Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Бишкек пневмонияны коронавирус катары тааныды


Бишкектеги мектептин спортзалында жайгашкан күндүзгү стационардагы дарылоонун жүрүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мектептин спортзалында жайгашкан күндүзгү стационардагы дарылоонун жүрүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 17-июлдан тартып коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептөөгө өттү.

Натыйжада абал ачыгыраак көрүндү жана эки илдетке чалдыккандар тең эми акысыз дарылана турган болду.

Пневмонияны кошкондо өлкөдө COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 24 миңге чукулдады. Мурдараак адистер өпкө кагынын да коронавирус катары каттоону талап кылып келишкен.

Жалпы эсеп, акысыз дарылоо

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб расмий тастыкталган коронавирус диагнозу менен пневмониянын статистикасын алгачкы ирет бир санак кылды. Натыйжада, соңку суткада COVID-19ду 1 654 адам жуктуруп алганы, 83 бейтап каза болгону кабарланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова анализинен коронавирус табылгандар да, анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып жаткандар да эми COVID-19дун бирдиктүү статистикасына кирерин маалымдады.

«Оорулардын эл аралык классификациясына ылайык, лабораториялык негизде тастыкталган коронавирус U07.1 коду менен, ал эми лабораториялык тастыктоосуз, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония U07.2 коду менен кирди. Бул Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунда да белгиленди. Мындан ары статистика ушул эки код боюнча жүргүзүлүп турат», - деди ал.

Кыргызстанда өпкөсү кагынып (пневмония) ооруп жаткандар коронавирус деп тааныларын, 16-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн брифингде маалымдаган.

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

«COVID-19 менен ооруканадан тышкаркы пневмония боюнча Саламаттык сактоо министрлиги улуттук клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясын бекитти. Аны эксперттер тобу иштеп чыккан. Бул колдонмо бейтаптарды коронавирустан, анын ичинде пневмониядан стационардык жана амбулатордук шартта дарылоо алгоритминен турат», - деди Исмаилова.

Мунун алдыңкы күндөрү эле өпкөсүнөн кагынгандар менен анализинен COVID-19 вирусу табылгандардын эсеби өз-өзүнчө кабарланып, натыйжада, илдетке кабылгандар аз күн мурда эле 10-12 миң деп саналып жаткан. Бул коомчулукта, анын ичинде дарыгерлердин арасында түшүнбөстүктөрдү жана нааразылыктарды жаратып келген.

Эми жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери ооруга чалдыккандардын расмий саны 23 миң 783 адам деп эсептелди. Каза болгондордун жалпы саны 785ке жетти.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков 16-июлдагы онлайн брифингде өлкөдө пневмония менен ооругандар да COVID-19 илдетине кабылгандар сыяктуу акысыз дарылана турганын билдирди.

«Коронавирус инфекциясына тапшырган анализи терс чыгып жатканы менен саламаттык сактоо мекемелеринде пневмония көрсөтүчү күч алды. Ошонун негизинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн пневмония жана COVID-19 диагноз менен ооруган бейтаптарды акысыз дарылоо чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу күндүзгү стационарлар жана кошумча инфекциялык бөлүмдөр республика боюнча ачылууда. Пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн иштеп жаткан саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык бөлүмдөрдү ачуу максатында башка профилдер менен алмаштырылууда», - деди Калыков.

Деген менен Кыргызстанда учурда ооруп стационарга, ооруканага баргандардын көпчүлүгү дарыны өз акчасына алып жатышканын социалдык тармактардагы, Интернеттеги дары издеп жаткандардын кайрылууларынан көрүүгө болот.

Дарылоо ыкмасы аз-маз өзгөрөт

Буга чейин бир топ адистер өлкөдө өпкөсү кагынып ооруган, бирок анализинен коронавирус табылбаган бейтаптардын баарын COVID-19 катары дарылоо керектигин айтып чыгышкан.

«Илимий-консультациялык комитет» бирикмеси Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, коронавирус менен пневмонияны өз-өзүнчө эмес, чогуу кароого чакырган. Коронавирустун статистикасында кош стандартуулук болуп жатканы, дарылоонун ийгилиги диагноздун туура коюлушунан гана көз каранды экенин белгилеген.

Эми бирдиктүү статистика жүргүзүлө баштагандан кийин дарылоо протоколуна да аз-маз өзгөртүү киргизилмекчи.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек протоколун иштеп чыгуу кеңешинин эксперти Бактыгүл Камбаралиева «Азаттыкка» буларды билдирди.

Бактыгүл Камбаралиева.
Бактыгүл Камбаралиева.

«Мурда ооруканадан тышкаркы пневмония жөнөкөй пневмония сыяктуу катталчу жана ошол протокол менен дарыланчу. Эми клиникалык протоколду кайрадан жаңылап жатабыз. Диагнозду түшүндүрүү дегенге аны U07.2 коду менен киргизип, дарылоону короновирус оорусу сыяктуу эле дароо баштайбыз. Пневмония дегенде биз оордугуна жараша амоксициллин, азитромицин, цефтриаксон баштаган антибиотиктерди жазабыз. Коронавирустун өзүнүн жеңил түрүн дарылоо симптоматикалык негизде жүрөт. Жөтөл пайда болсо жөтөлгө каршы, температурасы көтөрүлүп кетсе парацетамол беребиз. Тромб пайда болсо антиагреганттык препараттарды – аспириндерди беребиз. Ал жанагындай 500 мг аспирин эмес, 100-150 граммдык Тромбо АСС же кардиомагнил деген атайын дарылар. Орто деңгээлде ооругандардын кээ бирлерине Шкала Caprini жана башка дарылар кетет. Эгерде абалы өтө оор болсо ооруканага жаткырылып, реанимациялык чаралар көрүлөт. Ал жакта оор дарылар жумшалат. Жалпы жонунан дарылоо протоколунда өтө көп өзгөрүү болбойт, бирок форматын өзгөртөбүз. Дарыгерлер бир карап эле түшүнүш үчүн кандай анализ жасаш керек, кайсы дарыларды кантип бериш керектиги тууралуу таблица да жасайбыз. Алгоритм түрүндө чыгарып беребиз».

Камбаралиева вируска каршы натыйжасы далилденбеген дарыларды пайдалануудан сак болуу керектигин айтты. Анын белгилешинче, учурда айрым бейтаптар колдонуп жаткан арбидол, ингавирин, эргоферон сыяктуу вируска каршы дары-дармектер коронавирустун клиникалык ооруларын дарылоо протоколуна киргизилген эмес. Буга аталган дарылардын натыйжалуулугу далилденбегендиги негиз болгон.

Сооронбай Жээнбековдун медициналык адистер менен жолугушуусу. 15-июль, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбековдун медициналык адистер менен жолугушуусу. 15-июль, 2019-жыл.

Бул боюнча ал президент Сооронбай Жээнбеков менен саламаттык сактоо тармагындагы адистердин 15-июлдагы жолугушуусунда да айтып, «бейтаптар бул дарыларга акчасын бекер коротуп жатышканын» билдирген.

Коомчулукта коронавируска кабылып бирок, катталбай калып жаткандар жөнүндө дагы өзүнчө көз караштар бар. Айрымдар реалдуу сан мындан алда канча көп экенин айтып жатышат. Кантсе да, пневмониянын коронавирус катары саналышы жалпы картинаны ачыгыраак көрсөткөндөй болду.

Арийне, атайын штабдын жана жалпы өкмөттүн коронавирус менен күрөшүү саясатына карата сын-пикирлер улам-улам күчөп жатат. Көпчүлүк пандемия башталган алгачкы айларда ооруканалар курулбаганын, натыйжада азыр бейтапканаларда орундар калбай калганын айыпташууда. Ошол эле кезде дары-дармектердин жетишсиздигине жана дарылоо иштери жетиштүү уюштурулбай жатканына да нааразылыктар көп.

Жарандык активист Азим Азимов жалпы даярдыктар, анын ичинде ыктыярчылардын жумушуна шарт түзүү жетиштүү болбогонун сынга алды.

«Албетте бул илдет бир четинен капилет болуп жатат. Бирок ал дүйнөгө бүгүн келген жок да. Кытайда жарым жыл мурда, Европада төрт ай мурда катталган. Бизде деле мартта аныкталып, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген. Бул күтүүсүз эмес да, мунун баарына эртерээк даярдансак болот эле. Чынын айтсам, азыр биздин мамлекет, өкмөт жүргүзүп жаткан саясатты, жоопкерчиликсиз мамилени көрүп, ыктыярчылардын эмгектерине, курмандыктарына биздин мамлекет татыктуубу деп өзүмө ачуу суроо берем», - деди ал.

17-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 миңден ашты. Соңку бир суткада коронавирустан эки дарыгер кайтыш болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эсебинде, кайтыш болгон медкызматкерлердин саны ушуну менен сегизге жетти. Бейрасмий эсеп боюнча, каза болгон ак халатчандардын саны жыйырмадан көп.​

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG