Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Пандемияда экстер суракка чакырылды


Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен экс-саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. (коллаж)
Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен экс-саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. (коллаж)

Кыргызстанда мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен экс-саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Финансы полициясына суракка чакырылды.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы күчөп турган шартта бул кырдаалдын алдын алуу боюнча жасалган иш-аракеттер текшерилип, териштириле баштады.

Тагыраагы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы (Финансы полициясы) эпидемиологиялык абал курчуганда айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо жана коррупция фактысы боюнча март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы жетекчилерди суракка алууда.

Аталган кызматтын маалымат катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, буга чейин 6-июлда экс-саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка алынган:

«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевди суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатат».

Пискурдун маалыматы боюнча, экс-министр 9-июлда экинчи жолу суракка чакырылган. Бирок ал ооруп жатканына байланыштуу барган эмес. 10-июлда ушул иштин алкагында мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын суракка чакырылганы белгилүү болду.

Өмүрбекова муну “Азаттыкка” ырастады, бирок расмий сурактын себебин билбей турганын айтты:

«Мага суракка чакырылганым тууралуу маалымдама кагазды кечээ берип кетишти. Кандай маселеге байланыштуу чакырылганым айтылган жок. Март айындагы коррупциялык иштерге жана фармкомпаниялардын кызыкчылыгына иштөө фактысы боюнча сурак болорун маалымат каражаттары аркылуу билдим».

Алтынай Өмүрбекова сурактан чыккандан кийин "Фейсбуктагы" баракчасына билдирүү калтырды. Анда гуманитардык жардам жөнүндө тергөөчүлөрдүн бир нече суроосуна жооп бергенин билдирди.

«Кытай Эл Республикасына гуманитардык жардам боюнча бир нече суроо берилди. "Өмүрбекова дары-дармек жана медициналык жабдыктарды сатыптыр, өрттөш керек" деп шашылыш жыйынтык чыгаргандарга айткым келет: пандемия учурунда башка өлкөлөргө дары-дармек чыгарууга тыюу салуу боюнча буйрук Өмүрбекованын демилгеси менен кабыл алынган. Ошондуктан, кимдир бирөөнү айыптоодон мурда маалыматты тактап алгыла».

Ал ортодо айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, Космосбек Чолпонбаев чет өлкөгө беткап сатуу боюнча иште шектүү катары өтүп жатканын жазып чыгышты.

Мурдагы министрдин уулу Эркин Чолпонбаев "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу атасынын суракка чакырылганын ырастап, бардык ишке бир кишини айыптоо туура эмес экенин жазды.

«Менин атам Космосбек Чолпонбаев ооруп, үй шартында дарыланып жатканына карабай Финполициянын суроолоруна жооп бериш үчүн барган, андан чыккандан кийин шейшемби күнү түнкү саат 12:00до чыдабай калганынан "Тез жардам" чакырып, ооруканага жеткирдик. Республикалык кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлер ага эки тараптуу пневмония, 2-типтеги кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу деген диагноз коюп дарылап жатышат. Улуу баласы катары айтарым, менин атам коркуп, жашынып жатып алчу киши эмес! Кудай буюруп сакайып чыкса, бардык суроолорго жооп берет. Пандемия менен күрөшкө мамлекет даяр болбогондугун, ага убакыт жана тажрыйба керек болгондугун жакшы билесиздер. Бардык жоопкерчиликти бир кишиге үйүп салуу туура эмес деп эсептейм».

Бирок өлкөдө дары-дармек, коргонуучу каражаттар жетишсиздиги байкалып жаткан шартта чынында эле кылмыштуу аракеттер аныкталса, бул ири коррупциялык ишке айланары айтылып жатат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев укук коргоо органдары буга чейин эле мындай кырдаалдын алдын алышы керек болчу деген пикирде:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

«Буга чейин эле көптөгөн маалыматтарда беткап эмнеге кымбат, эмнеге жетишпей жатат деп айтылып келбеди беле. Бирок Финполиция президент айтканга чейин кыймылдап да койгон эмес. Президент акыркы жыйналышта "ушул тармакта көзөмөл жүргүзгүлө" дегенден кийин гана тапшырманы аткара башташты. Болбосо, өкмөт башынан эле бул тармакка көзөмөл жүргүзүшү керек болчу».

Ошол эле учурда узак жылдар бою укук коргоо органында иштеген Масалиев бул ишти абдан кылдат иликтөө зарыл экенин белгилейт. Анын көз карашында, өлкөнү коронавирус каптап жаткан чакта ар кыл медициналык каражаттарды тезинен сатып алуу муктаждыгы туулганын да эске алуу керек.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1-апрелде кызматтан бошотулган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматтан кеткен вице-премьер-министр жана мурдагы саламаттык сактоо министри өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы күрөштө бир катар кемчиликтерди кетиргенин белгилеп, алардын штаб түзүлгөндөн берки ишин сындаган.

Ошондой эле аталган орган коронавируска каршы ыкчам штаб жугуштуу илдетти өлкө аймагына киргизбөө, жайылышын ооздуктоо багытында өз убагында чара көргөн эмес деп эсептеген.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев учурда коомчулукта жогорку бийликке карата сын күчөп жатканын белгиледи. Ошондуктан бийлик кожо көрсүн аракеттерден оолак болуп, чыныгы жоопкерлерди аныкташы керек деген ойдо.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

«Аты аталган жетекчилер күнөөсү болсо жоопко тартылышы керек. Бирок коомчулукта сырттан келген акчанын дайынын сурап, бийликтен талап кылып баштаганда ушул кишилерди жооптуу кылып көрсөтүп, ошону менен кутулабыз десе абдан чоң жаңылыштык болот. Мисалы, Алтынай Өмүрбекова жакшы эле иштеп жаткан. Шалаакылык кылды деп жумуштан кетирип, анын ордуна алып келген вице-премьер-министр мурдагыга караганда он эсе начар болуп чыкты. Эптеп күнөөлүүнү таап, элдин көңүлүн башкага бурабыз дегендери туура эмес».

Чынында эле Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам бийликтин дарегине абдан көп сын-пикир айтылып жатат. Сын айрыкча жугуштуу оору жайылып, андан каза болгон адамдар көбөйгөн шартта коргонуучу каражаттар, дем алдыруучу аппараттардын убагында алынбаганы белгилүү болгондон кийин күчөдү.

Учурда дарыканаларда керектүү дары-дармектерди таппай же баасы кымбаттаган учурлар байкалып жатат.

10-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү фармацевтикалык ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, дары-дармекке бааны негизсиз көтөрбөөгө чакырды:

«Өкмөт буга чейин айрым дары-дармектердин бажы төлөмүн алуу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн. Жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр. Эгерде медициналык каражаттарды жана жабдуулардын запасын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу зарылдыгы жаралса, бул багыттагы иш-аракеттерди өкмөт карап чыгат. Бирок ал үчүн фармацевтикалык компаниялар өлкөдөгү дары-дармекти көмүскө жол менен башка мамлекеттерге алып чыкпоого жана бааны негизсиз жогорулатпоого тийиш», - деди.

Ошондой эле өкмөт жакынкы айларга дары-дармектердин резервин түзүү боюнча иштер эми гана башталганын жарыялады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков акыркы билдирүүсүндө соңку абалга бийлик органдарынын жоопкерчиликтүү экенин түшүнөрүн билдирип, коррупциялык иштерге жол бергендерди аябай турганын шардана кылган.

Илдет көбөйдү, дары азайды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG