Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Шайлоонун санаага салган мөөнөтү


Шайлоо бекеттеринин бири, 4-октябрь, 2015-жыл.
Шайлоо бекеттеринин бири, 4-октябрь, 2015-жыл.

Кыргызстанда быйыл 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу демилгеси көтөрүлүп жатат.

Пандемия шартында шайлоону коопсуз өткөрүүнүн жолу барбы? Саясий өнөктүктү токтото туруунун зарылдыгы эмнеде? Кандай тобокелдиктер болушу мүмкүн?

«Арай көз чарай» талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Турсунбек Акун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков катышты.

«Азаттык»: - Бейшенбек мырза, учурда коомчулукта 4-октябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүнө каршы чыгышып, шайлоонун мөөнөтүн башка учурга которууну талап кылып жаткандар чыгууда. Сиз да каршы экенсиз, каршылыгыңызды эмне менен негиздеп жатасыз?

Бейшенбек Абдразаков
Бейшенбек Абдразаков

Бейшенбек Абдразаков: - Биз бул маселени үч тараптуу карашыбыз керек. Саясий, мыйзамдык жана моралдык жагы кандай болот? Мыйзамдуу жолу - Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогултуп же президент Коопсуздук кеңешинин кеңешмесин чакырып, шайлоонун мөөнөтүн жылдырып коюшу мүмкүн.

Айылдык кеңештин шайлоосун жылдырып эле койбодубу, ошондой эле кылса болот. Албетте, азыркы оору Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө да тарап жатат. Аны токтотуп коюу биздин өкмөттүн колунан келбей жатат, Кудайдан үмүт кылып жатабыз. Биздеги шайлоонун тагдыры өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот. Шайлоо жакындаганда биздеги абал Түштүк Корея же Орусиядагыдай жеңилирээк болсо бир жөн, ошондо өткөрсөк болот.

Эгер кырдаал Испаниядагыдай, Италиядагыдай оорлошуп кетсе, шайлоону жылдырып, декабрь айында деле өткөрсөк болот. Учурда Орусияда, башка чет өлкөлөрдө илдетти айыктыруунун дарысы, вакцинасы чыгууда. Ошолордон алдырып, элибизди дарылап алып, тынч заманда эле шайлоо өткөрсөк болот.

«Азаттык»: - Турсунбек мырза, сиз «парламентке шайлоо убагында өтүшү керек» деген пикирде экениңизди угуп калдым. Эгер шайлоо мөөнөтү жылып кетсе, кандай пайда-зыян же тобокелчиликтер болушу мүмкүн?

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Турсунбек Акун: - Мен «шайлоо айтылган мөөнөттө гана өтүшү керек» деген бир жактуу позицияны карманганым жок. Баары абалдын өзгөрүшүнө жараша болот. Президент өз укугунан пайдаланып, 4-октябрда шайлоо күнүн жарыя кылды. Эгер биздеги абал 4-октябрга чейин жакшырса, анда өткөрсө болот. Эгер кырдаал бүгүнкүдөн да оорлошуп кетсе, анда добуш берүүдө элдин ден соолугуна коркунуч келет. Анда тезинен Жогорку Кеңешти чакырып, өзгөчө абалды киргизип, ошонун негизинде шайлоону 1-2 айга же 6 айга жылдырса болот.

Дагы бир маселе бар: президентте мыйзам чыгаруу укугу бар. Парламент жок кезде тиешелүү чечимдерди президент кабыл алса болот. Мындай учурларда парламенти жок эле жашап жаткан өлкөлөр бар. Парламенттик шайлоону абал жакшырганда шашпай өткөрүп алсак болот.

«Азаттык»: - Абдыжапар мырза, коомчулукта «Эмне үчүн шайлоону 4-октябрда гана өткөрүшүбүз керек, башка күнгө жылдырса болбойбу?» деген суроолор коюлуп келатат. Мыйзамдуу жобосу кандай?

Абдыжапар Бегматов
Абдыжапар Бегматов

Абдыжапар Бегматов: Шайлоонун датасынын коюлушу жөн жеринен чыга калган жок. Өлкөнүн Баш мыйзамы - Конституцияда президенттик шайлоо ар бир алты жылда, Жогорку Кеңешке шайлоо беш жылда, жергиликтүү шайлоолор төрт жылда бир өтүшү керектиги жазылган. Биз аны так аткарышыбыз керек.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамда «парламенттик шайлоо октябрь айынын биринчи жекшембисинде өтөт» деп жазылып турат. Президент ошол мыйзамдык талапка ылайык шайлоону 4-октябрга белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясы ошол жарлыктын негизинде шайлоого даярдыктарды көрө баштады. Бул шайлоого 44 саясий партия катышуу ниетин билдирди.

Пандемия шартында жакында эле Орусияда бүткүл элдик добуш берүү – референдум өттү, башка өлөлөрдө да шайлоо өтүүдө. Эң негизгиси, бардык коопсуздук чаралары көрүлдү, так сакташты. Биз дайыма кырдаалга көз салып турабыз, ага жараша жергиликтүү бийликтер менен уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн адамдардын ден соолугу, коопсуздугу биринчи орунда. БШКны кошуп эсептегенде шайлоо жарянын уюштурууга жана өткөрүүгө 25 миңдей адам тартылат. Биринчи кезекте, алардын ден соолугу жөнүндө ойлонушубуз керек.


«Азаттык»: - Бейшенбек мырза, азыркы Жогорку Кеңештин үч депутаты келерки шайлоого байланышкан маселени чечүү үчүн парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу боюнча төрагага кайрылышкан экен. Эмне үчүн ал колдоо тапкан жок?

Бейшенбек Абдразаков: - Эгер абал оорлошуп кетсе, калган депутаттар деле маселени кароого аргасыз болушат. Президент деле мөөнөттү жылдырууга барат.

Бүгүнкү биздин максат – шайлоону өткөрүү эмес, илдет менен кантип күрөшүү, элди сактап калуу. Азыр бардык чукул чараларды көрүш керек. Керек болсо, абалды жеңилдетиш үчүн ошол саясий партияларды чакырыш керек. Партиялар азыр элге дары-дармектерди бекер таркатууга, башка керектүү каражаттарды берүүгө даяр, араң эле турушат.

Декабрга чейин ошентип күрөшүп, абалды жеңилдетип алып, анан шайлоо өткөрсөк болот. Керек болсо бийлик, шайлоо комиссиялары жакшылап даярдык көрүп, пандемияда элди чогултканга болбойт, ооруну жуктуруп албаш үчүн Интернет аркылуу добуш берүүнү уюштурсак болот. Облустук, райондук шайлоо комиссияларынын кереги жок. Онлайн добуш берсек, канчалаган акчаны да үнөмдөп калат элек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Шайлоо шаңы жана санаасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:22 0:00
Түз линк


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG