Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Өкмөт Бишкекке жана Ошко оорукана курат


Талас шаарындагы спорт залда ачылган күндүзгү стационар.
Талас шаарындагы спорт залда ачылган күндүзгү стационар.

21-июлга карата соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 42 адам каза тапты.

Бир жуманын статистикасын ала турган болсок, бул илдет 482 адамдын өлүмүнө себепкер болду.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери инфекция 28 251 адамга жугуп, алардын 14 776сы айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу кырдаал курчуган соңку бир айда ооруканаларда орун тартыштыгы негизги көйгөйгө айланды. Мындан улам адистер жаңы медициналык мекемелерди куруу зарылдыгын айтып келишкен.

Мына ошол коомчулуктун талабы аткарыла турганы 21-июлда белгилүү болду. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана курулат.

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

« Кечээ президент менен жолугушканда заманбап оорукананын курулушу боюнча кеңири сүйлөштүк. Буюрса, курулуш иштерин ушул жумада баштайбыз. Бишкекте жана Ошто салына турган жери аныкталды. Оорукана 100 орундуу, 25и реанимация бөлүмүнө берилет. Бул иштерге Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылышы зарыл».

Кубатбек Боронов курулуш иштерине канча каражат сарпталарын жана медициналык мекемелер качан ишке берилерин так айткан жок. Оорукана тез курулуучу конструкция менен тургузулары белгилүү болду.

Премьер-министр кошумчалагандай, өлкөнүн башка облустарындагы колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылат. Кыргыз өкмөтү ушундай жол менен орун тартыштыгын чечүүнү пландап жатат.

Коронавирустун очогуна айланган Бишкекте илдет жуктургандардын жана каза болгондордун саны азайганы менен аймактардын статистикасы жогорулай баштаганы байкалууда.

Жарандык активист Тилек Токтогазиев региондордогу медициналык мекемелер COVID-19 илдети менен күрөшүүгө даяр эместигин айтууда.

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

« Килтейген Бишкек менен Ош шаарына 100 орундуу оорукананын курулушу эч нерсени өзгөртпөйт. Бул жөн гана элдин көзүнө көрүнүү. Жакшы бир ракурс менен тартып, мактангысы келип жатышат. Саламаттык сактоо тармагына союздан мурас катары калган имараттардын эскилиги жеткенине өзүм күбө болдум. Район, айылдардагы ооруканаларда медициналык жабдыктар жокко эсе. Мындан тышкары Кызыл-Кыя шаарындагы башкы дарыгердин айлыгы 6 500 сом экен. Акыркы 30 жылдагы медицина тармагына болгон салкын мамиленин жыйынтыгы ушундай».

Тилек Токтогазиев бир нече жумадан бери аймактарды кыдырып, ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек станцияларын орнотуп жатат. Жасалма дем алдыруучу аппараттарды курууга мамлекет көмөк көрсөткөн жок. Болгон чыгымдарды ишкерлер жана жергиликтүү тургундар көтөрүүдө.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ассоциациясынын жетекчиси Сүйүнжан Мукеева эгемендик алган жылдардан бери Кыргызстан өз каражатына оорукана кура электигин айтып жатат. Ал буга чейин саламаттык сактоо тармагын эл аралык уюмдар жана донорлор көтөрмөлөп келгенин кошучалады.

« Мен билгенден Фучик көчөсүндөгү кыргыз-түрк ооруканасы гана курулду. Ага деле мамлекеттин тыйыны корогон жок. Биз өз күчүбүз менен майда-барат ФАПтарды куруп жатабыз. Акыркы 30 жылдан бери замандын талабына жооп берген оорукана кура алган жокпуз. Медициналык мекемелерди жабдый албай, дарыгерлерге шарт түзө албай жүргөнүбүздү пандемия ачыкка чыгарып койду. Жада калса эски ооруканалар деле донорлордун акчасына оңдолуп келет».

Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар аларын маалымдаган. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин келип түшкөн. Грант жана насыя катарында алынган каражаттардын бир бөлүгү эле коронавирус менен күрөшүүгө коротулушу сынга алынууда.

«Гансиде» уланган жана өчкөн өмүрлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:35 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG