Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

COVID-19: Үмүт тартуулаган үч вакцина


COVID-19 илдетине каршы үч вакцина алгачкы сыноодо өзүн натыйжалуу жана коопсуз экенин көргөздү.

Изилдөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгы 20-июлда жарыяланды. Бирок үчөө тең дагы масштабдуу сыноолордон өтүүгө тийиш.

Медицина тармагындагы эксперттер вакцинасыз дүйнөлүк алкакта 600 миңден көп кишинин өмүрүн алып кеткен коронавирусту ооздуктоо мүмкүн эместигин эскертип келишет.

Сөз болгон вакциналардын бири - "AstraZeneca" деген швециялык-британиялык компаниясына жана Оксфорд университетинин окумуштууларына таандык.

"The Lancet" медициналык журналында жарык көргөн макаланын автору, изилдөө тобунун мүчөсү Эндрю Полларддын айтымында, вакцина коронавирустун бул түрүнө иммунитетти пайда кыларын жана организмге олуттуу залака тийгизбесин көргөздү.

Изилдөөчүлөр эмдөөдөн өткөн ыктыярчылардын айрымдарынын башы ооруп, көп чарчаганын белгилешет.

Сыноого 18-55 жаштагы адамдар, бардыгы болуп миңдей ыктыярчы тартылган. Тесттин биринчи жыйынтыгы дээрлик эки айдан кийин чыгарылды. Вакцина кадимки шимпанзеде сасык тумоого алып келген вируска негизделген. Андан кийин вирус генетикалык жактан өзгөртүлгөн (модификацияланган).

Бир доза вакцина сайылгандан кийин бир айда кишилердин 91 пайызында жана эки доза алгандардын бардыгында вакцина организмди коронавирусту нейтралдаштырган антитела иштеп чыгууга түртөрү байкалган. Ал антитела вирустун клеткаларга жугушуна жол бербейт.

Окумуштуулар бул вакцина көп убакытка илдеттен коргойт деп үмүттөнүшөт, бирок анын натыйжалуулугун башыкташ үчүн дагы сыноолор жүргүзүлүүгө тийиш.

Фармацевтикалык дөө-шаалардын бири -"AstraZeneca" компаниясы болочок сыноолор ийгиликтүү жана натыйжалуу болсо, вакцинаны өндүрүү үчүн бир нече өкмөттү 2 миллиард доза менен камсыздоо тууралуу макулдашууларга кол койду.

Ушу тапта компания клиникалык изилдөөнүн үчүнчү баскычына өттү. Башкача айтканда, эми вакцина ондогон ыктыярчыга сайылып, мурдагыдан узагырак убакыт байкоого алынат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "AstraZeneca" компаниясынан тышкары дагы ондогон вакцинаны COVID-19га каршы күрөшүүгө "жардам бериши ыктымал" деген эксперименталдык каражаттардын тизмесине киргизген.

Ал тапта кытайлык изилдөөчүлөр да "The Lancet" журналына өз вакцинасы боюнча сыноонун жыйынтыгын жарыялашты. Бул багытта "CanSino Biologics Inc" компаниясы иш алып барган.

508 ыктыярчыга бир доза сайылгандан кийин көбүндө иммундук реакция байкалып, вакцина негизинен коопсуз деп бааланды.

"AstraZeneca" жана "CanSino" экөө тең бирдей ыкма менен технологияларды колдонушкан.

Дүйшөбүдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Майк Райан ыктымал вакцинага байланыштуу көбүрөк маалыматтардын түшүп жатканын оң баалады.

Өткөн жумада америкалык "Moderna" биотехнологиялык компаниясы өз вакцинасынын үстүнөн жүргөн тест жөнүндө көптөн үмүттөндүргөн маалыматтарды жарыялаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, бери дегенде 23 дары текшерилип, жалпысынан дүйнө боюнча илимпоз-адистер 100дөн ашуун ыктымал вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG