Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Маркумду узаткандар эрежени этибар албай жатат


Санкт-Петербуг шаарынын чекесиндеги көрүстөн, 25-май 2020-жыл.
Санкт-Петербуг шаарынын чекесиндеги көрүстөн, 25-май 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирустан кайтыш болгондорду жерге берүүнүн жол-жоболору сакталбай жатканын байкоочулар баса белгилешүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму март айынын соңунда COVID-19 илдетинен көз жумгандарды акыркы сапарга узатуунун жол-жоболорун сунуштаган. Анда уюмдун адистери “коронавирус маркумдун сөөгүнөн башкаларга жугат” деп так кесе айтышпаса да, илдеттин алдын-алуу үчүн бир катар санитардык чараларды сактоого чакырышкан.

Маселен, маркумдун сөөгүн атайын коргоочу кийим кийген адам гана сууга алышы зарыл экени, жашы 60тан өткөндөр, же иммунитети начар адамдар сөөк менен түздөн-түз контакт болбошу зарыл экени белгиленген. Ошондой эле уюм COVID-19дан өлгөн адамдын сөөгүн кармоого же өпкөнгө болбой турганын, коштошуу зыйнатына болушунча аз адам катышууга тийиш экенин эскерткен.

“Cөөктү жерге берүүдөн башка бардык жөрөлгөлөр эпидемия бүткүчө болушунча кийинкиге калтырылышы керек. Эгер коштошуу зыйнаты өтсө да, катышуучулардын саны чектелүү болууга тийиш. Дайыма алардын ортосундагы аралык, жөтөлүп же чүчкүргөндөгү этикет жана колдун гигиенасы сакталышы зарыл”, - деп белгиленген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 24-марттагы билдирүүсүндө.

Уюмдун мындай сунушунан тышкары ар бир өлкө коронавирустан кайтыш болгондорду жерге берүүнүн өзүнчө эрежелерин иштеп чыкканы белгилүү. Айрым мамлекеттерде диний иш-чаралар вирустун жайылышына себепчи болгону үчүн тажияларга катаал чектөөлөр киргизилген. Алардын айрымдары тууралуу алдыда кененирээк баяндап берели.

Катаал эрежелер жана кремация

Коронавирус адеп башталган Кытайдын бийлиги февраль айынын башында эле илдеттин жайылышын алдын-алуу үчүн COVID-19дан каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө тыюу салган. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы коронавирустан өлгөндөрдү болушунча “тез арада жана жакынкы жерде” кремация кылууну тапшырган.

Кытайдын Ухан шаарында коронавирустан каза болгону айтылган бейтаптын сөөгүн аза күтүү кызматы алып кетип баратат, 1-февраль 2020-жыл.
Кытайдын Ухан шаарында коронавирустан каза болгону айтылган бейтаптын сөөгүн аза күтүү кызматы алып кетип баратат, 1-февраль 2020-жыл.

Эпидемиянын чыныгы масштабын “жаап-жашырды” деп Батыш өлкөлөрүндө сынга кабылган Кытайдын өкмөтү медициналык кызматкерлер ороп берген сөөктү өз алдынча сактоого же сөөк салынган баштыкты ачууга катуу тыюу салган.

Кытай сыяктуу Түштүк-Чыгыш Азиядагы Филиппин да COVID-19 илдетинен кайтыш болгондорду 12 саат ичинде кремация кылуу эрежесин киргизген. Калкынын басымдуу бөлүгүн христиандар түзгөн бул өлкөнүн мамлекеттик сайттары жазгандай, баш калаа Манилада коронавирустан өлгөндөрдү кремациялоо милдети аза кызматын көрсөткөн агенттиктерге жүктөлгөн.

“Биз абдан этият мамиле кылып жатабыз. Кээде үй-бүлө мүчөлөрү сөөк оролгон баштыкты ачкысы келишет. Бирок протоколго ылайык, биз ага уруксат бере албайбыз. Себеби вирусту жугузуп алуу коркунучу пайда болушу мүмкүн”, - деп билдирген эле Маниладагы крематорийлердин жетекчилеринин бири Ромео Элевасо.

Филиппин медиасы жазгандай, өлкөдө сөөктүн кремациясына байкоо салууга маркумдун жакын туугандарынан бирөөнө гана уруксат берилген. Ал эми калган тууган-туушкандары видео байланыш аркылуу гана күбө болушкан. Ошол эле учурда Филиппин бийлиги мусулмандарга COVID-19дан кайтыш болгон жакындарын жерге берүүгө макул болуп, бирок тажияны аз элдин катышуусунда 12 сааттын ичинде өткөрүү талабын койгон.

Жымжырт тажиялар

Илдет күч алып турган маалда Италияда маркум менен коштошуу зыйнаттарына чектөө киргизген. Андыктан католиктер басымдуулук кылган бул өлкөдөгү чиркөөлөрдө адаттагыдай табытты ачып коюп, маркум менен коштошууга мүмкүн болгон жок. Бийлик өлүкканадан оролуп, табытка салынган сөөктү ачууга тыюу салган.

Италиянын Бергамо аймагындагы коронавирустан кайтыш болгон аялдын сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 28-март 2020-жыл.
Италиянын Бергамо аймагындагы коронавирустан кайтыш болгон аялдын сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 28-март 2020-жыл.

Ошондой эле маркумду жерге берүү же кремация кылууга диний кызматкер менен кошо анын өтө жакын туугандары гана катышкан.

Италиянын медиасы жазгандай, COVID-19дан каза тапкан адамдын үй-бүлө мүчөлөрү кеминде эки жумалык карантинге алынгандыктан маркумду диний кызматкер гана акыркы сапарга узаткан учурлар да болгон. Ушундай эле эрежелер Европанын коронавирус көп жайылган Испания сыяктуу айрым өлкөлөрүндө кабыл алынган.

АКШнын бир топ штаттары да элди үйдө отурууга чакырып, ондон ашык адам чогулган жыйындарга, анын ичинде диний иш-чараларга тыюу салганы белгилүү. Өлкөнүн Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору тажияга маркумдун өтө жакын туугандары гана катышуусу керек экенин, алар аралыкты сакташы зарылдыгын эскерткен. Ошондой эле аталган борбор кол кысып же кучакташып көңүл айтуу болбой турганын, тажияга чогулгандар топтошуп тамак жебеши керек экенин баса белгилеген.

Бирок маркум менен коштошуу зыйнатына келгендердин саны чектен ашкан учурлар да болду. “Reuters” агенттиги кабарлагандай, апрель айынын соңунда Нью-Йоркто коронавирустан кайтыш болгон жергиликтүү жөөт диниятчысынын тажиясына жүздөгөн адам чогулган. Аларды полиция күч менен таратууга аргасыз болгон.

Жаназада жайылган вирус

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги март айындагы COVID-19га байланыштуу колдонмосунда коронавирустан өлгөндөрдү жабык табытта жерге берүүнү сунуштаган. Ошондой эле “Роспотребнадзор” коштошуу зыйнатына болушунча аз киши келиши керектигин, алардын ортосунда 1,5 -2 метрлик аралык сакталышы зарылдыгын эскерткен.

Москвадагы көрүстөндө коронавирустан көз жумган бейтапты жерге берүү учурунда тартылган сүрөт, 26-май 2020-жыл.
Москвадагы көрүстөндө коронавирустан көз жумган бейтапты жерге берүү учурунда тартылган сүрөт, 26-май 2020-жыл.

Эрежелерди көзөмөлдөө милдети жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Бирок орус басылмалары жазгандай, чоң шаарларда тартип салыштырмалуу сакталганы менен өзгөчө айыл жергесинде көз жаздымда калган.

Маселен, Snob.ru басылмасы жазгандай, Мордовия республикасында март айынын соңундагы жана апрелдин башындагы эки тажияда санитардык эрежелер сакталбаганы үчүн 50дөй адам коронавируска чалдыккан. Мындан тышкары Адигея республикасындагы Красногвардейск районунда бир айылдагы 500дөй киши катышкан тажиядан кийин 155 кишиден коронавирус табылган.

Аралык сакталган жаназа

Пандемия дүйнөнү каптагандан бери мусулман өлкөлөрү да маркумду жерге берүүнүн жол-жоболорун өзгөртүүгө, санитардык эрежедерди күчөтүүгө аргасыз болушту. Египет, Иордания, Түркия сыяктуу мусулмандар басымдуулук кылган бир топ мамлекеттерде муфтияттардан тарта расмий бийлик өкүлдөрүнө чейин өлүкканада кепинделип, атайын баштык же табытка салынып берилген сөөктөрдү кайра сууга албоо тапшырмасы берилген.

Түркиянын Стамбул шаарынын Көрүстөндөр башкармалыгынын жетекчиси Айхан Кочтун май айында билдиргендей, коронавирус күчөп турган маалда шаарда маркумдардын сөөгүн мечитке алып барбастан, жакынкы жерде эле жаназасын окуп, болушунча тез көмүүгө аракет жасалган.

Стамбулдун базарындагы санитардык кызматкерлер, 25-март 2020-жыл.
Стамбулдун базарындагы санитардык кызматкерлер, 25-март 2020-жыл.

“Калк да түшүнүп калды. Жаназага маркумдун жакындары гана катышып жатты. Жакындарынын бир бөлүгү да келбей эле коелу деп калышты. Беш же он кишилик жамаат менен жаназабызды кылып жатабыз. Сапка турганда аралыктын сакталышына көңүл бурабыз. Мурда коронавируска чейин жакын-жакын туралы десек, азыр тескерисинче ортодо аралыкты сактайлы деп калдык”, - деп билдирген Айхан Коч.

Кантсе да Түркияда жаназага келген адамдардын санын көзөмөлдөө маселе жараткан учурлар да болбой койгон жок. Маселен “Milliyet” гезити кабарлагандай, апрель айынын ортосунда Измир шаарында социалдык аралык сакталбаган тажияга катышкан 15 киши коронавирус жугузуп алган. Эрзурумда да Стамбул сыяктуу ар кошкон шаардан келген адамдар тажияга катышып, анын натыйжасында кеминде 40тай адамга вирус жуккан. Мындан улам түрк медиасы айрым өрөөндөрдө сөөктүү жерге берүүдө эрежени сактабагандарга айыппул салынганын кабарлап жатты.

Үрөй учкан эл, кагазда калган эреже

Борбор Азиянын коронавирус расмий ырасталган төрт өлкөсүндө тең эпидемия адеп башталганда эле маркумду жерге берүүнүн жол-жоболору жарыяланган. Анда негизинен өлүкканада же ооруканада атайын санитардык кызматкерлер сууга алып, кепиндеп, ороп берген сөөктү түз эле жерге берсе болоору, тажияларга саналуу адамдар гана катышаары белгиленген.

Тажикстанда адеп COVID-19дун айынан айынан жан бергендердин сөөгүн сууга алууга жана жерге берүүгө жакындары катыштырылган эмес. Желим баштыкка салынып, хлор менен жуулган сөөк жаназасыз, шашылыш көмүлгөн учурлар болгонун жергиликтүү журналисттер кабарлап чыгышкан.

“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Абдулло Арипов мындай көрүнүштөр көп тажик жарандарынын үрөйүн учуруп койгонун айтып берди.

“Адамдын сөөгүн целлофан баштыктар менен көмүп жатканын көрсөткөн видеолор Интернетке көп тарап кеткендиктен эл арасында кандайдыр бир коркуу пайда болгонун байкадык. Андыктан ооруп калгандар арасында бейтапканага барбай, үйдөн дарылангандары бар. Алар кокус көзү өтүп кетсе да жакындары сөөгүн диний ырым-жырымдар менен жерге беришин каалашат. Өзгөчө улгайып калгандар ооруканага баруудан баш тартышууда”, - деди журналист Арипов.

Алматынын чекесиндеги COVID-19дан кайтыш болгондордун сөөгү коюлган көрүстөн, 25-май 2020-жыл.
Алматынын чекесиндеги COVID-19дан кайтыш болгондордун сөөгү коюлган көрүстөн, 25-май 2020-жыл.

Казакстан да мусулманча жерге берүүдө маркумду сууга алуу сыяктуу жөрөлгөлөрдү атайын патологоанатом адистер гана аткарышы керек экени, маркум менен коштошууга бир сааттан ашык убакыт берилбей тургандыгы эскертилген. Казак муфтияты мусулмандарды санитардык дарыгердин мындай талаптарына баш ийүүгө чакырган. “Азаттыктын” казак кызматынын редактору Руслан Меделбек адеп бул эрежелер так сакталганы менен пневмониядан кайтыш болгондор көбөйгөндөн бери өлкөдө бул багытта башаламан кырдаал жаралганын өз маегинде айтып берди:

- Азыр айрым сүрөттөрдөн гана атайын форма кийген кызматкерлер табытты көтөрүп бара жатканын көрүп калып жатабыз. Кыргызстандагы Чубак ажы сыяктуу бизде да өтө үлкөн диниятчы пневмониядан кайтыш болгондо анын жаназасына көп адам чогулду. Табытты көтөрүп бара жаткан адамдардын кандайдыр бир санитардык формаларды кийип жүргөнүн көргөн жокпуз. Ал жерде ортодогу аралыкты сактоо сыяктуу эрежелер сакталган эмес. Азыр Казакстандын бийлиги коронавирустан, пневмониядан кайтыш болгондорду жерге берүүдө, алардын денесин дезинфекциялоодо бардыгын көзөмөлдөн чыгарып алды. “Пневмониядан кайтыш болду, коронавирус табылган жок” деп, сөөктү туугандарына берип коюп жатат. Андыктан маалымат так болбогону үчүн адамдар эмнени туура деп эсептесе, маркумду ошондой акыркы сапарга узатып жатышат.

- Азыр айрым эксперттер мындай тажияларда маркумдун сөөгүнөн мурда элдин топтолушу коркунучтуу болуп жатканын айтып жатышпайбы. Анткени сөөктү атайын кызматкерлер даярдап, дезинфекциялап беришет эмеспи. Демек, Кыргызстан сыяктуу Казакстанда да жаназага келгендердин санын чектөө мүмкүн болбой жатабы?

- Казакстанда накта бир гана эреже бар. Өлкөдө жаназа, диний жөрөлгөлөр болбошу керек. Бирөө кайтыш болсо аны жакын туугандары гана акыркы сапарга узатышы зарыл. Кайсы бир облуста бирөө-жарым коронавирустан көз жумса жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жаназаны көзөмөлдөшү керек эле. Бирок мындай көзөмөл болбой жатат. Анын үстүнө бизде “уят болот” деген түшүнүк бар го. Андыктан адамдардын баары топурак салууга барып жатышат. Өзгөчө айыл жерлеринде көзөмөлдөн чыгып кетти. Ал эми расмий эреже боюнча, маркум жерге берилип жаткан учурда онго жетпеген киши гана болушу керек эле. Алардын бешөө санитардык кызматкер, экөө маркумдун тууганы, бирөө жергиликтүү бийликтин өкүлү, бирөө имам болушу зарыл эле. Башында бул эреже сакталган. Азыр андай эреже жок. Аны көзөмөлдөгөн эч ким жок.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19дан каза болгондорду жерге берүү боюнча буйругунда каза болгон адамды жайга атайын автоунаа же катафалк менен алып барып, кепиндин сыртынан хлорго чыланган кездеме жана клёнка менен ороп, диний ишмердин, эң жакын туугандарынын жана эпидемиолог дарыгердин көзөмөлүндө жерге бериши керек. Мындан тышкары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы март айындагы фатвасына ылайык, маркумдун жаназасы тез арада окулуп, ага катышкандар беткап кийип, сөөктү дароо жерге көмүү керек.

Бирок акыркы учурда вирус тастыкталбай, пневмониядан кайтыш болгондорду жакындары өз алдынча көмө баштаганын байкоочулар белгилеп жатышат. Республикалык паталогоанатомдук анализ бюросунун жетекчиси Валентина Пахман каза болгондорду көмүү алгоритми бузулуп жатканын, айрыкча айыл жергесинде тажия кадимкидей эле көп сандагы адамдардын катышуусу менен болуп жатканына кабатыр экенин айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG