Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Штаб: Гепарин 443 сомдон бир адамга бирден гана сатылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык штаб "Неман-Фарм" ишканасы COVID-19 вирусунун симптомдорун дарылоо үчүн гепарин дарысынын партиясын алып келгенин маалымдады.

Дары адегенде 12-июлга оогон түнү "Неман" дарыканасынын Бишкектеги кампасына түшкөн. Учурда бул дары "Немандын" башка филиалдарына жеткирилди. Алып-сатууларды алдын алуу үчүн дары 443 сомдон бир адамга бирден эле сатылууда.

Штаб дары-дармектердин баасын ашырып саткан учурларды Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматына (Финполиция) кабарлоого чакырат.

Буга чейин Финполиция дары-дармектерди дүңүнөн сатып алып, кайра кымбат баада сатып жаткандарга чара көрүп жатканын эскерткен.

Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда. Маселен, 12-июль түнү Бишкек шаарындагы "Неман" дарыканасында узун кезек пайда болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG