Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

ДССУ COVID-19ду дарылоонун жол-жобосун жаңылайт


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дексаметазон дарысынын ыктымал пайдасы тууралуу изилдөөдөн кийин коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоонун жол-жоболорун жаңылай турган болду. Анда дексаметазонду COVID-19 илдетине каршы кандай шартта, качан колдонуу керек экени жазылат

"Бул COVID-19га кабылып, кычкылтекке же жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж болгон бейтаптар арасындагы өлүмдү азайтарын көрсөткөн алгачкы дары”, - деп билдирди 16-июнда уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гейреисус.

Ал күнү Британиядагы Оксфорд университетинин илимпоздору башында турган топ негизинен ревматоиддик артритти жана астманы дарылоодо колдонулуп келген, бардык мамлекеттерде кеңири жайылган дексаметазон дарысына байланыштуу сыноонун жыйынтыгын жарыялаган. Анда дексаметазон менен COVID-19га чалдыгып, катуу ооругандардын үчтөн бирин сактап калууга мүмкүн экени белгиленген.

Оксфорддун клиникалык сыноолор бөлүмүнүн директору Питер Хорбинин айтымында, дексаметазон жасалма дем алдыруучу аппарат кошулган бейтаптардын арасындагы өлүмдү 35% кыскарта алат. Ал эми кычкылтекке муктаж адамдардын арасындагы өлүмдү 20 пайызга кыскартышы мүмкүн.

Илимпоздордун корутундусуна караганда, дексаметазон пандемия башталгандан бери колдонулса, Британияда беш миңдей адамын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болмок.

Арзан баадагы дексаметазон препараты 1960-жылдан бери эле көптөгөн ооруларды, анын ичинде рактын айрым түрлөрүн да дарылоодо колдонулуп келет.

XS
SM
MD
LG