Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Адис: «Арбидол», «Ингавирин», «Эргоферон» дарылоо протоколуна киргизилген эмес


Бактыгүл Камбаралиева.
Бактыгүл Камбаралиева.

Саламаттык сактоо тармагындагы адистердин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда айткан айрым сунуштарын президенттин сайты жарыялоодо.

Анда дары-дармектерди пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева вируска каршы натыйжасы далилденбеген дарыларды пайдалануудан сак болуу керектигин айтты. Анын айтымында, учурда айрым бейтаптар колдонуп жаткан «Арбидол», «Ингавирин», «Эргоферон» сыяктуу вируска каршы дары-дармектер коронавирустун клиникалык ооруларын дарылоо протоколуна киргизилген эмес. Буга аталган дарылардын натыйжалуулугу далилденбегендиги негиз болгон.

“Бейтаптар акчаларын бекер коротушууда. Бирок ошол эле учурда натыйжасын көрбөй жатышат. Бул дагы бейтаптардын биздин клиникалык протоколдорго ишенбөөчүлүгүн пайда кылып, дарыгерлер начар дарылап жатышат деп айтууларынын бир себеби болушу мүмкүн”, - деген Камбаралиева жолугушууда.

Ал эми саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова бейтаптарга антибиотиктер көп сунушталып жаткандыктан, стационарга келип түшкөндө, аларга акыркы муундагы дарылар таасир этпей калып жатканын айтты. Аида Зурдинова баштапкы деңгээлде жана стационарларда дары-дармектерди башаламан эле пайдалана берүүнү токтотууну сунуштады.

15-июлда президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы адистер менен жолугуп, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды анализдөө боюнча өкмөткө жардам берүүгө чакырган.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады. Штабдын жаңыланган статистикасына караганда, 17-июлга карата бир суткада COVID-19 диагнозу 1 миң 654 адамга коюлду. Жалпысынан, коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул ооруга чалдыккандардын расмий саны 23 миң 783 болду. 785 бейтап каза болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG