күрөшүү кыйын болуп калат”.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамира Ниязалиева өкмөт оорунун күздөгү толкунуна азыртадан кам көрүшү керек деп эсептейт.

“Коронавирус илдети Кыргызстанда жаңы башталган кезде көпчүлүк “бул оору жеңил эле турбайбы” дешип көңүл бурган эмес. Айрымдар “вирус жок” дешип тоготпой жүрүшкөн. Кырдаал курчуп, өлүм көбөйгөндө карапайым эл дагы бийлик дагы түшүндү. Өкмөт март айында жасай турган ишин азыр кылып жатат. Менимче, бул илдет күз айларында күч алат. Ошондуктан өкмөт жеңил конструкция менен ооруканаларды салышы керек. Башка кесиптеги врачтарды кыска мөөнөттөгү курстардан окутуп, вирус менен күрөшүүгө үйрөтүү керек. Ошону менен катар элге да түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк, оорунун жайылып кетүү коркунучунун алдын алабыз”.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери 23-июлга карата бул инфекция 30 326 адамга жукту, алардын 16 791и айыгып чыкты, 1 169у каза болду.

Ошол эле кезде ооруп айыгып, бирок тест тапшырбаган, ага ылайык расмий статистикага кирбеген бейтаптар миңдеп саналары да айтылып жатат.

Коронавирус коркунучу, акталбай калган кадам
please wait

No media source currently available

0:00 0:51:27 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG