Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

COVID-19: Протоколдон чыккан талаш


Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө.
Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө.

24-июлга карата Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан соңку бир сутка ичинде 42 бейтап каза болду.

Каза болгондордун көбү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда катталды.

Өлүмдүн санынын азайбай жатышына Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова жарандардын өз алдынча дарыланышы да себепкер болуп жатканын айтты:

«Биздин жарандар өз алдынча эле антибиотиктерди, дексаметазон, химиялык аралашмаларды сатып алууда. Ар кандай дары, витаминдерди ичип жатышат. Ушундай жол менен пневмониянын алдын алса болот деген түшүнүк пайда болду. Өз алдынча дарыланган туура эмес.

Мындан тышкары жарандардын бардыгы компьютердик томографияга түшүп жатат. Дарыгердин сунушу болбосо ал жерге барыштын зарылчылыгы жок. Бейтаптар өкмөттүн, медициналык кызматкерлердин сунуштарын аткарса, вирустун азайышына алып келет».

21-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов да ушундай мазмундагы сөз сүйлөп, соңку сутка ичинде каза болгондордун жарымынан көбү дарыгерге кеч кайрылган деп билдирген.

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча расмий протокол март айынан бери үч жол өзгөрдү. Ага ылайык, учурда айрым бейтаптар колдонуп жаткан арбидол, ингавирин, эргоферон сыяктуу вируска каршы дары-дармектерди колдонуу сунушталган эмес. Буга аталган дарылардын натыйжалуу экени далилденбегендиги негиз болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин эксперти Бактыгүл Камбаралиева клиникалык протокол келерки жумада кайра өзгөрүп, толуктоолор киргизиле турганын билдирди.

Бактыгүл Камбаралиева
Бактыгүл Камбаралиева

«Бул илдет жаңы пайда болгондуктан, дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар вирустун өзүн жана дарылоо жолун изилдеп жатышат. Буга байланыштуу протоколдор дайыма өзгөрүп турат. Вируска каршы колдонула турган дары-дармек боюнча көп суроо жаралууда. Биз алгачкы эки протоколдо аталган дарыларды сунуштаганбыз. Бирок бир катар изилдөөлөрдүн жыйынтыгы вируска каршы дарылардын пайдасыз экенин көргөзүп койду. Азыркы учурда социалдык тармактарда, Интернетте ремдесивир жана авифабир дарылары катуу талкууланып жатат. Ремдесивир эл аралык протоколдордо сунушталып жүрөт. Бирок анын эффективдүүлүгү тастыктала элек. Орусиянын авифабири жапондордун гриппке каршы колдонгон дарысынын аналогу болуп эсептелет. Окумуштуулар бул дарынын да пайдасын аныктай алышкан жок. Коронавирустун өзүнүн жеңил түрүн дарылоо симптоматикалык негизде жүрөт. Биздин протоколго ылайык, жөтөл пайда болсо жөтөлгө каршы, температурасы көтөрүлүп кетсе парацетамол беребиз. Тромб пайда болсо антиагреганттык препараттарды – аспириндерди беребиз».

Азыркы алгоритм боюнча коронавирустун этабына жараша ар бир бейтапка өзүнчө мамиле жасалууда. Илдеттин жеңил түрү менен ооруп жаткан адамга антибиотик жана асма укол алуу сунушталбайт. Качан гана бейтаптын дене табы 38 градустан жогору болуп, бир нече күнгө чейин абалы турукташпаса дарыгер антибиотик жазып берет.

Медицина тармагындагы эксперт Айбар Султангазиев Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган расмий протоколго макул эмес. Ал дарыгерлер оорунун алдын албай, кесепеттери менен гана күрөшүп жатат деген пикирде.

Айбар Султангазиев
Айбар Султангазиев

«Дүйнө жүзүндөгү 160 мамлекеттин протоколунда вируска каршы дары-дармектер киргизилген. Бирок бизде гана жок. Германияны ала турган болсок, адам ооруп баштаганда эле ага антикоагулянттык дары-дармектерди бере баштайт. Себеби, канды суюлтуп туруш керек да. Бизде баары тескери, проктокол боюнча акыбалыбыз өрчүшүп кеткичекти үйдө жата беришибиз керек. Жыйынтыгында вирус пневмонияга өтүп кеткенде гана оорукана барып жатабыз».

Дарыгерлерге расмий протоколдо көрсөтүлбөгөн дары-дармектерди бейтапка сунуштаганга тыюу салынган.

Кыргызстандын башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин айтымында, расмий клиникалык протоколду ак халатчандар унутта калтырган учурлар бар экенин айтты:

«Дарыгерлер Москва университетинин же Санкт-Петербург шаарындагы оорукананын алгоритмдерин колдоно баштаганы мен үчүн түшүнүксүз. Биздин өлкөдө бир нече алгоритм бар жана ал жерде пайдасы жок дары-дармектер көп кездешет. Азыркы учурда ар түрдүү алгоритмдерди жайылтуу кампаниясы жүрүп жатат. Бирок бизде Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген расмий протокол бар. Ал жерден керектүү нерсенин баарын тапса болот».

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери инфекция 31 247 адамга жукту, алардын 18 038и айыгып кетти, 1 211и каза болду. 17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады. Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтып келе жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG