Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Пневмония болгондордун 700гө жакыны оор абалда жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 694 адам өпкөсүнөн кагынып (пневмония), оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, 7-июлга карата Бишкек шаарындагы ооруканаларда пневмония болгон 1936 бейтап жатат. Алардын 1173үнүн абалы орточо, 473үнүкү оор деп мүнөздөлүүдө. 213 бейтап реанимацияда.

Ал эми Бишкектен тышкары аймактардагы ооруканаларда 903 бейтап жатат.

«Эпидемиологиялык абал башталгандан бери «аймактарда 1566 бейтап пневмония болду» деп маалымат берип жатышат. Алардын 607си айыгып, ооруканадан чыккан. 903ү азыр ооруканада жатат, алардын 221инин абалы оор. Оор абалдагылардын 16сы реанимацияда», - деди министрликтин өкүлү.

Кыргызстанда соңку аптада пневмониядан каза болгондор көп катталып жатат. Адистер өпкөсүнөн кагынып ооругандардын (пневмония) баарын коронавируска чалдыккандар деп кабыл алыш керек экенин айтышууда. Бирок Кыргызстанда пневмония болгондор коронавирустун расмий статистикасына кире элек.

7-июлга карата бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан жети, пневмониядан 29 бейтап каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG