Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 07:39

«Вирус жукканда хижама жардам бербейт»


Пакистандагы хижама жасатып жаткан бейтап

Хижама деген эмне? Вирус менен ооруган кишиге пайдалуубу? Бул суроого тибет медицинасынын доктору Анархан Надирова жооп берди.

- Хижама жасатуу менен вирустан айыкса болору тууралуу билдирүүлөр, видеолор социалдык медиага тарап, элдик дарылоодогу бул ыкманын баасы кымбаттаганы айтылууда. Деги эле хижаманы кимдер жасашы керек? Бул ыкма медицинада колдонулабы?

Хижама антисанитариялык абалда жасалса, биринчиден адамдарга түрдүү оору жугат. Экинчиден, кан тамырда тромб пайда болуп, адам эртеси эле кансырап өлүп калышы мүмкүн. Бул өтө кооптуу.
Анаркан Жаныбекова.

- Хижама – бул кан чыгаруу. Байыркы Кытай медицинасында колдонулган ыкма. Жөнөкөй тил менен айтканда, " денедеги бузулган канды чыгаруу" деп коюшат.

Азыр эми медицина өнүккөн доор. Анан калса тирүү адамдын денесинде бузук кан деген болбойт.

Тибет медицинасында желкеден кан чыгарган ыкма бар, бирок ага дагы атайын бир себептер болушу керек.

Илгери азыркыдай канды суюлтуучу дарылар жок эле. Ошондонбу хижама өткөн кылымдын 60-жылдарында өтө жайылган экен.

Тибет медицинасын илимий негизде үйрөнгөн адис катары айтсам, хижаманы жасоо өтө опурталдуу. Экинчиден, коронавирус жуккан учурда хижама жасоого эч кандай зарылдык жок. Ооруну вирус козгоп жатканын билебиз. Ооба, вирус көбөйгөндө кан коюуланат. Бирок бейтаптар аспирин ичип, гепарин сайдырып жатышпайбы.

Азыркы кымгуут учурда хижама антисанитариялык абалда жасалышы мүмкүн. Андай учурда биринчиден, адамга түрдүү оору жугат. Экинчиден, кан тамырда тромб пайда болуп, адам кансырап өлүп калышы мүмкүн.

Анархан Надирова
Анархан Надирова

- Тромб демекчи, коронавируста өпкөнүн кан тамырлары жабыркап жатпайбы. Ал эми хижамада баштан, желкеден, териден кан чыгарат экен.

- Азыркы күчөп жаткан оорунун себебин билебиз. Вирус дегендин өзү белоктордон турат. Зыяндуу белокторго хижама эч кандай таасир эте албайт. Ансыз деле азыр медицинада абал оор болуп турганда мындай ыкмалар менен элге эксперимент жасоо өтө опурталдуу.

Бизде хижама жасагандарда бир ирет колдонулуучу жабдыктар жок, кишинин терисин кескен бычагынан тарта, койгон банкаларына чейин баары мурда колдонулган.

Жабдууларын автоклабга салып, дезинфекциялашпайт, балким спиртке чылап коюшат чыгаар. Бирок андан кандагы патогендүү заттар жоголуп кетпейт.

Мурда деле медицинада ийнелерди кайнатып келген элек. Бирок, ал маалда борборлоштурулган дезинфекциялык автоклабдар болгон. Азыр андай гигиена нормаларын эч ким сактабайт. Анан калса бул ыкманы жасаган адам анатомияны билиши керек, адамдын нерв системасын жакшы өздөштүрүп, кан тамырлардын өзгөчөлүгүнөн кабардар болушу зарыл. Бизде андай эмес да.

Кан тамырлар менен иштөө өтө кооптуу, бир эле тамырда тромб пайда болсо, ал тургай хирургиялык операциядан кийин жарылып, бир нече күндө кайтыш болуп калып жатышпайбы. Хижама жасагандар терини кесип, канды чыгарып, ошол жерге жарым сааттай банка жабыштырып коет. Анан банканын ичиндеги кан караят, “мына карачы, кир кан” дешет. Бул туура эмес, кан сыртка чыгып кычкылтекке кошулганда түсүн өзгөртөт.

- Азыр пневмония, коронавируска чалдыккан абалы оор бейтаптарга антикоагулянттар, антибиотиктер сайылып жатат. Буларга хижама кошулса, организмде кандай реакция болушу мүмкүн?

- Хижама канды суюлтпайт. Жөн эле тилип кан алып жатпайбы. Каяктан суюлтсун? Кичине бир билими бар адам ойлонушу керек го!

Коронавирус болгон адамдын абалын оорлотуп ийгенден башка бир да таасири жок. Хижаманы дени сак, жөн гана кан чыгарам деген адам профилактика үчүн жасатса болот. Ошондо да барган жеринин тазалыгын, ошол ишти кылган адамдын жеке гигиенасын карашы керек. Болбосо кан аркылуу өтө залалдуу оорулар жугат.

Хижама жасаган эч ким азыр бейтаптын саламаттыгы үчүн кепилдик бере албайт. Аны кылган табып, молдолордун эч кандай лицензиясы жок. Медицина тармагын билбеген эле адамдар. Жеке эле коронавируста эмес, бардык учурда хижамага өтө этият болууга чакырам.

Хижама - коронавирустан айыгуу жолу эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:43 0:00
Түз линк

- Азыр антикоагулянттар табылбай, тартыш болуп жатпайбы. Канды суюлткан заттарды табигый жол менен алса болобу?

- Сирендин жалбырагын чай ордуна демдеп ичсе болот, ошондой эле мажүрүм талдын жалбырагы, дарактын сырткы кабыгында да ацетилсалицил кычкылы бар. Мунун баары күчтүү табигый антикоагулянттар болуп саналат. COVID-19 оорусу эмес, дене табы көтөрүлүп, вирустук ооруга чалдыкканда ушул эки дарактын жалбырагын чай ордуна ичсе, табигый ибупрофен, аспирин болот. Бирок баары бир дарылоону дарыгердин көзөмөлүндө ишке ашырыш керек.

Гематологдор караманча каршы

Хижаманын таасири тууралуу Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбордун дарыгери, профессор Дамира Байзакованын пикири:

"Адамдын каны сыртка агып чыкканда организмде гемоглобин азаят. Эгер чоң кишинин гемоглобини 120-140 болсо, хижамадан кийин 80-70ке чейин түшүп кетет. Анда бейтаптын абалы оорлойт, инсульт алышы мүмкүн. Органдарына, биринчи кезекте өпкөгө кычкылтек жетпей калат. Мындан тышкары бычак менен кескен жерге инфекция кирет.

Хижама кылса эле жаман канды тазалап коебуз деп ойлошот. Медицинада жаман кан, аны кетирүү деген процедура жок. Экинчиден, хижама жасаган адамдын өзүнө коронавирус жугат жана ооруп жаткан адам тез эле кайтыш болушу ыктымал. Расмий медицинада буга тыюу салынган".

Саламаттык сактоо министрлиги 15-июлда Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбетакун Намазбековдун хижама боюнча түшүндүрмөсүн жарыялады. Анда Намазбеков хижама ыкмасын коронавирус жана башка ооруларга колдонууга болбой турганын айтты.

16-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видео боюнча маалымат берип, "медицина кызматкерлери да мындай ыкманы колдойт" деген маалымат чындыкка дал келбесин айтты:

"Хижама медицина ыкмасы катары лицензияланган эмес. Пневмониядан болобу, коронавирустан болобу, дарылоо үчүн тастыкталган ыкмалардын катарына эч кирбейт. Клиникалык протоколдордо да бекитилген эмес. “Хижама абдан эффективдүү дарылоо ыкмасы” деген ойдон алыс болуп, ошентип айткан адамдарга барбаңыздар деп суранабыз! Андай ыкма менен кан аркылуу коронавирус, пневмония гана эмес, вирустук гепатит жана СПИД оорулары да жугушу мүмкүн. Алар “Беш-жети күндө дененин ысышы токтойт” деп жатышат. Бирок адамдын организминде ансыз деле 5-8 күндө өзүнүн иммунитети күрөшүп, температурасы түшүп баштайт", - деген Акматова хижама жасаткандарга кан аркылуу жуккан илдеттер бир-эки күн эмес, эки-үч айдан кийин билине башташы мүмкүн экенин кошумчалады.

Соңку бир нече күндөн бери интернетте коронавирустан өпкөсү кагынгандарга “кан чыгарып, хижама жасатуу даба экени” тууралуу видео тарап жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (23)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG