Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:17

«Гансиде» жандандыруу бөлүмү ачылды


Жаңы жандандыруу бөлүмүндөгү медицина кызматкерлери.

11-июлда Бишкектин четиндеги мурдагы «Ганси» авиабазасынын имаратында жайгашкан обсервацияда жандандыруу бөлүмү ачылып, бейтаптарды кабыл ала баштады.

Бөлүмдүн координатору, Мамлекеттик медициналык академиянын окутуучусу, доцент Жамила Чыңгышева ал жердеги дарылоо мүмкүнчүлүктөрү, муктаждыктар жөнүндө жана адис таңкыстыгын чечүүдөгү кадамдар тууралуу ой бөлүштү. Чыңгышева кепти "Гансиде" ачылган жандандыруу бөлүмүнөн баштады:

- Адамдардын өмүрүн сактап калууда бул бөлүмдүн чоң жардамы тиет. Эгерде адамдын өпкөсүндөгү сезгенүү 70% ылдый болсо, биз СИПАП аппараты, суюк кычкылтек менен оор абалдан алып чыгып кете алабыз. Дем алуу органында өнөкөт оорулар, кант диабети сыяктуу дарты бар кишилерди сактап калууда гана кыйынчылыкка кабылабыз. Биздин бөлүмдө 50 бейтапка орун бар.

- Жасалма дем алдыруучу аппарат же вентиляторго кошулган бейтаптардын арасынан канча пайызы айыгып кетет? Болжолдуу статистика барбы?

- Жасалма деп алдыруучу аппарат - айла жоктогу кадам. Өпкөнүн сезгенүүсү 90% жеткенде гана колдонобуз. Аппаратка салынган оорулуулардын 5% сакайып кетсе да чоң көрсөткүч.

Салыштырып айта турган болсом, биздин жандандыруу бөлүмүндөгү 50 адамдын 8-10ун гана аппаратка салабыз. Калганын дем алдыруучу концентраторлор, суюк кычкылтек менен айыктырабыз. Жасалма дем алдыруучу аппаратка оорулууну айла кеткенде салабыз. “Кайра аман алып чыгамынбы?” деген сарсанаа ойлор болот.

- Жасалма дем алдыруучу аппарат акыркы кадам болуп атпайбы, жетиштүүбү андай жабдуулар?

- Аппарат жок экен деп дүрбөлөңгө түшпөш керек. Биздин коомду азыр дүрбөлөң башкарып атат. Адамдын тууганы, жакын таанышы кайтыш болуп кетсе, албетте оор, түшүнөм. Айла жок, бул дарт дүйнөнү каптады.

Биз бул жагдайдан эпидемологиялык эрежелерди сактоо менен гана чыгып кетебиз. Бир эле мисалды айтайынчы, "Гансидеги" обсервацияда бир палатада беш кишиден жатса, ага дагы беш кишиден кирип-чыгып жүрдү. Аралыкты сактабагандар толтура. Жөнөкөй эле эрежелерге баш ийбей, ушуга жеттик.

Жаңы жандандыруу бөлүмүндөгү орундар.
Жаңы жандандыруу бөлүмүндөгү орундар.

- Албетте, сиздер азыр иштей баштаган жерде 50 кишиге ылайыкталган жандандыруу бөлүмүнүн ачылганы жакшы. Бирок жардамга муктаждар андан бир канча эсе көп болуп атпайбы. Реаниматолог катары өлкөдөгү жалпы жагдайды кандай баалап турасыз?

- Жагдай оор. Обсервациялар, стационарлар эми гана ачыла баштады. Кенебестик кылбай, башында ушундай аракеттерди жасаш керек болчу. Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчилиги сунуштап, өкмөт ушундай кадамдарга барышы зарыл эле. Чү дегенде эле, мисалы, "Гансидеги" обервацияга азыркыдай шарт түзүлгөндө, оору жуккандардын саны бери дегенде 5 миң кишиге аз болмок.

- "Гансидеги" жандандыруу бөлүмү негизинен Бишкек шаарына жана Чүй облусуна көмөк көрсөтүү максатын көздөп жатпайбы. Башка аймактардагы кесиптештериңиз менен сүйлөшүп, жагдайларын билип атасызбы?

- Байланышып турам. Нарында абал курчуп, эми оңоло баштады. Азыр Тоң районунда абал оор. Башка аймактарда да кырдаал чеке жылытпайт. Эпидемиологиялык шартта дарыгерлердин сунуштарына баш ийбей, тийиштүү эрежелерди сактамайынча абал жакшырбайт.

Кыргызстандыктарга кайрылгым келет, башыбызга оор күн түшүп, жакыныбыз ооруп жатса да, кайтыш болуп кетсе да, эрежелерге баш ийели. Элди сактап калуу ар бир кишиден көз каранды болуп турат. Адамдар кенебесе, дарыгерлердин, өкмөттүн колунан эч нерсе келбей калат. Дарыгерлер айткан дарыларды ичиш керек. Ооругандарга көмкөрөсүнөн жатууну сунуш кылам.

Бизде азыр тамыр уруусун өлчөгөн жабдуулар жетишсиз болуп жатат. Кызыкдар фирмалар дары-дармектердин баасын көтөрүп жибергени кейиштүү. Депутаттарга кайрылып, жагдайды көзөмөлдөөнү сурадык. Ким колдон келишинче жардам берсе, убагы келсе ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

- Ооруканада орун жок, дарылар кымбаттап кетти. Эл жардамга муктаж. Медициналык каражат таңкыстыгын өкмөт өзү канчалык камсыздап берүүдө?

- СИПАП аппараттарын, дары-дармектерди Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу өкмөттүн кампасынан беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги керебет, жуунучу жайлар менен камсыздады. “Сорос-Кыргызстан” фонду кыйла чоң көмөк көрсөттү. Азыр деле жардам бергиси келгендерге муктажбыз.

- Кандай дары-дармектер өтө зарыл азыр?

- Бизге гепарин, клексан дарылары, шприц, система, тамчылатма үчүн каражаттар эле керек.

- Медицина кызматкерлерине да муктаждык өсүп, эмгек өргүүдөгүлөр да кайра чакыртып алынып атпайбы. Реаниматологдор жетиштүүбү?

- Кыргызстанда 450 реаниматолог бар, анын 200ү ооруп калды. Калган 250 адисти реанимациялык бөлүмдөргө координатор кылууну сунуш кылдым. Медициналык академиянын алтынчы курсун аяктаган улан-кыздарга бир жумалык ыкчам курс өттүк, 18и азыр биз менен иштеп атышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG