Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Бир күндө эки мектеп директору каза болду


Гүлнара Туташева жана Элнура Музаева.
Гүлнара Туташева жана Элнура Музаева.

Кыргызстанда бир суткада эки мектеп директору каза болду. Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна Билим берүү жана илим министрлиги тастыктады.

Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү 54 жашында ооруканада каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-июлда Музаеванын күйөөсү Уранбек Кубатбеков өпкөсү сезгенип, мурдагы “Ганси” базасындагы стационарда каза болгон.

Музаева ошондон кийин өзү инсульт болуп, шейшембиге караган түнү реанимациядан үзүлгөн. Өпкөсүн рентгенге тарттырганда 80% пневмония экени аныкталган.

Бишкек шаарынын мэриясы Музаеванын жакындарына көңүл айтып, “Биз үчүн оор жоготуу...” деп билдирди:

“Элнура Турдукуловнанын жетекчилиги менен Көлмө конушундагы мектеп аккредитациядан кийин гимназия макамын алган. Өтө жоопкерчиликтүү, ишин мыкты билген, даанышман, адамдык сапаты жогору жетекчи эле”.

Элнура Музаева 1966-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолун азыркы Бишкек мамлекеттик университетинин педагогика жана психология кафедрасында баштаган. 1995-жылдан бери борбор калаанын билим берүү тармагында эмгектенип келген. Орус тили жана адабиятынан сабак берчү. Жакындарынын айтымында, мурда Бишкектеги №5 гимназияны да жетектеген.

14-июлда Ош шаарынын Киров атындагы №4 орто мектебинин директору, 61 жаштагы Гүлнара Туташева ооруканада каза болду. Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, ал эки өпкөсүнөн пневмония болгон, ага чейин кант диабети бар болчу.

Туташева 1959-жылы Өзгөн районунда туулган. 1982-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтунун филология факультетин аяктаган. Орус тили жана адабияты, кыргыз тили боюнча сабак берчү. Мектепке директор болуп 2010-жылы дайындалган. Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын отличниги болгон. Өлкө президентинин ыраазычылык каты, Ош мэринин Ардак грамоталары менен сыйланган.

7-июнда Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 орто мектептин директору 67 жаштагы Айчүрөк Самакова COVID-19 инфекциясынан көз жумган.

Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан 149, пневмониядан 497 адам каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG