Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Казакстан «белгисиз пневмония» тууралуу кабарды четке какты


Казакстан.
Казакстан.

Нур-Султандагы Кытайдын элчилиги 9-июлда Казакстанда COVID-19 илдетинен да катаал, «белгисиз пневмония» таралып жатканын билдирип, жарандарын сактанууга чакырды. Бул билдирүүнү айрым кытайлык гезиттер басып чыгарышкан.

10-июлда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөдү. Ошентсе да кабар элчиликтен тарап жатканын эске албастан, «айрым кытайлык маалымдоо каражаттарында жалган маалыматтар» таралып жатканын белгиледи. Министрлик Казакстанда катталган өпкө кагыны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) классификациялаган дарттарга кирерин белгилеп, белгисиз илдет экенин четке какты.

Бул маселени Бээжиндеги брифингде журналисттер да козгошту. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Ли Цзянь түз жооп бербестен, кайра Казакстанга сөздү бурду.

«Сиз эске алган маселе боюнча Казакстандын тийиштүү органдарына кайрылыңыз. Кытай да бул боюнча жооп алууга үмүттөнөт. Эки өлкөнүн саламаттыгын коргоп, пандемия менен бирге күрөшүү үчүн Кытай да Казакстанга утурлай барат», - деди ал журналистке.

9-июлда казак Саламаттык сактоо министрлиги акыркы аптада пневмониядан 415 киши өлгөнүн билдирген. Андан тышкары өткөн аптада коронавирустан 76 адам өлгөнүн, дагы 110 кишинин эмнеден өлгөнү текшерилип жатканын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG