Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

«Гансидеги» абал дарыгерлерди ыйлатты


Эрнест Бөрүбаев Интернетке тараткан видеодон алынган сүрөт.
Эрнест Бөрүбаев Интернетке тараткан видеодон алынган сүрөт.

Коронавирус жуктурган адамдар үчүн ачылган обсервациялардагы жана күндүзгү стационарлардагы санитардык абал дарыгерлерди тынчсыздандырууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 15-июлда «Ганси» аба базасынын ордуна ачылган «Семетей» обсервациясындагы абал менен таанышкан. Эл өкүлү «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган тасмада дарыгерлер кадимкидей ыйлап, обсервациянын кейиштүү абалын сүрөттөп айтып жатканын көрүүгө болот.

Атын атабаган, өзүн хирург-онколог дарыгер катары тааныштырган адам кырдаал барган сайын күчөп баратканына кейиди.

«Бул жерди эл кадыресе оорукана сыяктуу кабыл алып жатышат. Чынында бул оорукана «кызыл зона» болуп эсептелет. Андыктан оорукананын кире беришинде тажрыйбалуу дарыгер келгендерди кабыл алып отурушу керек. Бул ооруканага кайрылгандардын көбү терапевттин жана жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлердин кеңешине муктаж. Ошондуктан келген бейтапка кире бериштен эле багыт берип, тиешелүү бөлүмгө жиберилиши керек эле. Ошондо оорукананын ичине ашыкча адам кирбейт болчу. Эч кимде оору жугузуп алуу коркунучу болмок эмес. Азыр бул жерде башаламан. Эмне үчүн оору жайылып жатат? Себеби ооруканада жаткан жакындарына келгендер эң жөнөкөй санитардык эрежелерди сактабай жүрөт, беткап тагынышпайт. Албетте дарыгерлерге жугат да. Эгер биз ооруп калсак ата-энебиздин жана үй-бүлөбүздүн жүрөгү эле ооруйт».

Депутат Жанар Акаев «илдетти ооздуктоо үчүн ыктыярчылар менен жардамга кол сунган адамдардын аракети текке кетип жатат» деп өкмөттүн ишин сынга алды.

Депутат өкмөт башчы Кубатбек Бороновду жана жалпы эле бийликти обсервациялардагы, ооруканалардагы жана күндүзгү стационарлардагы абалга көз салып, андагы башаламандыктарга көңүл бурууга чакырды.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

«"Гансиде" адамдар эркин жүрөт, ошол жерди тартипке салып коюу үчүн да чет өлкөдөн карызга акча алышыбыз керекпи? Муну тез арада тартипке салып, оорунун жайылышын чектебесеңер, жоопко тартууну талап кылышыбыз керек. Болбосо чын дилинен жардам берип жүргөн ыктыярчылардын, тамак-аш таратып жүргөн мекенчилдердин, четтен алган дары-дармек, эл чогулткан акчанын баары асманга кеткен болот. Таптакыр тартип жок. Оорулуулар, врачтар менен бейтаптардын тууган-уругу аралашып эле жүрүшөт. Көзөмөлдөп койгон киши жок. Орусиядан келген дарыгерлер иштеп жатышкан экен, мага абалды айтып берип жатып, көз жашын көлдөтүп ыйлашты. "Эгер мындай болсок биз дагы бир-эки жылдап оору менен алышабыз" деп жатышат».

Өз ыктыяры менен элге жардам берип жүргөн тамада Эрнест Бөрүбаев 13-июлда аталган жайда оор абалда жаткандар менен башкалар аралашып жүргөнүн, ар кандай таштандылар чыгарылбай жатканын видеого тартып Интернетке жарыялаган. Бөрүбаев «Семетей» көзөмөлсүз калганын айтып, «таштандылар кайда төгүлүп жатат?» деп суроо салган.

Ал оорукананын аймагына ыргытылган желим бөтөлкөлөр таштанды полигонуна ташылып, ал жерден таштанды терген адамдар кармап, оорунун жайылышына шарт түзүп жатканын видеодо айтып берген эле.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Семетей» госпиталынын имараты жайгашкан аймакта тиричилик жана медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Андан сырткары аймакты дезинфекциялоо иштери, кошумча таза суу менен камсыздоо, бейтаптарга, медициналык кызматкерлерге шарт түзүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

14-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов да «Семетей» госпитал жайында бардык шарт бар экенин айткан эле.

Кубатбек Боронов "Семетей" бейтапканасында. 2020-жыл, 13-июль.
Кубатбек Боронов "Семетей" бейтапканасында. 2020-жыл, 13-июль.

«"Манас" аба бекетинин жанындагы мурунку «Ганси» аба базасынын ордуна «Семетей» обсервациясын ачканбыз. Азыр аны ооруканага айландырдык. Учурда бул жайда 50 орундуу жандандыруу бөлүмү ачылды. ИВЛ жана кычкылтек концентраторлору сыяктуу медициналык жабдыктар менен толук камсыздалып, ушул күндөрү коронавирус илдетине чалдыккан оор абалдагы бейтаптар дарыланып жатат. Бул жайды мындан кийин да ушул сыяктуу максаттарга колдонгонго мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көпчүлүк ал жерге баргандан коркуп жатышат. Биринчиден, шаардан алыс жайгашкан, экинчиден, «ал аба базасы болсо, кандай болуп калат? Биз ооруканага барабыз» деп кооптонуп жатышат. Ал жердеги шарттар талаптагыдай».

Вице-премьер-министрлер, министрлер жана мамлекеттик мекеме жетекчилери Бишкектеги ооруканаларга жана стационарлардын ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жаткан камсыздоо маселелери боюнча куратор болуп бекитилген.

«Семетей» госпиталына жооптуу болгон өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тартип жөнгө салынганын айтты.

Замирбек Аскаров.
Замирбек Аскаров.

«Учурда 15 милиция кызматкери күнү-түнү иш алып барууда. Мындан сырткары чарбалык иштерге министрликтин 20дан ашык кызматкери тартылган. Буга чейин «Семетей» госпиталында тартип болгон эмес, «ооруканага келгендер жакындары менен терезеге башын киргизип алып сүйлөшүп жатат» деген маалыматтар чыгып кетпедиби. Буга ооруканага бекитилген башкы дарыгердин шалаакылыгы себеп болду. Мен бул тууралуу өкмөт башчыга, коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга билдирдим. Учурда башкы врач болуп башка киши дайындалды. Карантиндик зонада негизги милдет, жоопкерчилик башкы дарыгерге жүктөлөт. Ал эми бул жердеги милиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери ага баш ийет».

Өкмөттүн маалыматына караганда, бүгүнкү күндө «Манас» аэропортунун жанындагы «Семетей» обсерваторунда 1310 орундун 600үндө бейтаптар жатат. Ал жерде Улуттук госпиталдан, Онкология жана гематология улуттук борборунан, Чүй облустук бириктирилген ооруканасынан жана Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан 170 медицина кызматкери ишке тартылган.

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдетке Кыргызстанда 12498 адам чалдыкты. 16-июлга карата бул оорудан 167 адам кайтыш болду.

Ал эми март айынан бери пневмониядан көз жумгандардын саны 612 адам болду. Жалпысынан мындай диагноз менен март айынан бери ооруканага 9204 адам жаткырылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG