Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

COVID-19: Учу көрүнбөгөн кезек, күчөгөн сын


Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн кеңешме учурунда. 13-июль, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн кеңешме учурунда. 13-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда дарыгерлердин, дары-дармектин жетишсиздиги, өлүмдүн азайбай жатканы өкмөттөгү башкаруунун чабалдыгын, координациянын жоктугун көрсөтүп жатат.

Өлкөдө соңку бир жуманын ичинде коронавирустан 59, пневмониядан 275 адам каза болду. Ысык-Ата аймактык ооруканасында 8-июлда жарыктын эки саат өчүшү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан 68 жаштагы адамдын өлүмүнө алып келди. Бул маалыматты “Кактус медиа” порталы маркумдун жакындарына таянып жазып чыкты.

Ушул эле бейтапканада 12-июлда тартылган видео Интернетке тарап кетти. Анын автору бейтаптар бир суткадан бери кароосуз калганын, оорукана боюнча бир дагы дарыгер жок экенин айткан. Саламаттык сактоо министрлиги видео боюнча түшүндүрмө берип,медицина кызматкерлери кезек алмашып жаткан учурда тартылганын билдирди.

13-июлга караган түнү Бишкек шаарындагы "Неман" дарыканасында узун кезек пайда болуп, гепарин дарысына муктаж адамдар таңды ошол жерден атырышты. Учу көрүнбөгөн кезек бир гана дарыканаларда эмес, бардык медициналык мекемелердин алдында да байкалат. Бул окуялар өкмөттүн ишине сынды ого бетер күчөттү. Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиевдин оюн угалы.

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Коронавируска каршы ыкчам штаб 25-январда түзүлгөн. COVID-19га байланыштуу кырдаал июнь айынын экинчи жарымында курчуй баштады. Ошондой эле 25-марттан тарта 30-апрелге үйдө отуруп бердик. Ал учурда пандемия өтүп кетпей турганын, оор күндөр алдыда экенин өкмөт, биз дагы жакшы түшүнүп турганбыз. Аткаруу бийлигинде бүгүнкү күнгө даярданыш үчүн беш айдан ашык убакыт болду. Кадрлар боюнча эле айтайын. Азыр дарыгерлердин 30% жумушка чыкпай жатат. Себеби, мамлекет дарыгерлердин коопсуздугун камсыздаган жок. Алар ооруса дарыны өздөрү сатып аларын, жата турган жерди дагы өздөрү таба турганын түшүнүп калышты. Эгер шарт түзүлүп, айлыгы көтөрүлө турган болсо иштеп беришмек».

Активдүү жарандар демилгени колго алып өкмөттүн ишин кыйла жеңилдете башташты. Ишкерлер тойкана, жатакана сыяктуу ар кандай имараттарды убактылуу ооруканага айлантышса, ыктыярчылар күнү-түнү үйлөрдү кыдырып бейтаптарга жардам берип жүрөт.

Жакында эле саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев да COVID-19 менен ооруп калышты. Коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков азыркы учурдагы ар бир мүнөттү алтынга теңеп, сыркоолоп калгандар кызматын тапшырыш керек деген ойдо.

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

«Албетте илдет кимге болбосун жуга берет. Өкмөттөгү кызмат адамдарынын ооруп жатып калганы өкүнүчтүү нерсе. Аларды жумуштан кетиргенге, кызматынан ылдыйлатканга мыйзам жол бербейт. Бирок моралдык жана жоопкерчилик жагын унутпайлы. Азыркы кырдаалды эске алуу менен дени сак адамды кызматка алып келиш керек. Коронавируска кабылгандар өздөрү эле арызын жазып беришсе болот. Анткени, өкмөттүн абалы начар, элдики андан жаман. Аткаруу бийлиги убакыттан уттурбашы керек. Мындан тышкары ушундай кырдаалда эс алууга кетип калган депутаттардын баасы бир тыйын болуп турат».

13-июлда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады. Өкмөт башчы негизги эки көйгөй катары дары-дармектер боюнча кырдаалды жана медициналык адистердин жетишсиздигин атады. Сооронбай Жээнбеков айрым дары-дармектердин кымбатташы жана таңсыктыгы жарандардын нааразычылыгын жаратып жатканына токтолду.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Биз дары-дармектин запасы менен камсыздашыбыз керек. Бул багытта фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз иштөө кажет, калк тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалышы керек. Медиктердин, анын ичинде ооруп калган дарыгерлердин айлык акылары жана компенсациялык төлөмдөрү күттүрбөстөн берилиши керек. Албетте, алар өз маалында ысык тамак-аш менен камсыздалышы зарыл».

Эксперттер күз мезгилинде коронавирустун экинчи толкуну улана турганын божомолдоп жатышат. Алардын көпчүлүгү алдыдагы күндүн камын азыр көрүүгө чакырышууда.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек өкмөткө анча ишене бербей турат. Анын айтымында, аткаруу бийлиги мурда-кийин мындай масштабдуу көйгөйлөргө туш болгон эмес.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Мен медицина тармагы боюнча адис эмесмин. Бирок мен жакшы түшүнгөн бир нерсе бар. Азыркы абалыбызга таң калыштын такыр кереги жок. Себеби, биздин бийлик башка көйгөйлөрдү чечип келип, коронавируска каршы турууда чабалдык кылып жатса бир жөн. Башынан эле эч бир маселени чечпейт да. Биз өнүгүү маселелерин, экономика, медицина, айыл-чарба тармагын эл аралык уюмдарга, донорлорго эбак эле тапшырып бергенбиз. Бийликте, мамлекеттик органдарда элдин көйгөйүн чечүү, кыйчалыш кырдаалдан чыгып кетүү жөндөмү болгон эмес. Алар дайыма жоопкерчиликтен качып келишкен. Бүгүнкү күндө дагы ошондой эле окуя катталып жатат».

Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 11117 адамдан табылды, алардын ичинен 147 бейтап кайтыш болду, 3460 бейтап айыгып кетти. Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени айтылган жок. Бирок расмий статистикада каза болгондордун саны 452 адамга жетти.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG