Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:05

Бир суткада коронавирустан жети, пневмониядан 29 бейтап каза болду (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан жети, пневмониядан 29 бейтап каза болду. Бул тууралуу 7-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Каза болгондордун экөө медицина кызматкери.

Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз дагы 450 адамга коюлду, дарыланып жаткан 73 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан табылды, алардын ичинен 99 бейтап кайтыш болду, 2916 бейтап айыгып кетти.

Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 224 кишиге жетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG