Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

COVID-19 жуккан дарыгерлерге кенемте төлөнө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирусту жумушунан жугузган медицина кызматкерлери мамлекеттен кенемте ала элек. Каза болгон дарыгерлердин канчасынын үй-бүлөсүнө материалдык жардам төлөнгөнү тууралуу расмий маалымат жок.

"Азаттыктын" бул маселе боюнча суроосуна жоопту 21-июлдагы онлайн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова оору жуккан 40 дарыгердин документтери каралып жатканын айтуу менен чектелди:

"Коронавирустан жабыркаган бардык медицина кызматкерлеринин арасынан биринчи 40 адамдын тизмеси облустардан берилген. Илдетти тастыктап, анан төлөп бериш үчүн эпидемиологиялык документ жана атайын акт керек болчу. Ошол эпидемиологиялык корутундулар даярдалбай... Ар бир медициналык кызматкерге өзүнчө даярдалып берилиши керек экен. Облустар баарын таблицага салып даярдап беришкен. Ошондуктан ар бир медкызматкер боюнча өзүнчө даярдоо тапшырмасы берилген".

Оору жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөө тууралуу чечим өкмөттө май айынын башында кабыл алынган.

41 дарыгерге кенемте төлөнгөнү жатканы бир ай мурда айтылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эсебинде, иштеп жатып вирустан каза болгон дарыгерлердин саны тогузга жетти. Журналисттердин эсептөөсүндө, жалпысынан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны 50гө чамалады.

21-июлга карата коронавирус жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 2 428ге жетти, алардын 624ү айыгып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG