Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Көпчүлүк коалиция жаңы өкмөттүн курамын жактырды


Көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамы. Премьер-министрли кызматка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Батырбеков сунушталды, вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова ордунда калат.
Көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамы. Премьер-министрли кызматка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Батырбеков сунушталды, вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова ордунда калат.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өзү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Коалициянын мүчөлөрү өкмөттүн жаңы курамын дээрлик бир добуштан колдошту.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты. Мындан сырткары өкмөттүн аппарат башчысы өз арызы менен кеткени кабарланып, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталды. Таалайбек Темиралиев буга чейин "Дастан" ишканасынын директору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Бул орун Дастан Догоев окуусуна байланыштуу кызматтан кеткенден кийин бошогон.

Калган вице-премьер-министрлер жана министрлер мурдагы орундарында калышты.

Жаңы өкмөттүн курамы 17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июнда кабыл алды.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк - башкаруучу коалицияга КСДП, «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «Бир бол» фракциялары кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG