Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Стационарлардын саны жана сапаты


Каракол шаарындагы күндүзгү стационар.

Бишкекте жана аймактарда уюштурулган айрым стационарлардын шарты медициналык талапка жооп бербей жатканы айтылууда.

Июль айынын башынан бери өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп, ооруканаларда орун калбай калгандыктан, алгач борбор калаада, андан соң аймактарда күндүзгү дарылоочу убактылуу жайлар ачылды.

Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева күндүзгү стационарлардагы уюштуруу иштери, бейтаптарды иргөөнүн жол-жобосу тууралуу буларга токтолду.

«Бизге бейтаптарды бөлүп, оор абалда келгенине «сизди кабыл албайбыз» деп айтууга болбойт. Канткен менен медицина кызматкерибиз. Ошондуктан бейтаптарды иргеп, эгер стационар мектептин имаратында болсо, абалына карай кабинеттерге бөлүп жатабыз. «Кожомкул» атындагы спорт сарайында кычкылтек концентраторлору коюлган атайын көшөгөлөр менен тосулган реанимациялык орундар да бар. Бирок өтө оорлорун баарыбир ооруканага жеткириш керек болот.

Стационарлар ачылып жатканда шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызмат келип, кандай тартипте ачыш керек, тазалык, дезинфекциялоо каражаттары, медиктердин коргонуучу кийимдери, канча дарыгер, канча медайым болушу керек экенин, айтор баарына көрсөтмө берип кеткен. Дарылоо Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен протоколдун негизинде ишке ашып жатат».

Айылдарда башаламандык көп

Башкалаадагы стационарларды эпидемиологдор аздыр-көптүр көзөмөлдөгөнү менен жаңы конуштар, айылдардагы тез арада ачылган дарылоочу жайларда абал мындай эмес. Бишкектин четиндеги Кырман конушунда ФАП жабылып, эл медициналык тейлөөсүз калган.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Бул конушта жашаган укук коргоочу Азиза Абдирасулова демилге көтөрүп, айылдык мечит стационарга айланды. Бирок андагы ыктыярчы медиктерге ооруларды иргөө, санитардык көзөмөл, ал тургай иштөө тартиби тууралуу эч кандай көрсөтмө берилген жок.

«Шаарда Саламаттык сактоо башкармалыгы деген мекеме бар экен. Ал жакка барсам стационарлардагы иштөө, бейтаптарды кабыл алуу тартиби тууралуу так кесе жазылган эрежелер жок. «Аралыкты 2 метр сактагыла, бет кабы жок стационарга келбегиле, тыгылышпагыла» деген сыяктуу бул күндүзгү жайларда өзүн алып жүрүү эрежелери кыргыз, орус тилдеринде такыр жок. Дарыгерлер кыйналып, тапкан-терген коргоочу каражаттары менен иштеп жатса, аларды опузалагандар чыгып жатат. Ансыз деле догдурларыбыз ооруп, өлүп жатышпайбы. Министрликтен бир көрсөтмө таба албай койдук.

Биз Кырман айылындагы мечитти айылдык аксакалдар менен барып эле күчтөп басып алып, стационарга айланттык. Айыл өкмөтү кичине жардам берип, ыктыярчы дарыгерлер иштеп жатат. Азыр ар бир айыл өз тургундарынын саламаттыгына өзү кам көрүп, уюштурбаса мамлекеттен эч жардам болбойт».

Социалдык өнүктүрүү институтунун изилдөөчүсү Айжан Дооронбекова Кыргызстандагы бул стационарлар жугуштуу оорунун очогуна айланып, бейтаптардын абалын ого бетер оорлотуп жатат деген пикирде.

"Бийлик, жергиликтүү башкаруучулар "тигил жакта мынча орун ачтык, анттик, минттик" деп мактанып жатышат. Клиникалык дарыгерлер "бул эмне кылганыңар" деп кыйкырса да, эч ким укпай жатат. Себеби, ал жактарда көзөмөлсүз жүрүп, жеңил формасы менен ооругандардын абалын начарлатып жатпайбы. Эмнеге элдин баары ошол стационарларга агылууда? Себеби, алардын биринчи баскычта медициналык жардам алганга мүмкүнчүлүгү жок. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жабык, догдурлардын көбү ооруп жатат. Мен башкы инфекционист дарыгер Айнура Кутманова, фармаэксперт Аида Зурдинова менен сүйлөшсөм, алар элдин көзөмөлсүз эле дексаметазон сыяктуу дарыларды сайдырып, кыйналып жатканын айтышып, эмне кылар айласын таппай калышты. Башкаруунун жоктугунан улам ушинтип эл өзүн-өзү оор абалга кептеп жатпайбы".

"Ишибизди жеңилдетип жатат"

Анткен менен дал ушул күндүзгү стационарлар бейтаптардын санын азайтып, ооруканаларга түшкөн жүктү жеңилдетүүгө салым кошуп жатканын көпчүлүк айтууда. Саламаттык сактоо министрлиги ири шаарлардагы дарылануучу убактылуу жайлардын гана санитардык нормаларын текшерип үлгүрүүдө.

Министрликтин адиси Бермет Эстебесова айылдарда, конуштарда ачылган жайлардагы медиктерди онлайн окутуп жатышканын билдирди.

«Ооруларды сорттогон зоналарды колдонуу жагын эпидемиологдор карап жатышат. Балким кээ бир жерлерде эрежелер сакталбай жаткандыр. Биздин кызматкерлер болушунча маалымат алганга аракет кылып, жаңы ачылган стационарлардагы кесиптештерди онлайн окутканга аракет кылуудабыз. Клиникалык протокол, дарылоо тартиби, коргонуучу каражаттарды туура кийип-чечүү боюнча көрсөтмөлөрдү жетишпей калсак, онлайн окутуп жатабыз. Кыска убакыттын ичинде баарына жетишүү кыйын экен. Аларды мобилдик кызмат катары иштеткенге туура келүүдө. Бул стационарлар азыркы вирустук күчтү жеңилдетүү жагынан бизге аябай жардам берип жатат».

Адистер күндүзгү стационардагы эпидемиологиялык иргөө ишин толук кандуу аткарууга мүмкүн болбой жатканын айтышат. АКШ, Германияда да коронавирус оорулары арбыганда чатырлар тигилип, оорулар кабыл алынган. Бирок ал жакта эпидемологиялык сорттоо үч этапта болгон. Алгач тестирлөө, оору аныкталгандан кийин аны абалына жараша үйдөн дарыланууга, стационарда калууга же ооруканага жаткырууга чечим кабыл алынып келген.

Оксфорд университети жана кыргызстандык вирусолог-эпидемиологдордон турган топ пандемиянын жүрүшүн божомолдоо менен алек. Бул топко мүчө «Сорос Кыргызстан» фондунун саламаттык боюнча координатору Айбек Мукамбетов күндүзгү стационарларда борборлоштурулган лабораториялар болушу керек деген ойдо.

«Талаа госпиталы болсо деле мындай стационарларга келгендерди дароо анализ алып, ПЧР, рентген, компьютердик томография болобу, айтор коронавирус экенин аныктап же жокко чыгарып, андан кийин дарылай баштаса жакшы болот эле. Мындай жайлар сөзсүз мыкты, тез иштеген лабораториялары менен ачылса идеалдуу болмок. Бейтап кандай шартта келбесин оорусун аныктап, анан дарылоо башталганы дурус да».

Санитардык нормалар сакталышы керек

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанда ачылып жаткан талаа ооруканалары боюнча расмий түшүндүрмө же алардын иштөө тартиби тууралуу атайын нускама бере элек.

Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Акбар Эсенгулов стационарлар азыркы оор кырдаалдан чыгууда бир топ жардам берип жатканын маалымдады.

«Биз бул стационарларды Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча эрежелерин бузбоого чакырабыз. Андагы бейтаптардын абалына жараша кабыл алынган улуттук дарылоо протоколдорун бузбай дарылоо керектигин белгилейбиз».

15-июлда борбордогу стационарларга кайрылган тогуз киши кайтыш болгону айтылды. Түнкүсүн тейлей турган 220 орундуу дагы кошумча жай ачылды. Ал эми аймактарда канча орун ачылып, канча бейтапты тейлегени тууралуу азырынча так эсеп жүрө элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG