Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Активисттер шайлоону жылдырууну талап кылышты


Митингден бир көрүнүш. 13-июль, 2020-жыл.

13-июлда Жогорку Кеңештин жана президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын жанында чогулгандардын айрымдарын милиция кармап кетти. Алар парлементтик шайлоону жылдыруу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Милициянын бул аракетин бир катар саясатчылар менен укук коргоочулар сынга алууда.

Активисттердин талабы, милициянын жүйөсү

Бишкекте Жогорку Кеңештин жана президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын жанында айрым активисттер митинг өткөрүүгө аракет жасашты. Бирок митинг башталбай жатып, чогулгандардын айрымдарын милиция кармап кетти.

Кармалгандардын арасында парламенттик шайлоону башка учурга жылдырууну талап кылган активист Айдар Турусбеков да бар. Бул тууралуу дагы бир активист Телекмат Кудайберген уулу билдирди.

Анын айтымында, «Жарандык активисттер альянсы» деген кыймыл «Шайлоого жол жок!» акциясын уюштурмак. Бирок алардын лидерин «транспаранттары жана микрофону менен кошо кармап кетишкенин» журналисттерге айтып берди:

«Бизге эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Болгону «Бийликти күч менен алууга аракет жасоо» беренеси менен иш козгоп коюшканы маалым болду. Эл согуштагыдай өлүп жатат. Биз шайлоо болбосун деген жокпуз, мөөнөтүн жылдыралы, шайлоого деген 700 миллион сомду элди аман алып калууга жумшайлы деп гана айтып жатабыз».


Активисттер бийликке бир нече талаптарды коюп жатышат. Алар COVID-19 менен ооругандардын саны азайганга чейин парламенттик шайлоону өткөрбөй турууну, өлкөнүн аймагында өзгөчө абал режимин киргизүүнү жана өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

Мындан сырткары шайлоону өткөрүүгө каралган бардык ресурстарды элге медициналык жардам көрсөтүүгө багыттоону жана COVID-19га байланышкан кырдаалдын курчуп кеткени үчүн жооптуу кызмат адамдардын ишин тергөөнү талап кылышууда.

Окуя болгон жерде жүргөн мурдагы судья Клара Сооронкулова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, чогулгандар мыйзам бузбаганын, шайлоо мөөнөтүн башка убакытка которуу тууралуу пикирин билдирүү үчүн гана тынч акцияга чыгышканын айтып берди.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Ушундай тынч митингдер болгондо укук коргоо органдары аларга шарт түзүп бериши керек эле. Бул Конституцияда да жазылган. Бирок анын ордуна милиция кызматкерлери чогулгандардын колун толгоп, сүйрөп алып кетишти. Бул жерде тескери саясат болуп жатат. Мындай боло берсе элдин нааразы пикири мындан дагы күчөшү ыктымал».

Түштөн кийин Бишкек милициясы Ак үйдүн жанында акция өткөрүү үчүн чогулгандардын арасынан сегизи кармалып, кайра коё берилгенин билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, «25-30дай адам тыюуга карабастан аянттын ар кайсы жерлерине чогулган».

Милиция билдиргендей, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушуна жол бербөө жана «Тынч митингдер жөнүндө» мыйзамга ылайык алардын арасынан эң активдүү деген сегизи түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалып, Биринчи май райондук милициясына жеткирилген. Кармалгандардын баары Бишкек шаарынын тургундары экени аныкталды.

Ички иштер башкармалыгы Ала-Тоо аянтында бир сааттык тынч митинг өткөрүү тууралуу кайрылуу мэрияга жана милицияга 11-июлда келип түшкөнүн, бирок Жарандык коргонуу комиссиясынын буйругуна ылайык шаарда эпидемиологиялык абалга байланыштуу спорттук, оюн-зоок жана башка иш-чараларды өткөрүүгө 12-майдан бери тыюу салынгандыктан акцияны башка күнгө которо туруу керектиги айтылганын билдирди.

«Шайлоого бойкот» деген ураан менен өтө турган митингге 500гө жакын адам катышаары күтүлүп жаткан. Бирок Ички иштер министрлиги карантин маалында митингдин катышуучуларынын саны 100дөн ашпашы керектигин эскерткен.

БШК: Шайлоого кетчү чыгым кыскарышы мүмкүн

Буга чейин бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер эпидемиологиялык абалды эске алып, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү аркылуу парламенттик шайлоону жылдырууну сунуш кылышкан. Социалдык түйүндөрдөгү талкууларда бул демилгени колдогондор да, «эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү элди сыйлабастык болот» дегендер да бар.

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.

Быйылкы шайлоолорду өткөрүүгө республикалык бюджеттен 732 миллион сом каралган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт деп билдирген.

10-июлда БШК шайлоонун бюджеттик планы 95 миллион сомго кыскартылганын кабарлады. Анткени жапон өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жабдууларды берген. Ошону менен катар аралыктан иштөөнүн эсебинен айрым пландалган уюштуруу иштери да кыскартылды.

Өнөктөштөрдүн жардамы менен элге маалымат жеткирүү боюнча бир катар электрондук ресурстар даярдалып жаткандыктан бул багытта пландалган чыгымдар да кыскарганы турат.

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоого жумшала турган чыгымдарды санап берди:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Медиа каражаттарына шайлоо тууралуу маалымат берүү үчүн төлөнөт. Мындан сырткары басылмалардан талапкерлердин тизмеси чыгарылат. Ошондой эле шайлоо бюллетендери даярдалат. Шайлоо участокторунда 25 миңден ашык адам иштейт. Алардын эмгек акысына төлөнөт. Биз пандемия шартында мамлекеттин акчасын үнөмдөө макасатында чыгымды болушунча азайтуунун аракетин көрүп жатабыз, бюджеттен бөлүнгөн акча дагы кыскарышы мүмкүн».

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев шайлоого бөлүнгөн 732 миллион сомго өкмөт дары сатып алса, 4670 кишинин өмүрүн сактап калса болорун белгиледи:

«Учурда өкмөт бул акчага эки нерсе сатып алса болот эле. Биринчиси - өкмөт оорунун очогунда иштеп жаткан медкызматкерлерди коргонуучу каражаттар менен камсыз кылышы керек.

Биз оору башталганда эле өкмөт ай сайын 600 миллион сомго коргонуучу каражаттарды сатып алыш керек деп эсептеп чыкканбыз. Эгер учурунда бул эреже сакталганда мынчалык көп медкызматкер оорубайт эле. Азыр дарыгерлердин 60-70% ооруну жугузду. Дарыгерлер жетишпегендиктен оору күч алды.

Экинчиден, өкмөт элди коргоп калыш үчүн дары сатып алышы керек. Дүйнөлүк статистикага таянсак, коронавирус жугузган адамдардын 3-5% каза болот. Биздин иликтөөгө ылайык учурда Бишкекте 25 миң киши оору менен алышып жатат. Натыйжада алдыдагы 10 күн ичинде 750 кишиден 1250 кишиге чейин каза болушу мүмкүн. Бул дарыгердин жетишсиздигинен жана дарылардын тартыштыгынан болуп жатат.

Учурда Кыргызстанда клексан жана гепарин деген дарылар жок болуп жатат. Эгер ушул дарыларды мамлекет алып берип, ооруканаларды камсыз кылса мынчалык өлүм болбойт болчу. Клексан дарысынын бир кутусу 3000 сом турат. Эми шайлоого жумшалат деген 700 миллион сомго ушул дарыны алсак 233 миң куту келет. Бир кутуну экиге бөлсөк 116 миң адамга жетмек. Мунун 3-5% алып карай турган болсок 4670 адамдын өмүрүн сактап калганга болот эле. Бул дары менен мамлекет учурда ооруп жаткан адамдардын бардыгын камсыз кыла алмак».

Талкууга түшкөн шайлоо мөөнөтү

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев өлкөдө кырдаал курчуганына байланыштуу парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу сунушун колдоп чыккандардын бири. Депутат «жарандардан изоляцияда болууну талап кылып, шайлоо менен алектенүү моралдык жактан туура эместигин» айтты.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«БШК жазда жергиликтүү кеңештердин жана шаарлардын кеңештерин шайлоону жылдырган эмес беле?! Анда коронавирус менен ооругандар күнүнө 40-50дөй болуп жаткан. Өлүмгө кабылгандар бир-эки кишидей эле болчу. Бүгүн андан эмне айырма бар? Азыр кырдаал андан эселеп оор болуп жатат. Шайлоону жылдырыш керек. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолу да кырдаалды эске алып, өздөрүнүн сунушун киргизсе, парламент кезексиз жыйынга чогулуп, чечим кабыл алып беришибиз керек»,-деди эл өкүлү.

Жээнчороев ал жетектеген партия үгүт өнөктүгүн жүргүзүүнү убактылуу токтотконун, коронавирус менен күрөшүүдө элге жардам берүү менен алектенип жатканын кошумчалады.

Буга чейин депутаттар Жанарбек Акаев менен Рыскелди Момбеков да шайлоону токтото турууну же жылдырууну сунушташкан. Акаев «коменданттык саат киргизбестен өзгөчө абал жарыялоону» талап кылып, парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду өлкөдөгү абалды талкуулаш үчүн Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чогултууга чакырган.

Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев эртели-кеч шайлоо өтүшү керектигин, бирок өлкөдөгү абал шайлоо учурунда эске алынышы зарыл экенин белгиледи.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Биринчиден, бул кезектеги шайлоону жарыялаш президенттин укугу гана эмес, милдети да болуп саналат. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, парламенттик шайлоону кечеңдетүү бул диктатураны орнотуунун бирден бир жолу. Экинчиден, эгер шайлоо өтпөй калса, анда мыйзам боюнча азыркы Жогорку Кеңеш өз ишин уланта бериши керек. Себеби, мурунку Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жаңы шайланып келген эл өкүлдөрү келип ишин баштаганда гана токтойт. Эл азыркы депутаттардан тажаганын айтып жатышат. Эгер жаңыланууну кааласак биз шайлоого барышыбыз керек. Ошол эле кезде октябрь айына жакын илдет боюнча акыбал кандай болоруна көз салып туруу керек. Эгер өтө татаал болсо, анда албетте шайлоо болбошу керек».

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон. Ушул күнгө чейин шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (38)

XS
SM
MD
LG