Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

Пневмониядан соңку суткада 31 адам каза болду


Өпкөсүнөн кагынып, ооруканада дарыланып жаткандардын 31и соңку бир сутка ичинде көз жумду.

Бул тууралуу 4-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Ушуну менен март айынан бери пневмониядан каза болгондордун 151 адамды түздү.

Штабдын маалыматына караганда, азыркы учурда стационарларда өпкөсүнөн кагынып ооруган (пневмония) 2122 бейтап жатат, 496сынын абалы оор. Оор абалдагылардын 153ү реанимацияда.

Жалпысынан март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 3009 болду, алардын 736сы айыгып чыкты.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес эле COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG