Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Кенебестиктин кечиримсиз кесепети


Каракол, Кыргызстан.
Каракол, Кыргызстан.

Премьер-министр Кубатбек Боронов пандемияга даярдыктын чабалдыгынын себебин түшүндүрдү.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов соңку мезгилде COVID-19 вирусунун таралышы күчөп, саламаттык сактоо тармагы оорулуулар үчүн орун, дары-дармек жана врачтардын жетишсиздигин баштан кечиргенин моюнга алды.

Премьер-министр пандемия жайылганда эле эмнеге ооруканалар даярдалбай, дарылар сатылып алынбай, медиктердин резерви түзүлбөй калган жагдайга түшүндүрмө берди.

Ал азыр дарылар алынып, дарыгерлер келип, ооруканалар курула турганын айтты. Коомчулукта өкмөт башчысынын ооруканаларды буга чейин даярдап койбой, кырдаалдан чыгууну көздөгөнү сынга кабылды.

Коронавирус илдетинин жапырт жайылышынын алдын алуу үчүн кошуна өлкөлөрдүн өкмөттөрү эпидемиологиялык чараларды көрүп, жаңы ооруканаларды куруп, дары-дармектерди камсыздоону колго алган.

Кыргызстандын өкмөтү дагы быйыл январь айында атайын штаб түзүп, даярдык көрүлүп жатканы жарыялаган. Бул максатта парламент кошумча 300 миллион сом бөлгөн. Бирок тиешелүү даярдык болбогонун соңку кырдаал көргөзүп койду.

Премьер-министр Кубатбек Боронов башкалар жаңы ооруканаларды куруп жатканда кыргыз өкмөтү эмнеге камданбай калганына мындай жүйө келтирди.

"Кээ бир мамлекеттер ыкчам тартипте миң орунга чейинки ооруканаларды шашылыш куруп, даярдады. Аны биз дагы көрүп турдук. Бирок биз мамлекеттин чама-чаркына жараша өзүбүздүн билген жолубуз менен баралы деген жыйынтыкка келгенбиз. Ошентип, бир эле “Манас” аба майданы тараптагы мурдагы аскер аба базасы жайгашкан жерге обсервация уюштурдук. Ал жерде 50 койка реанимациялык жана 1715 койка жалпы мүнөздөгү орун-жай даярдалды. Илдет жайылып, дүрбөлөң башталганда бизде жанагы оор көйгөйлөр чыга келди. Бул жагдай күтүүсүз шартта башталып кетти. Бирок биз курч абалды көзөмөлдөп, кармап калдык".

Кыргызстанда COVID-19 илдети катталган күндөн тарта өкмөттүн жана республикалык штабдын алдында төрт маселе турган. Дары-дармек, коргоочу каражаттар менен камсыздоо, медперсоналды даярдоо жана койкаларды ырастоо. Бирок алдын алуу чараларынын начардыгынан дарыгерлерге илдет жугуп, оору менен күрөшө турган ондогон дарыгерлер көз жумду.

Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгери, инфекционист Алтын Токтогожоева коопсуздук чараларын камсыздоонун абалы тууралуу буларды билдирди:

"Биз сырттан келгендерди текшере баштаганда атайын коргоочу кийимдерди эмес, жөнөкөй эле халаттарды беришти. Андан сөзсүз түрдө илдетти жугузуп алышыбыз мүмкүн болчу. Себеби, бир күндө ошондой форма менен кырктан ашуун бейтапты карап жаттык. Ошондуктан биздин дарыгерлер өздөрү ооруп калып жатты. Атайын медициналык коргоочу беткаптар да жок эле. Бизди бир жолу колдоно турган беткаптар менен камсыздашты. Мамлекет тиешелүү коргоочу каражаттарды берип туруп анан "тиешелүү эрежелерди сактабай, өзүңөр илдетти жугузуп алгансыңар” десе түшүнөт элек. Мунун кесепетинен коронавирус илдети соңку мезгилде өлкөдө жайылып кетип, өткөн эки жуманын аралыгында эле адам курмандыктарынын саны миңден ашып кетти".

Премьер-министр Кубатбек Боронов азыр абал жөнгө салынып, Индиядан, Кытайдан, Пакистандан жана Орусиядан дары-дармек келип жатканын, өкмөт эми жаңы ооруканаларды курууга киришкенин айтты.

"Кудай буюрса, ушул жумада Бишкекте жана Ошто жаңы эки оорукананын курулушун баштайлы деп турабыз. Алар кайсы жерге салына турганы да аныкталып калды. Бул оорукананын ар бири жүз орундуу болуп, алардын ичинде 25-30 орундук реанимациялык палаталар болот".

Анткен менен оппозициялык саясатчы Бектур Асанов өкмөт азыр баштаган алдын алуу иштерин мурда эле аткарып койгондо, илдеттин жайышына жол бербей, өз маалында басууга мүмкүн болот эле деген ойдо. Бектур Асановдун айтымында, бул үчүн жаңы ооруканаларды куруунун деле кажети жок болчу.

"Биздин өкмөт 2,5- 3 ай мурун өзгөчө кырдаал жаңы жарыяланган мезгилде ооруканаларды курбаса дагы, тиешелүү имараттарды оңдоп-түздөп, ошол жерлерге орундарды даярдап, аларды убактылуу ооруканаларга айлантууга мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Анан дагы пандемия башталып жаткан кезде эле тиешелүү дары-дармектерди сырттан сатып алып келүүнү уюштуруп, ИВЛ жана жасалма дем алдыруучу жабдууларды камсыздоого убакыт да, каражат да бар эле. Бирок биздин өкмөт өзүнүн уюштуруу жөндөмүнүн алсыздыгынан улам, бул иштерди учурунда жасай албады. Ошондуктан муну жөн эле шалаакылык катары кабыл алуу керек. Ошонун кесепетинен ооруканаларда орун тартыш болуп, дарыгерлер даяр болбой, дары табылбай, ошонун негизинде адам курмандыктарынын саны көп болуп кетти".

Кыргызстанда вирус жана өпкөнүн кагынуусунан өлгөндөрдүн жалпы саны 1 169​ адамды түздү. Пандемия башталгандан бери вирус жугузуп алгандардын саны 30 126га жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 16 791 адамды түздү.

Кызыл зонада иштеген медайымдын өтүнүчү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:14 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG