Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:00

Канадалык 24 жаштагы модел айым көзүнүн ичине татуировка жасатып, көрүү жөндөмүнөн ажырап калды. Бул окуя дүйнөлүк медицина басылмаларында абдан көп талкууланды. Ал арада Сидней ооруканасында 30 жаштагы аялдын 15 жыл мурда чектирген татуажынан улам рак оорусуна чалдыкканы кабарланды.

Канаданын Оттава шаарынын 24 жаштагы тургуну, модел Кэтт Гэллингер көзүнүн чанагына татуаж жасаткандан кийин көрүүсү начарлап кеткен.

Оттавалык моделдин көзүнө тату ийнеси сайылып, боёк түшөрү менен аллергия болуп, жаш токтобой абдан кыйналган. Кийин анын көзү жарым-жартылай азиз болуп калганын Forbes журналы жазды.

Көздүн ичине татуаж жасатуу модасы азыр Батышта өтө жайылууда.
Ал эми Кыргызстанда болсо кыз-келиндер арасында каш, оозду татуаж менен боёо модасы күчүндө. Учурунда кесепети билинбегени менен адистер татуаждан абдан көп оорулар келип чыгарын эскертишет.

Айнура аттуу келин да кашын татуаж менен чийдиргенине аз эле болду. Сулуулук үчүн ал наркоздон да качкан эмес:

- Биринчи ирет жасатканда, кашыма ооруну сездирбей турган бир дарыны сүйкөп коюшкан. Дары таркап баштаганда башым кичине ооруган эле. Каш катып калат экен. Терим дуулдап, шишигенсип, кызыктай эле сезимдер болгон.

Эгер сизден ВИЧ табылса...

Кыргызстан ВИЧтин жайылуусу салыштырмалуу төмөн деңгээлде болгон өлкө бойдон кала берүүдө.

Австралиянын ири калаасы Сиднейде болсо 30 жаштагы аял 15 жыл мурда колуна сүрөт чектирип, кийин колу катуу ооруп, жергиликтүү ооруканага кайрылганда, анын татуаж турган колундагы бездерден залалдуу шишик табылган. Аялга лимфома безинин рагы диагнозу коюлду.

Саламаттык сактоо адистери ушундан улам татуаждын оор кесепети ондогон жылдардан кийин деле айгинеленерин эскертишет.

Тери аллергияга чалдыгат

Республикалык тери жана жугуштуу оорулар борборунун дерматолог дарыгери Кундузбек Тургунбеков өз тажрыйбасында кашын чектиргенден кийин катуу аллергия болуп кайрылгандар болгонун эскертти:

- Мага да татуаж чектирип, кашынын айланасы, үстү шишип кетип келгендер болгон. Андайларга боёк заттар аркылуу козголгон аллергиялык дерматит деген диагноз коюлат. Узак мөөнөттүк дарылануу талап кылынат. Дарылангандан кийин ай сайын догдурдун көзөмөлүндө болушу керек. Бейтаптар аны эске албай жүрө беришип, кээде өнөкөт ооруга айланып, балбырап шишип кетет. Айла жок, пластикалык хирург адисине жиберип калам. Себеби тату жасаткан жерди кесип, тазаламайынча териге терең кирип кеткен боёктун аллергиялык таасири таркабай туруп алат. Эң эле коркунучтуусу - кан аркылуу жуккан кургак учук, ВИЧ-инфекциясы, ар кыл жугуштуу ооруларга кабылуу коркунучу 100 пайызга көтөрүлөт.

Сыянын курамындагы уулуу нанобөлүктөр кишинин терисинде эле калбай, лимфа бездери аркылуу бүт организмге таркай турганын, курамында залалдуу шишикти чакыруучу титан диоксиди да бар экенин Европанын синхотрондук радиация институту жакында аныктаган.

Татуаж боёгунун сапаты өнүккөн Европа өлкөлөрүндө жана АКШда бир да бийлик органы тарабынан көзөмөлдөнбөйт. Бул багытта жүргүзүлгөн айрым изилдөөлөрдө болсо тату боёгунун ичинде хром, никель, кобальт сыяктуу оор металлдар да бар экени аныкталган.

Сарыктан циррозго чейин козгойт

Тату сүрөтүн тарткан ийнелер дезинфекцияланбай улам-улам колдонулган учурарда, сарыктын эң оор В жана С түрүн козгогон учурлар кездешкенин Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын гепатологу Чолпон Идирисова да ырастайт:

- Биздин бөлүмдө кашын, оозун татуаж жасатып, гепатиттин В, С формасын жуктуруп алгандар көп кездешет. Өткөндө бир кыз эриндерин чоңойтуп, кызыл боёк чектирген экен. Сарыктын эң оор түрүн жуктуруп алыптыр. Айрыкча жаш кыздар арасында ушундай окуялар арбын. Гепатит жуктуруп келгенде, биз эпидемиологдор менен бирге себебин сүрүштүрөбүз да. Анан барып эле сулуулук салонунан чектирген татуажга такалат. Тату чеккен ийнелердин дезинфекциясын азыр эч ким көзөмөлдөбөйт. Боёктун сапаты тууралуу сөз кылбай эле койоюн. Анан кан аркылуу жуккан эң эле оор гепатитке, кээде боордун циррозу дартына чалдыгып калып жатышат. Ушундан улам жаштарга татуаждын пайдасынан зыяны көп экенин эскертким келет.

Кыргызстанда маникюр, педикюр жасатуудан да сарык оорулары жугуп жатканы айтылып келет.
Кыргызстанда маникюр, педикюр жасатуудан да сарык оорулары жугуп жатканы айтылып келет.

Боёктун курамындагы оор металлдардын организмге болгон таасири тату сүрөтүн чектиргенден кийин дароо эмес, ондогон жылдардан кийин байкалышы ыктымал экенин Annals of Internal Medicine журналы жазат. Денеге чегилген татуажды чыгарууда колдонулган заттар да киши саламаттыгына оор залака алып келиши ыктымал экени макалада айрыкча айтылат.

Кыскача маалымат

Заманбап косметологияда абдан популярдуу болуп жаткан перманенттик макияж же кашты, оозду атайын боёк менен чектирүү термини медициналык сөздүккө 1865-жылы кирген.

Жыйырманчы кылымдын башында денеге ар түрдүү сөз же татуировка чектирүү кылмыш дүйнөсүнө таандык өзгөчөлүк болгон.

Эми дүйнөлөшүү жүрүмү маалында бул денесине энбелги чектирүүнүн байыртадан келген салты болуп көрбөгөндөй жаңы технологиялык усулдар менен жүргүзүлүп, улам жаңы муундарды өзүнө арбоодо. Табигый сулуулукка чакыруу жана денеге энбелгини коюунун кесепеттүү жагдайларын ачыктоо аркылуу бул усулдарга каршы күрөшкөн агымдар да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG