Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Аймактардын ача пикир жараткан абалы


Убактылуу стационарда тартылган сүрөт.
Убактылуу стационарда тартылган сүрөт.

Соңку күндөрдөгү статистика облустардагы эпидемиологиялык абал курчуп баратканын көрсөттү. Коронавирустан каза болгондордун дээрлик жарымы - элеттиктер.

21-июлга карата соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 42 адам каза тапты. Кайтыш болгондордун тогузу Бишкекте. Ош жана Ысык-Көл облустарында жетиден, Жалал-Абад облусунда беш, Талас жана Нарын облустарында төрттөн, Чүй облусунда үч, Ош шаарында эки жана Баткен облусунда бир адам көз жумду.

Ош шаарынын тургуну Гүлгакы Мамасалиева оору күчөгөн сайын шаарда дары тартыштыгы байкалып жатканын айтты.

Ош шаары. 9.07.2020.
Ош шаары. 9.07.2020.

«Дары жок болуп жатат. Ооруканага кайрылгандар көп. Үйүндө ооруп жаткандар толтура. Баары эле дары издеп жүрүшөт, клексан, гепарин сыяктуу дарылар тартыш болуп жатат. Эл социалдык тармактарда дары издөө боюнча тайпаларды түзүп алышкан. Көбүнчө ошол жерден табылып жатат. Мындан тышкары чет өлкөдө жүргөн мигранттар да жардам берүүдө».

Мамасалиева Ошто оору күч алганы көчөдө баскан адамдардын аягы суюлуп, беткап тагынып калышканын кошумчалады.

Коронавирус илдети менен пневмониянын жаңы учуру соңку күндөрү Баткен облусунда да көбөйгөнү байкалды. Маселен, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан тартып 1-июлга чейин бул аймакта COVID-19 вирусун 90 адам жуктурса, 20 күндүн ичинде эле бул илдет 945 адамдан табылды. Ошону менен Баткенде коронавируска чалдыккандардын саны 1 035 адамга жетти.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган. Буга чейин республикалык ыкчам штаб пневмонияга кабылгандарга өзүнчө эсеп жүргүзүп келген.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Алишер Абдрахманов «акыркы үч күндөн бери оору басаңдады» деп ишендирүүдө.

Баткен шаарындагы оорукана.
Баткен шаарындагы оорукана.

«Баткендиктерге башка облустардан келгендерден жугуп, оорунун көрсөткүчү көбөйүп кетти. Бирок акыркы күндөрү басаңдап калды. Абал турукташты деп айта алам. Ооруканаларда шарт жетиштүү, өткөндө эле өкмөттөн 30 кычкылтек концентратору келди. Биздин аймакта өтө күчтүү аппаратты талап кылган бейтаптар аз. Ушул күнгө чейин Баткен облусу боюнча коронавирус илдетине чалдыккан беш киши каза болду».

Талас облусу да аз күндө эле оорунун көрсөткүчү көбөйгөн аймактардын катарына кирет. Кыргызстанда бул илдет башталгандан үч ай өтүп алгачкы учуру катталган бул облуста учурда коронавируска кабылгандардын саны 673 кишиге жетти. Илдетти жайылтпоонун аракетинде облустук бийлик бир катар чектөөлөрдү киргизди. Эки аптага базарлар жана Бишкек-Талас автокаттамы жабылды. Облустун жетекчиси Марат Мураталиев буларга токтолду.

Талас шаары.
Талас шаары.

«Пневмония оорусуна чалдыккандар айрыкча Талас шаары менен Бакай-Ата районунда көп болуп жатат. Кырдаал туруктуу. Эл жапырт ооруган жок. Акыркы күндөрү оору басаңдап калды. Талас облусунда коронавирус каттала электе айрым адамдар «вирус жок» деп айтып чыгышпадыбы. Ошондо эл беткап тагынбай жүрүп, оору жайылып кетти. Учурда эл ооруга олуттуу мамиле жасап калды. Көчөдө жүргөн адамдар беткап тагынып жүрүшөт. Ал эми ооруканалардагы бейтаптарды кабыл алуу шарттары талаптагыдай. Кычкылтек концентраторлору мамлекет тарабынан жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен толукталды».

Ушундай эле кырдаал өлкөнүн башка облустарында да жаралды. Туристтик аймак катары саналган Ысык-Көл облусунда да эпидемиологиялык абал курчуп кетүү коркунучу күч. Бирок облустук оорукананын жетекчилиги «зарыл болгон медициналык жабдуулар жана дарылар жетиштүү» деп билдирүүдө.

Өткөн аптадан тартып жер-жерлерде күндүздү стационарлар ачылып, элди кабыл ала баштаган. Бул үчүн ар бир облустагы ооруканалар менен спорт зал, мектеп, бала бакчалардын имараттарына керебеттер коюлган.

Оору күчөп турган мезгилде ИВЛ аппараты менен кычкылтек концентраторлорунун тартыштыгы да башкы маселеге айланды. Облус жетекчилери «дары-дармек, аппараттар жетиштүү» деп айтып жаткан чакта аймактарды кыдырып ыктыярчы болуп жүргөн ишкерлер абал оор экенин билдиришүүдө.


Ушул күнгө чейин Кыргызстандагы ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек системасын орнотуп жүргөн ыктыярчы-ишкер Тилек Токтогазиев аймактарда күбө болгон көрүнүштөрдү айтып берди.

«Абал барган сайын курчуп баратат. Биз Кочкор райондук ооруканасына борборлоштурулган кычкылтек киргизүү үчүн сегиз саат иштедик. Ошонун ортосунда биздин көз алдыбызда төрт адам каза болду. Бул оорукана негизинен 26 орундуу экен. Ушундай эле окуяга Жалал-Абад облустук ооруканасында иштеп жатканда да туш болдук. Ал жерден тогуз киши каза болгонун көрдүк. Аппарат орноткон 10 чакты устабыз бар эле. Алар мындай нерселерге мурда-кийин күбө болбогондуктан, моралдык-психологиялык сокку алып, иштебей кетип калышты. Азыр үч гана уста калды. Аймактарда абал оор. Аппарат жетишпегендиктен көптөрү дем жетпей өлүп калууда».

21-июлга карата бир сутка ичинде COVID-19 UO7.1 жана пневмония UO7.2 катталган жаңы учур 1108ди түздү. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 28 251ге жетти. Өлгөндөрдүн жалпы саны 1 079 болду.

Буга чейин бул илдеттен каза тапкандар боюнча эң жогорку көрсөткүч 15-июлда катталып, 84 адамды түзгөн. Пандемия башталгандан бери 1 037 адам каза тапты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG