Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:10

Дары издеген эл, адистердин сунушу


Дарыканаларда кезек күткөндөр. Кыргызстан. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча расмий протокол март айынан бери үч ирет өзгөрдү. Оору менен күрөшүүгө багытталган медициналык документ 23-мартта кабыл алынып, ага ылайык илимий консультативдик кеңештин көрсөтмөсү менен дарылоо жүрүп жаткан.

Бирок акыркы эки айдын ичинде эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасынан улам бул протокол эки ирет оңдолду.

Социалдык тармактарда, аймактарда жана Бишкекте ооруган адамдар канды суюлтуучу гепарин, клексан деген дарыларды издеп, дарыканалардын кампаларында кезек күтүп, топтошкон элдин аягы суюлбай жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус оорусуна чалдыккандарды дарылоо тартибин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштоосу боюнча үчүнчү ирет өзгөртүүдө. Буга вирустун жаңы экени, анын күтүүсүз кесепеттери улам пайда болуп жатканы жүйө келтирилип жатат.

"Гепарин баарына эле дары эмес"

Кыргызстанда вирусту дарылоо протоколун иштеп чыккан жумушчу топтун башында турган, Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты жана медикаменттер менен камсыздоо департаментинин башкы адиси Айгүл Жакубекова буларды билдирди:

“Азыркы учурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту дарылоо боюнча үчүнчү протоколду сунуштап, биздин жумушчу топ бул нускама боюнча иштеп жатат. Төртүнчү протоколду да талкуулап жатабыз. Коронавирус жаңы оору болгондуктан, дүйнө илимпоздору, саламаттык сактоо уюмдары, анын ичинде биз да улам жаңы жагдайлар ачылган сайын протоколдорду өзгөртүүгө аргасыз болуп жатабыз. Азыр биз Британия, Италия, Кытай сыяктуу вирусту жеңе алган өлкөлөрдүн тажрыйбасында жана алар чыгарып, күн сайын жаңыланып жаткан нускамалардын негизинде дарылап жатабыз. Ага ылайык, канды суюлтуучу, антикоагулянттык үч дарыны бейтаптарга сайып жатышат. Алар - гепарин, надропарин жана эноксопарин.

Бул үч дарынын фармакологиялык таасири окшош. Бирок антикоагулянттык терапияны баарына эле жаза бергенге болбойт. Айрымдарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ички органдарында кан тамырларга кан уюп, кансыроону пайда кылат. Ошондуктан, элге айтарым, бири-бириңерден угуп алып эле бул дарыларды колдоно бербегиле. Булар дарыгердин, жугуштуу ооруларды жакшы билген адистин, реаниматологдун көзөмөлүндө гана сайылышы керек”.

Буга чейин эл арасында айрым академик, илимпоздор антибиотиктерди оору башталганда эле дароо сайдыруу керектигин айтып чыгышкан. Бирок протоколдо антибиотиктерди вирустун клиникалык көрсөткүчтөрүнө карап гана колдонуу керектиги жазылган.

"Бирөөнүн дарысы экинчисине болбойт!"

Дарыгерлер ошондой эле элдин жапырт рентген, компьютердик томографияга чуркап жатканына да кабатыр. Далилдөөчү медицина боюнча эксперт, микрохирург Мейрим Умуралиева азыр кызыл зонадагы дарыгерлерди окутуу менен алек. Ал элдин бири-биринен угуп дарыланып жатышы өтө кооптуу көрүнүш деген ойдо:

“Канды суюлтуучу дары-дармекти эл азыр шашып, дүрбөлөң болуп алып жатышат. Бул туура эмес. Себеби, аны көрсөтмөгө жараша гана саят. Эгерде пневмония болуп, катуу ооруп жаткан адамдын ашыкча салмагы болсо, жүрөк, кан тамыр, майда кан тамырларында көйгөй болсо, мурда кан тамырларына операция жасалса, кан уюп калбасын деген негизде гана жазыш керек. Вирустун жеңил формасы менен ооруп жаткандарга болбойт.

Бир аз эле дене табы көтөрүлсө, жыт билбей калса биздин эл рентген, компьютердик томографияга чуркап жатат. Оору башталганда эле адам өзүн байкаш керек.

Вирустун жеңил түрү кадимкидей эле көбүрөк суюктук ичип, үйдөн чыкпай, күчтүү тамактануу аркылуу эле өтүп кетет. Атайын анализ тапшыруунун, гепарин, клексан сыяктуу дарыларды сатып алып, куйдуруунун кажети жок. Антибиотикти шашып колдонууга таптакыр болбойт. Мунун баары биздин протоколдордо жазылган.

Интернетте жайнаган протоколдорду окуп же дарылоо схемасын ар кайсы чаттан таап алып, өз алдынча дарылануу туура эмес. Антикоагулянт жана антибиотиктер ар бир адамга ар башка таасир этиши мүмкүн”.

Концентратор менен ИВЛдин айырмасы

Акыркы мезгилде кычкылтек концентратору жана жасалма дем алдыруу жабдууларына (ИВЛ) акча чогулткан, аларды издегендер да өтө көп. Расмий протокол боюнча бул жабдууларга бейтап качан жана кандай тартипте туташтырылышы керектиги белгиленген. Бишкектик анестезиолог Мухаммед кычкылтек концентратору тууралуу буларды айтып берди:

“Кычкылтек концентратору адамдын деми кыстыкканда ага кошумча аба берүүчү жабдык болуп саналат. Кычкылтек баллонуна түтүк туташтырылып, атайын дем алдыруучу түтүк кишинин мурдуна коюлат. Муну медициналык билими бар бардык эле адистер туташтыра алышат. Ал эми жасалма өпкө жабдуусу (ИВЛ) таптакыр башка. Ага өпкөсүнүн 70-80% жарабай калгандарды салабыз. Аны атайын реанимациялык адистерден турган бригада көзөмөлдөшү керек. Бизде мындай жабдуулар, адистер башынан бери эле тартыш болуп келген. Азыр абдан тартыш”.

Акыркы протоколдор жана тажрыйба боюнча пневмония болуп, деми кыстыккандардын баарын эле жасалма дем алдыруучу аппаратка (ИВЛ) сала беришпейт. Ар бир адамдын өзгөчөлүгүнө карап, дарылоо тартиби түзүлгөн.

"Ганси" авиабазасынын имаратында жайгашкан обсервациянын жандандыруу бөлүмүнүн координатору, Мамлекеттик медициналык академиянын окутуучусу Жамила Чыңгышева жасалма дем алуу жабдуусу айла кеткендеги акыркы кадам экенин белгиледи:

“Бул жабдууга айлабыз кеткенде, адамдын дем алуу органдары 90% жабыркаганда кыйылып жатып араң салып жатабыз. Ага түшкөн бейтаптардын 5% тирүү чыгып кетсе, биз үчүн чоң жеңиш. Биздин реанимация бөлүмүнө түшкөн 50 кишинин ичинен онун же сегиз-тогузун эле аппаратка салабыз. Анда да кыйылып жатып, кайра туруп кетеринен коркуп отуруп, айла жоктон туташтырабыз да. Жасалма дем алдырууга салган кишинин тирүү калуу мүмкүнчүлүгү өтө аз”.

"Плазма куюп, дарылоону жакшыртса болот"

Кыргызстандагы коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык нускамаларды түзүүгө кардиолог, кардиохирург, пульмонолог, анестезиолог, реаниматолог, терапевт, фармаколог, онколог, эндокринолог ж.б. тармактагы адистер катышкан. Өлкөдө Улуттук гематология борбору онкология менен бириккендиктен, гематолог адистер бул топко кирген эмес.

Ошентсе да, профессор, гематолог Абдухалим Раимжанов азыр Италия, Кытайда кеңири колдонулуп жаткан гепарин, клексан сыяктуу дарылар менен катар вирустан абалы оорлошкон бейтаптарга плазма куюу ыкмасын министрликке сунуштап жатат:

“Пневмониянын эң негизги себеби – өпкөдөгү кан тамырларга кан уюп калып жатат. Мунун медицинада ДВС синдром деп койот (Синдром диссеминированного внутрисосудистого свертывания). Башкача айтканда, ички кан айлануудагы тамырлардын бүтөлүп калуу синдрому десек болот. Бул көбүнчө дем алуу органдары, өпкөдөгү кан тамырлар бүтөлүп калганда болот. Мындай шартта бейтаптарга плазма куюш керек. Бул сунушумду министрликке айттым, расмий кат менен да кайрылдым. Азырынча жооп ала албай жатам.”

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана дарылоо боюнча протоколу 29-июнда жаңырган. Уюмдун веб-сайтындагы бул нускамада колду самындап жуу, беткап тагынуу, аралыкты сактоо, имараттын ичиндеги абанын тазалыгы деген алдын алуу чараларына басым жасалган. Ошондой эле дарыгерлер үчүн хирургиялык, терапиялык колдонмолор сунуш кылынган. Телемедицина, кайтыш болгондорду көмүү, ооруканаларда бейтаптарды абалына жараша бөлүү, адиминистративдик башкаруу боюнча кеңештер да камтылган. Кыргызстандагы ДССУнун өкүлчүлүгү дарылоо протоколу боюнча азырынча маалымат бере элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG