Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Жугуштуу дарттын кайгы-касырети


Бишкектеги убактылуу стационарда кезек күткөндөр. 6-июль, 2020-жыл.

Элди кыйнаган салт-санаа, бийликтин көз жумду саясаты

Коронавирус дарты бүт дүйнөгө мүшкүл алып келгени бир тең, кыргызга бөтөнчө кайгы, азап алып келгени бир тең болду. Дегеле кыргыз тарыхында азыркыдай азаптуу мезгил биринчи жолу болуп жаткандай.

Акыркы эки жума аралыгында эле кыргыздын не деген айжаркын уул-кыздары жугуштуу дарттын азабынан аркы дүйнөгө узады. Жалпы элдин өзөгү өрттөнүп, Интернетте отургандар жалаң эле көңүл айтуу менен алектенип калгандай таасир калууда.

Ар бир ооруган адам эртеңки күндүн шооласын көрүүгө үмүт кылып жатса, өздөрүн карантинге алып үйдө жаткандар эртең жаман кабар болбосо экен деп кабатырлануу менен таң атырып жатышат.

Күндөн күнгө каза болуп жаткан адамдардын көбөйүп жаткандыгы да ойлондурат. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча өзүнчө протокол иштеп чыгып, ошону менен дарылоону талап кылып жатса, айрым дарыгерлер, медицинанын тегерегиндеги эксперттер да пайдаланууга жол ачыла элек дарыларды өз алдынча колдонуп дарыланышып, андан айыгып жатышканын Интернет айдыңына жарыялап жатышат. Ал эми үйдө өз алдынча дарылангандар да улам бир чөптөн, тамырдан айыкканын жазып, жол-жобосун айтып берүүдө.


Адамдардын өлүмүнө себепчи болуп жаткан коронавирус жугуштуу болгондуктан, андан каза болгон адамдарды көмүү боюнча жоболор Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен, Кыргызстандын диний башкармалыгы тарабынан март айында эле атайын фатва иштелип чыгып, кабыл алынган. Бул жоболордо ооруканаларда өлгөн адамдын сөөгүн тиешелүү адистер жууп, атайын дезинфекцияланган материалга оролуп берилээри, алынган сөөктү боз үйгө калтырбай дароо кабырга көмүү керектиги, эгер сөөктү жууй турган муктаждык болсо аны атайын кийимдерди кийип алып алыстан шланг менен жууш зарылдыгы, өлгөн адамдын зыйнатына жакын туугандары гана катышып бардык санитардык талаптар сакталып, бир жарым метрден аралыкты сактоо менен коштошуу зарылдыгы, топтошуп куран окутуу жөрөлгөсүнөн кармануу айтылган.

А бирок иш жүзүндө кандай болуп жатат? Дегеле кыргыздын сөөк коюу салты ушул жугуштуу дарттын айынан өзгөрүүлөргө дуушар болгону аз келгенсип, тууган арасында, жакын тели-теңтуштар, айылдаштар арасында ар кандай араздашууларга, көңүл калууларга алып келүүдө.

Эки жумадан бери жашы алтымыштарга барып калган жакын кошуна байке аялы экөө тең коронавирус менен ооруп жатышат. Бишкекте оорубай, санитардык талаптарды сактап жакшы эле жүргөн экөө эки жума мурда бир тууганы каза болуп, Ысык-Көлгө сөөк коюуга барып келишкенден кийин ооруп калышыптыр. Көрсө, кийин ошол сөөк коюуга катышкандардын арасынан эки адамдын анализинен коронавирус оорусу чыккан экен. Эми бул экөөнөн башка сөөк коюуга катышкан дагы канча адамга ушул дарт жукту экен?

“Байке, жагдайды түшүндүрүп барбай эле койсоңуздар болмок экен. Карачы, эми кандай кыйналып жатасыздар?” десем, “Эми барбасак туугандарыбыз да капа болушат да, мындай болорун ким билиптир, иттики” дейт.

Бир тууган эжем жолдошу экөө да жазгы карантин учурунда Нарында кайтыш болгон кайын атасынын сөөгүн коюуга барып келишти. Нарын ал кезде деле, азыр деле коронавирус менен ооругандардан биринчиликти бербей алоолоп турбайбы. Бир кудай колдоп анда аман-эсен келишти. Кийин да кайра кыркылыгына жакын туугандар Нарынга барып куран окутабыз дешкенде “Эже, баарыңар акыл-эстүү, билимдүү эле адамсыңар. Кыркылыкты ар ким өз үйүнөн эле куран окуп өткөрүп койсо болбойбу? Оору минтип күчөп жатса, сиз барбай эле койбойсузбу? Же болбосо кийин деле чогулуп куран окутуп койсоңор болмок. Азыр ден соолук керек да” десем, “Кайын агалар, абысындар, башка туугандар баары барып жатышса мен кантип барбай коём? Эми башка салганды көрөбүз да” деп болбой барышты. Кудай жалгап, оорудан тышкары келишти.


Дагы бир тааныш эже “Айылда атамдын бир тууган карындашы өтүп кетти. Барайын десем балдарым “оору жугузгандар көп болуп жатса, бизге сиздин ден соолугуңуз керек, эч кайда барбайсыз!” деп эле так кесе айтып жибербей коюшту. Барбай калдым. Кийин айылдан улуу жеңем чалып, “Эжеңердин сөөгүнүн жанында отура турган силер эмес белеңер, силерге ага-туугандын кереги жокпу, же силердин эле жан таттуубу?” деп телефондон катуу айтты. Эмне айтаарды билбей унчукпай ыйлап уктум. Айылдын кишилерине азыркы абалды түшүндүрүш кыйын экен.

Биз барганда да кучакташып алып ыйламайыбыз бар. Анда тиги дарт көз жаш, мурундун, ооздун былжыры менен жугат турбайбы. Атайын баргандан кийин кантип ыйлабай коёсуң. А бирок дарт жугуп калабы деген коркунуч дайыма бар да. Деги эмне деген жашоо болду, же сөөк койгонго кенен-чонон бара албасак, же туугандар бизди түшүнбөсө...” деп көзүн жаштайт.

Дагы бир таанышым да бир топ мурда өткөн тууганынын кыркылыгына барууга камданып жатат. “Жугуштуу дарт күчөп атса, барбай эле койбойсуңбу?” десем, “башка туугандардын баары барганы атышса, мен барбай койсом мунун жаны артык бекен дешет го, уят да, кантип барбай коём?” дейт. Айтор, коронавирус дарты адамдар ортосундагы алака-катыш мамилелерди бир топ жылаңачтады. Ички күйгүлтүккө салып, ден соолук менен кадыр көңүлдүн толгонууларын, жакшы-жаман көрүүлөрдү тереңдетти, түшүнбөөчүлүктөрдү жаратты. “Барайын десем жан таттуу, кирейин десем жер катуу” дегендей абал болуп турат. М

ындайда “Кудайдын буйругусуз кумурсканын да буту сынбайт”, “Баарыбыз бир Кудайдын колундабыз, жаш кетебизби же карып өлөбүзбү, бир Алла таалам билет” деген фаталисттердин мамилеси да абалды кыйла оорлотуп жатат. Айрым түшүнүктүү эле адамдар өз чөйрөсүнүн курмандыгы болуп жаткандыгын түшүнүү кыйын эмес. Кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алгандар сейрек.


Акыркы кезде атактуу адамдар көп өтүп, алардын кадыр-баркына жараша адамдар дарттын жугуштуу экендигине карабай өлүк зыйнатына барып жатышат. Айрыкча калың элге алынып калган адамдын көзү өтсө жүрөгү, көңүлү түтпөй жүлүнү сыздап, баарына кайыл болуп сөөк коюуга барышкан адамдардын алдын тосуу да маселе жаратат. Мындайда бийлик дагы катуу айтып тартипти сактоону талап кылууда көз жумдулукка барып жатышканы көз көрүнөө. Себеби бийлик өзү да атактуу адамдарды акыркы сапарга узатуу жыйындарын өткөрүп жатканын, анда деле талаптар сакталбай жатканын адамдар көрүп турушат. Активдүү жарандар гана бийлик өзү санитардык талаптарды сактабай жаткандыгын, дегеле сөөктү коюуга көп адамдардын чогулгандыгынан оору көп жугуп жаткандыгын айтып кала беришүүдө. Азырынча аларды угуп, реакция кылган бийликтин ишараты байкала элек.

Дагы бир жагдай, ооруканаларда каза болгондордон тышкары, үйлөрдө дарыланып жатып каза болгондор да бир топ болуп жаткандыгын күндө Интернеттен окуп жатабыз. Аларды көмүүдө жогоруда айтылган санитардык талаптар сакталып жатабы, бул жакты териштирген адам жоктой. Бул дагы оорунун жугуу очогу болуп келе жатканы турган иш.

Бийлик чабал болгон соң, активисттер чылбырды колго алышты

Жүз жылдыктарда бир келчү бул дарттын мамлекетке келтирген кесепеттери, адамдардын аң-сезимине калтырган таасирлери, жакындарын жоготкондордун жүрөк жарааттары дагы бир топ жылга созула турганы көрүнүп калды. Мындан тышкары өз убагында даярдык көрүлбөгөндүктөн жөнөкөй дары-дармектер, аппараттар жетишпей адамдардын көп каза болушу, эл аралык уюмдар бөлгөн каражаттардын коронавирус дартынын алдын-алуучу даярдыктарга эмес, бюджеттин жыртык-тешигин бүтөөгө коротулгандыгы, жакынкы аралыкта саясый чөйрө териштире турган чоң маселе болору, мунун арты менен дагы далайлар түрмөгө отурары эмитеден эле билинип калды.

Деги эле коронавирус бийликтеги жетекчилердин башкара билүү жөндөм-шыгын, карапайым элдин биримдигин катуу сынап жатат. Көзгө көрүнүп жаткан көрүнүш, бийликтин азыркыдай форс-мажор абалга таптакыр даяр эместиги, дагы да болсо коомчулуктагы активисттер, жарандык коомдун мүчөлөрү өз ара аракеттенип, ооругандарга жардам берип жатышат. Мисалы, активисттер ыктыярчы дарыгерлерди уюштуруп, ооруп жаткандардын үйлөрүнө барып дары сайып, күндүзгү дарылана турган жайларды ачабыз деп баштаганда Бишкек мэриясы да козголуп, эки күндүн ичинде төрт күндүзгү дарылануучу жайларды ачышты.

Кыйын кезеңде медиктерге кол сунган усталар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00


Күндүзгү дарылоочу жайлар ачылганы менен, учурда дарыгерлер менен дары-дармектер жетишпей, көпчүлүк өлүм менен өмүрдүн ортосунда жандалбас кылып жатканын, ооруган адам менен анын жакындары өз көйгөйү менен өзү калган мүшкүлү, согуш талаасындагы сүрөт сымал көз алдыдан өтүп жатат.

Коронавирустун дарысы табылбай жатканда андан каза болгон адамдын сөөгү жаткан жер жугуштуу оору жугуза турган аймак болобу же болбойбу, ойлонууга чама чак. Окумуштуулар өлгөн адамдын өпкөсүндө коронавирус бир топ убакытка чейин кала берерин айтып жатышат. Ушундан улам Майлы-Суу шаарындагы сибирь кулгунасынан өлгөн мал көмүлгөн 21 жай эске келет. Бул шаарда радиоактивдүү калдыктар сакталып келе жаткан таштанды сактоочу жайлар да бар экени маалым. Бирок, буларга караганда сибирь кулгунасынан өлгөн мал көмүлгөн жайлар алда канча коркунучтуу экендиги айтылып келет.

Совет доорунда тиги 21 жай атайын тикенек зымдар менен тосулуп, жылына бир маал ар бир жайга бир тоннадан хлор төгүлүп турчу экен. Кийинки мезгилде жергиликтүү жашоочулар тосулган зымдарды чыгарып кетишкен, ар бир жайга болгону 30 - 40 кило хлор эки-үч жылда бирден төгүлүп келет. А сибирь кулгунасынын таякчалары жердин кыртышында 100 жылга чейин жата берип, өзүнө ыңгайлуу мезгилди күтөөрүн окумуштуулар айтып келишет. Бул дагы бир убакта “жарыла” турган бомбадай абал жакындап келе жатканын эске салып турат.

Ушундай жагдайлардан улам, Кыргызстанда крематорий ачса кандай болот эле деген ой жаралат. Биринчиден, жугуштуу дарт менен өлгөн малды, биологиялык калдыктарды эффективдүү жок кылса болот эле. Экинчиден, айрым адамдар деле сөөгүн кремация кылууга балким макул болмок. Ооба, ислам дини буга каршы. Бирок азыркыдай жугуштуу оору күчөп жаткан маалда дартты жайылтпай, коопсуздукту сактоого кремация жардам бермек. Бул ой ислам динин туткан замандаштардын куйкасын куруштураары турган иш. Ошентсе да тирүү адамдар мындан аркы турмушту кандайча коопсуз кыла алабыз, анын кандай жолдору бар деп ой калчаганыбыз жөндүү деп ойлойм.

Аскер Сакыбаева, публицист, журналист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG