Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Пневмония бир үйдөн бир нече өмүрдү жалмап атат


Кыргызстанда коронавирус жана пневмония боюнча эки ача эсептен бейтаптарды дарылоо да татаалдашып жатат.
Кыргызстанда коронавирус жана пневмония боюнча эки ача эсептен бейтаптарды дарылоо да татаалдашып жатат.

Кыргызстанда июлдун алгачкы он үч күнүндө эле 372 киши пневмония оорусунан кайтыш болду.

Кыргызстандык илимпоздор эл аралык саламаттык сактоо уюмдарынын көрсөтмөсү менен өлкөдөгү пневмония оорусун COVID-19га кошуп эсептөөнү сунуштаганы менен ага Саламаттык сактоо министрлигинен жооп келе элек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылдын алгачкы алты айында эле пневмониядан кайтыш болгондор жана ага чалдыккандар 2019-жылдагы көрсөткүчтөн ашып түштү.

Былтыр бир жыл ичинде пневмониядан 626 киши кайтыш болсо, быйыл алты айда эле 651 өлүм катталды. Июлдун алгачкы 13 күнүндө пневмония күчөп, 372 бейтаптын өмүрүн алып кетти. Азыр дагы жүздөгөн адамдар өпкөсү кагынып, оор абалда жатышат. Ал эми коронавирустан каза тапкандар 149 киши болду.

Бир үйдөн бир нече адам каза таап жатат

Өпкөсү кагынып, бүтүндөй бир үй-бүлө мүчөлөрү каза таап жаткан учурлар да бар. Маселен, Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү ооруканада каза болгон.

12-июлда Музаеванын күйөөсү Уранбек Кубатбеков өпкөсү сезгенип, мурдагы “Ганси” базасындагы стационарда көз жумган. Музаева ошондон кийин инсульт алып, шейшембиге караган түнү реанимациядан үзүлгөн. Жубайлардын аяш кызы Жанара Муратова буларды билдирди.

“Аяш атам “Гансидеги” ооруканага жаткан. 12-июлда өтүп кетти. Аны уккан Элнура апам инсульт болуп калыптыр. Өпкөсүн тарттырышса, 80% пневмония экен. 14-июлда ал да кете берди. Азыр эми экөөнү жерге берели деп сөөктөрдү күтүп жатабыз”.

14-июлда Ош шаарынын Киров атындагы №4 орто мектебинин директору, 61 жаштагы Гүлнара Туташева да эки өпкөсү кагынып, бул дүйнө менен кош айтышты.

Өлүм саны улам артканына карабай Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб ушу күнгө чейин пневмония менен канча киши ооруп жатканын аныктап, расмий статистиканы бере элек. Көз карандысыз эксперттер пневмониянын эсебин алууга мүмкүн болбой жатканын айтышууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана профилактикалык медицина борборунун жетекчиси, профессор-эпидемиолог Омор Касымов коронавирус менен пневмониянын эки ача эсебин бириктирүүнү министрликке сунуштаганы менен жооп ала элек.

“Элдин башын айлантпай, бул эки статистиканы бириктирип, “коронавирустан пайда болгон өпкө кагыны” деген эле диагнозго токтош керек. Ошондо эл ичиндеги дүрбөлөң токтоп, дарыгерлерге бейтаптарды дарылоо жеңил болмок. Азыр пневмонияны өзүнчө, коронавирусту башка протоколдор, клиникалык нускамалар менен дарылап жатышат. Бирөө вирустук оору, экинчиси бактериялык. Маселен, пневмонияда дароо антибиотик сайыш керек, коронавируста андай эмес. Айтор, дарыгерлерге кыйын болду. Биз, 5-6 адамдан турган илимий топ бул абалды изилдеп чыгып, министрликке мындай эки ача диагноз коюуну токтотууну сунуштаганбыз. Балким алардын колу бошобой жатабы айтор, жооп ала элекпиз. Анын үстүнө министрлик жайыраак иштейт. Азыркыдай оор абалда вирусту экиге бөлүп дарылоо, өлүмдүн санын көбөйтүшү мүмкүн”.

Пневмонияга чалдыккандардын жарымы Бишкекте, жарымы облустарда катталууда. Өпкөсү кагынып, дем ала албай үйүндө кайтыш болгондордун эсеби азырынча тактала элек.

Орусия аныктоо ыкмасын өзгөрткөн

Ал арада Орусияда мындай эки түрдөгү протокол жоюлду. Орусиялык дарыгерлер жалаң компьютердик томографиянын негизинде пневмонияны да вируска кошуп каттап жатышат.

Орусиянын Магнитогорск шаарында коронавирус менен күрөшүп жаткан кыргызстандык дарыгер Кубанычбек Сыдыков пневмонияга шектүүлөрдү аныктоонун жол-жобосун айтып берди.

“Бизде азыр вируска күмөн саналган бейтаптардын баары дароо эле компьютердик томографиядан өтүп жатат. Рентгенден өпкөдөгү вирустун белгилери толук көрүнбөй калып жатат. "Бактериялык пневмония" деген диагноз коюлушу мүмкүн. Бирок вирустук пневмония экөөнүн айырмасы бар да. Маселен, коронавирустук пневмонияда компьютердик томографиядан өпкөдөгү кан тамырлардын өзгөрүүсүн толук көрсө болот. Догдурлар аны “киргилт айнек белгиси” деп коёбуз. Ошондуктан, вируска күмөн саналгандарды мурда ПЧР-анализ менен эле аныктап келсек, азыр өпкөсүн дароо томографияга тартууга өттүк”.

Кытайдын Казакстандагы элчилиги бул өлкөдө себеби белгисиз жугуштуу пневмония күчөгөнүн, өз атуулдарына андан коргонууну сунуштаганын Deutsche Welle , Би-Би-Си баштаган бир катар агенттиктер жазып чыгышкан.

Бирок 10-июлда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул айтылгандарды четке каккан. Ошентсе да, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Казакстандагы коронавирустун көбөйүшүн өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

Кыргызстанда да эки ача эсепти өзгөртүүнү бийликтен талап кылып, бирок жооп ала албаган эксперттер четтен чыгат.

“Ракка каршы бирге” коомунун жетекчиси Гүлмира Абдразакова эки өпкөсү тең кагынып, дарыланып жатат. Ал да дарылоо системасын өзгөртүү боюнча бийликке бир нече жолу сунуш жолдоп, бирок ага жооп ала элек.

“Бул жараянга байланышы бар вице-премьер-министрге, министрге деле тынбай жазып жатам. Азыркы алгоритм, дарылоо, эсептөө туура жүрбөй жатат. "Өзгөртөлү" деп бир нече ирет кайрылдым. Азыр биз тез арада кескин чараларды жүргүзбөсөк, абал дагы оорлойт. Каза болгондор азайбай эле көбөйүп жатат го. Демек, өзгөртүш керек”.

Эл аралык эксперттер деле Кыргызстанда пневмониянын күчөшүн, миңдеген адамдын азап тартышын коронавирус менен гана байланыштырып жатышат.

Улуттук статистика борборунун маалыматына караганда, 2017-жылы пневмониядан 598, 2018-жылы 546, 2019-жылы 626 киши кайтыш болгон. Ал эми быйыл алты айда эле 651 киши пневмониядан көз жумду. Ушу тушта Кыргызстанда пневмония жана коронавирус менен ооругандарга окшош эле дарыларды жана медициналык жабдууларды издегендер арбын.

Июнь айынын аягына чейин пневмониядан каза болгондор тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бербей келген. Июлдун башынын тарта күн сайын ондогон адамдардын өлүмү тууралуу кабарлар, элдик видеотасмалар Интернетке байма-бай чыга баштады.

8-июлда министрликтин адиси Айнура Акматова пневмония жана коронавирустан каза болгондордун эсеби COVID-19дан кайтыш болгондордун статистикасына бириктириле турганын жарыялаган. Бирок ал сөз азырынча ишке аша элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG