Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:58

Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү бекитти


Көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамы. Премьер-министрликке Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Батырбеков бекиди. Вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова ордунда калды.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекитти. Депутаттар дээрлик бир добуштан колдоп добуш беришти.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекиди.

Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов жаңы келди. Башка вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды.

Жыйында Боронов мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын улантарын айтып, баяндама жасады. Жыйында жалпы суроолор берилип, сын-пикирлер көп болгон жок.

Мурдагы өкмөттүн курамын сактап калуу менен жаңы өкмөттү 16-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштады. Ошол күнү КСДП, "Республика-Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынан турган башкаруучу коалиция дээрлик бир добуштан жаңы курамды жактырды.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG