Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

Курчуган кырдаалда жаңырган өктөм талаптар


Дарыкананын алдында кезек күткөндөр.

Башкы прокуратурага бийлик жетекчилерин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз түшкөн.

Коомчулукта «бийлик коронавирус пандемиясына каршы убагында чара көрө алган жок, сырттан келген жана элден чогулган каражатты максаттуу сарптай албады» деген нааразылык күч алууда.

Эксперттер бийликтин аракетсиздиги, кырдаал үчүн жоопкерчиликти элге жүктөө аракети коомчулуктун нааразылыгына алып келгенин белгилеп жатышат.

Президентке импичмент жарыялоо боюнча петиция

Кыргызстандын жараны Раушан Айткулова 14-июлда пандемияда каза болгон адамдардын өлүмү үчүн президентти, азыркы жана мурдагы өкмөт башчыны, өкмөт мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, 15-июлда президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялаган петицияга кол топтой баштаганын да маалымдады.

Айткулованын маалыматына караганда, учурда электрондук петицияга кол койгон адамдардын саны беш миңге чамалады. Башкы прокуратура Раушан Айткулова аттуу жарандан бийлик жетекчилерин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз түшкөнүн ырастады. Ал эми өкмөт менен Жогорку Кеңеш азырынча арыз боюнча комментарий бере элек.

Ал арада бүгүн кечке жуук бул петиция Интернеттен жоголуп кетти. Петициянын шилтемеси ачылбай, ага блок коюлганы кабарланууда.

15-июлга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 439 адам жаңы катталды. Акыркы суткада COVID-19 илдетин жуктурган 11 киши, ал эми пневмониядан 74 адам каза болду. Бул оорулардан күн сайын көз жумгандар көбөйүп жатканы, март айынан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандар 11 миңден ашканы Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде коронавирус оорусунан жапа чеккен алдыңкы өлкө экенин көрсөтүп турат.

«Бардыгын кадрлар чечет»

Жарандык активист, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова өкмөт менен президент кырдаалдын алдын ала албай, көрөгөчтүк кыла алган жок деп эсептейт:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Биздин бийлик «бул - бүткүл дүйнө жүзүнө түшкөн мүшкүл» деп алакан жайып отурат. Бирок башка өлкөлөр алдын ала даярданды. Мына Грузия, Монголия күрөштү, биздегидей акыбал башкаларда жок. Азыр бизде «болду, өлгөнү өлсүн, калганы калсын» деген эле саясат болуп жатат. Эч кандай саясий эркке, божомолдорго негизделген, акыл калчап жасалган аракеттер жок. Жыйырма миңдеген кызматкерлер эмне кылып жүрүшөт?»

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды координациялоо, эпидемияга каршы күрөшүү – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин милдети. "Жарандык коргонуу системасын түзүү тууралуу" мыйзам Кыргызстанда 2018-жылы кабыл алынган. Бирок ошондон бери бул система курулган эмес, ага учурунда маани бербеген мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, андан кийинки 1-вице-премьер-министр, коронавирус пандемиясы жарыяланган тушта анын жайылуусуна каршы түзүлгөн штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновдун жоопкерчилиги биринчи орунда болушу керек эле. Мындай пикирин билдирген Клара Сооронкулова, тескерисинче, Боронов өкмөт башына келип, кырдаалдын андан да күч алышына жол бергенин сынга алды.

"Күнөө элде..."

Кыргызстанда пандемиялык абал курчуп, ооруканаларда орун жок болуп, дары-дармек, кычкылтек концентратору, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат сыяктуу керектүү медициналык жабдуулар жетишсиздигинен улам күн сайын пневмониядан жана коронавирустан каза болгондор көбөйүүдө. Өкмөт буга ириде элдин өзүн жоопкерчиликтүү кылып, «санитардык талаптарды сактабайт» деп, күнөөнү элге оодаргысы келгенин айрым байкоочулар белгилеп жатышат.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлдагы брифингде сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү дары-дармек таңсыктыгында да элдин күнөөсү бар экенин айткан:

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

«Азыркы маселе кантип жаралганын баарыбыз тең эле түшүнүп турабыз деп ойлойм. Бир топ жарандарыбыз он күн мурун жаралган кырдаалдан улам керектүү дары-дармектерди ашыкча сатып алып, кайра аны кымбат баада сатып, пайда көрүүгө аракет кылышты».

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өкмөт буга чейин «кырдаал көзөмөлдө, баары жетиштүү» деп айтып келгени жокко чыкканын белгилеп, кезексиз сессия чакырып, өкмөттүн маалыматын угуу зарылчылыгын талап кылышууда. Алардын бири, депутат Жанар Акаев мамлекет жетекчилиги ушундай кырдаалга жөндөмсүз экенин көрсөттү деген пикири менен бөлүштү:

«Өкмөт Жогорку Кеңешке келип, «толук даярбыз» деп айтканы калп болуп чыкты. Президенттик аппарат да, өкмөттүк аппарат да, министрлер кабинети да бардыгы биригип, мындай кризистик кырдаалга жөндөмсүз экенин, элди башкара албай турганын, кырдаалдан чыгуунун жолун сунуштап, жок дегенде элди ынандыра албасын көрсөтүштү. Эгерде биз мындай жол менен кете берсек, бул киши ыйлаарлык акыбал дагы бир нече айга созулушу мүмкүн».

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар алат. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Эл аралык донорлордон келип түшкөн 321 млн. доллардын 170 млн. доллары бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын, пенсия, жөлөкпулун берүүгө жана дары-дармек сатып алууга жумшалды.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын сайтындагы маалыматка караганда, 15-июлга карата Саламаттык сактоо министрлигине элден 140 574 460 сом чогулган. Мунун ичинен 128,3 млн. сом сарпталган. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин фондуна элден 17 427 022 сом чогулуп, 16,1 млн. сом сарпталган. Ал эми Бишкек шаар мэриясынын фондуна 9 696 326 сом чогулуп, 5,9 млн. сому сарпталган.

«​Жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз»​

Өкмөт бул акчанын канчасы кайда сарпталганы тууралуу бир нече жолу маалымат берсе да, коомчулукта «акча максаттуу жумшалган жок» деген ишенбестик мамиле сакталууда. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-июлда элге кайрылуу жасап, коронавирус бүткүл адамзаттын башына түшкөн мүшкүл экенин айтты.

Мамлекет башчы сөзүндө мындай оор учурда ынтымактуу болууга үндөп, элдеги «сырттан келген акчаны бийлик жеп койду» деп айтылып жаткан нааразы сөздөргө жооп берди:

«Эл арасында суроо көп. Алардын бири - чет элден, эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер «жеп койду» деген сөз. Бул боюнча өкмөт элге ачык маалымат берүүдө. Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан, сиздер менен биргеликте өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз», деди президент.

Бирок мамлекет башчынын сөзүнө элдин мамилеси, ишеничи ошол эле күнү соцтармактарда ачык билинди. Мисалы, президенттик аппараттын «Ютубдагы» баракчасына коюлган мамлекет башчынын видеокайрылуусун жактыргандарга караганда, жактырбай, четке каккандардын саны эселеп көп болуп чыкты.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары видеонун алдындагы «жакты» белгисине караганда «жаккан жок» дегеди тандагандар көбөйүп жатканына көңүл буруп, улам сүрөтүн жарыялап жатышты. Болжол менен он сааттан кийин жактырган белгилер 300дөн, ал эми жактырбаган белгилер төрт миңден ашканда видео сайттан алынган. Бир аздан кийин видео like/dislike белгилери жашырылып, комментарий калтыруу жагы өчүрүлүп, кайра жүктөлгөн. Президенттин басма сөз кызматы 10-июлда бул тууралуу расмий комментарий берип, баштапкы видеонун өчүрүлүшүн "фейк аккаунттардын деструктивдүү комментарийлери" менен түшүндүргөн.

Ошентсе да эксперттер учурдагы абал - ооруканада орун, дарыканада дары таба албай карайлап, өзү менен өзү калган эл менен бийликтин ортосуна жик салып жатканын эскертишүүдө. Алардын айтуусунда, президент менен өкмөт кырдаалды азыртан колго алып, кризистен чыгуунун жолдорун таап, чыныгы иштей турган адамдарды ишке, ал эми шалаакылык кетиргендерди жоопко тартпаса, коомдук-саясий кырдаал күчөп кетиши ыктымал.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бийлик элге мамилесин өзгөртүүгө тийиш деген пикирде:

«Учурда коронавирустан жана пневмониядан жабыркагандардын, жакындарын жоготкондордун нааразылыгы күч. Мындай учурда күч колдонуп, коркутуп-үркүтүү бийликке жардам бербейт. Тескерисинче, кырдаалды ансайын курчутат. Ошондуктан азыркы күндө өкмөт жакшылап иштебесе, иштей турган адамдарды алып келбесе мунун арты оор болушу мүмкүн».

Коронавирус илдети азайбай жаткан коңшу мамлекеттер – Казакстан менен Өзбекстан июль айынан тартып, карантинди кайрадан киргизип, бир катар чектөөлөрдү улантты. Кыргызстанда айрым массалык иш-чараларды, аш-тойлорду өткөрүүгө, эл көп чогулуучу коомдук жайлардын ишине салынган тыюуну, коомдук унаалардын жүрүү убактысы кыскарганын жана башкаларды эске албаганда, өлкөнүн экономикасын чөктүрүп алуу коркунучунан улам олуттуу чектөөлөр киргизиле элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG