Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Орусиядан 426 кыргызстандык кайтып келди, арасында дарыгерлер да бар


“Манас” эл аралык аэропорту. Орусиядан кайтып келген кыргызстандыктар. 2020-жыл. 12-июль.
“Манас” эл аралык аэропорту. Орусиядан кайтып келген кыргызстандыктар. 2020-жыл. 12-июль.

12-июлда “Манас” эл аралык аэропортуна Москвадан «Аэрофлот» компаниясы менен 426 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бул каттам менен жогорку окуу жайлардын студенттери, кош бойлуу, балалуу аялдар жана оор абалдагы бейтаптар келди. Ошондой эле өз ыктыяры менен жардам берүү үчүн келген 45 медициналык кызматкер да бар.

Ушул күндөрү Орусиядан Кыргызстанга кайтып келе албай жаткан жүздөгөн мекендештер бар. Кыргыз бийлиги атайын тизме түзүп, чет мамлекеттерден жарандарын алып келүүгө аракет кылууда. Март айынан бери учак жана автоунаа менен 40тай өлкөдөн 20 миңден ашык кыргызстандык мекенине кайтып келди. (TSh)

XS
SM
MD
LG