Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Илдеттен көз жумгандар миңден ашты


Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде тартылган сүрөт.
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде тартылган сүрөт.

19-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны 26 532 адамга жетти.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 19-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп жана өпкөсү кагынып 70 адам каза болду.

Ушуну менен пандемиянын башынан бери бул илдеттерден каза тапкандардын жалпы саны 1003 адамга жетти.

Ал эми акыркы суткада коронавирустан жана пневмониядан 1162 адам сакайды. Жалпысынан март айынан бери 12 328 адам айыгып чыкты.

Бишкек шаарында – 495, Чүй облусунда – 188, Ош облусунда – 233, Талас облусунда – 31, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 34, Жалал-Абад облусунда – 84, Баткен облусунда – 25, Ош шаарында – 46 адам сакайып, 19-июлда ооруканадан чыкты.

Өкмөттүн кечиккен аракети

Премьер-министр Кубатбек Боронов 19-июлда медициналык мекемелерге борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин тез арада жүзөгө ашыруу зарыл экенин билдирди.

Өкмөттүн бул аракети соңку күндөрү өлкөдө коронавирустан каза тапкандар күнүнө 70-80 кишиден азайбай жаткан учурга туш келди.

Бирок буга чейин эле Кыргызстанда активисттер ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек системасын орнотуп баштап, анын саны учурда отузга чамалады. Бул тууралуу учурда ыктыярчылык милдетти аткарып жаткан ишкер Тилек Токтогазиев билдирди.

Токтогазиевдин айтымында, бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн ушул күнгө чейин кеминде 100 миң доллардай сарпталды. Чыгымды демөөрчүлөр, тактап айтканда жергиликтүү ишкерлер жана чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар көтөргөн.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

«Бул системаны ар бир ооруканага киргизүү чыгымы ар кандай болду. Бир орунга кычкылтек системасын коюу үчүн 100 доллардын тегерегинде каражат жумшалып жатат, - деди Тилек Токтогазиев. - Биз системаны орноткон жумушчулардын акысын төлөп беребиз. Алар «кызыл зонага» кирип иштешет. Ошондуктан алардын акысы да ошого жараша төлөнөт. Мындан сырткары кычкылтек киргизүү үчүн жез түтүктөрдү жана башка ушуга окшогон жабдууларды сатып алабыз. Мисалы, Ош шаарындагы ооруканага 120 орунга ылайыкташтырылгандыктан ага 12 миң доллар сарпталды. Каракол шаарындагы ооруканадагы 100 койкага койдук. Ал 10 миң доллар болду. Мындан сырткары Токмок, Кант, Балыкчы жана Нарын шаарларына, Бишкек шаарындагы «Семетей» госпиталына, Спорт ордосундагы обсервацияга, Сузак, Базар-Коргон, Кочкор райондоруна койдук».

Ыктыярчылар кычкылтек системасын дагы башка аймактардагы ооруканаларга коюуну пландап жатышат. Анткени ооруган адамдар дем ала албай, организминде кычкылтектин көлөмү кескин түшүп, өмүрү менен кош айтышкан учурлар көп катталууда.

Ооруканалар болсо кычкылтек концентраторлору менен жетиштүү камсыздалган эмес. Мындан улам электр менен иштеген, бир кишиге ылайыкташкан кычкылтек концентраторлорун издеген киши көп. Ооруканалар да оор абалда түшкөн бейтаптарга концентратор тартыш болгондуктан аны өздөрүнө сатып алууга сунуштап жатышат.

Жакынын жоготкондор ооруканада кычкылтек системасы болбогондуктан, оор абалда жаткандарга кычкылтек кеч кошулгандыктан дарыгерлер бейтаптын өмүрүн сактап калганга үлгүрбөй жатканын айтышууда.

19-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медициналык мекемелерге борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин тез арада жүзөгө ашыруу зарылдыгын билдирди. Бул тапшырма облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрүнө жүктөлдү.

«Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги борборлоштурулган кычкылтек киргизүү үчүн өлкөнүн булуң-бурчундагы ооруканаларга ревизия жүргүзүп, схемасын түзүшү керек. Ушундай эле иштерди Бишкек шаардык мэриясы да жүргүзүшү керек. Өзгөчө реанимациялык бөлүм ачылган медициналык мекемелерге тез арада кычкылтек киргизүү зарыл», - деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт ооруканаларга биргелешкен кычкылтек киргизүүнү Кыргызстанда коронавирус илдети катталганына туура төрт ай болгондон кийин жана COVID-19 илдети менен пневмониядан каза тапкандар күн сайын 70-80 кишиден азайбай жаткан соң гана баштап отурат.

Экинчиден, борборлоштурулган кычкылтек системасын орнотуу ыкчам жана натыйжалуу экендигин ишкер-ыктыярчылардын тажрыйбасы да көрсөткөндөй.

Медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова «оору менен күрөшүүдө батыл кадамдарга барган жок, убакыттан уттурду» деп өкмөттү сындады.

Бермет Барыктабасова.
Бермет Барыктабасова.

«Кыргызстанда коронавирус илдети жаңы катталганда өкмөт жолдорду жаап, блокпост койгондун ордуна ооруканаларды кычкылтек менен камсыз кылышы керек болчу. Муну оңой эле жасап коюшса болмок. Уюштуруу иштерин колго алышы керек эле, - деди Бермет Барыктабасова. - Коронавируска каршы күрөштө Ички иштер министрлигине 400 миллион сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 700 миллион сом, ал эми Саламаттык сактоо министрлигине 300 миллион сом бөлүп коюшкан. Мына ушунун натыйжасы азыр билинип жатат. Өкмөт борборлоштурулган кычкылтек киргизүүнү кеч ойлонду».

Кубатбек Боронов ооруканаларды жана стационарларды кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад облусундагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган.

Мындан тышкары заводдон өндүрүлгөн кычкылтекти ташууда коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруу жана аймактарга жеткирүү шарттары комплекстүү түрдө каралуу зарыл экени айтылды.

Өлкөдөгү ооруканаларда орун, дарыканаларда дары тартыштыгына элдин нааразылыгы күчөп жатат.

Жер-жерлерде демилге көтөргөн жарандар көбөйүп, кычкылтек концентраторуна жана дары-дармекке өз алдынча акча чогултушуп, өз айылындагы ооруканаларга медициналык жабдууларды алып бергендер көбөйдү.

Кыргызстан 17-июлдан тартып коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептөөгө өттү. Буга чейин өпкөсүнөн кагынгандар менен анализинен COVID-19 вирусу табылгандардын эсеби өз-өзүнчө кабарланып жаткан. Бул коомчулукта, анын ичинде дарыгерлердин арасында түшүнбөстүктөрдү жана нааразылыктарды жаратып келген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG