Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Дарыгерге зар болгон Чаткал


Чаткал аймактык ооруканасы.
Чаткал аймактык ооруканасы.

Жалал-Абаддын алыскы Чаткал районунда бир да инфекционист дарыгер жок. Буга чейин иштеп келген 70 жаштагы дарыгер пандемияга байланыштуу эс алууга чыгарылган.

27 жаштагы Нурлан Абдужалил уулу Чаткалдагы жалгыз реаниматолог дарыгер. Ал эки жылдан бери келишимдик негизде Оштон келип иштеп жатат. Тоолуу айылга Нурлан өз каалоосу менен келген. Жергиликтүү бийлик кошумча айлык төлөп, жатакана менен камсыздап берген экен.

«Чаткалдыктардын ден соолугуна кам көрөйүн деп келгем. Чынында шарты катаал, алыскы айылдардын бири экенин билчүмүн. Учурда коронавируска чалдыккандарды дарылоого киргениме сегиз күн болуп калды. Бишкектеги дарыгерлер менен кеңешип, алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде дарылап жатам. Бул жакта тажрыйбалуу дарыгерлер болбогондуктан оор абалда келген бейтаптарды дарылоо кыйын. Диагноз койгон медициналык жабдуулар да жок. Ал үчүн жакынкы райондорго барып келүүгө туура келет. Лабораторияда союздан калган эски жабдык турат. Томография жок, эс-учун жоготкон абалда келген бейтаптарга диагноз коюу оор».

Нурлан Абдужалил уулу кесиптештери менен
Нурлан Абдужалил уулу кесиптештери менен

Нурлан сыяктуу Чаткал аймактык ооруканасында беш дарыгер убактылуу келишимдик негизде иштеп жатышат. Алар: кардиолог, үй-бүлөлүк дарыгер, травматолог, терапевт жана фтизиатр. Бишкектен эки айлык мөөнөткө чакыртылган гинеколог да кийинки айда кетет. Нурлан Абдужалил уулу да келишим бүтсө кетүүгө камынып жатыптыр.

«2020-жылга жаңы келишим түзгөнбүз. Быйыл аяктаса, жыл соңунда Ошко кетсемби деген план бар. Анткени чынында бул шартта иштөө оор болуп жатат. 15 миң сом маяна алам, райондук бийлик кошумча 10 миң сом төлөп берет. Чаткалдан чыккан жаштар окуусун аяктаган соң бул жакка келип иштегиси келбейт экен».

Чаткал району Жалал-Абад облусунун борборунан 360 чакырым алыстыкта, бийик тоолуу аймакта жайгашкан. Шарты катаал аймакка барып иштеп жаткан дарыгерлердин дагы бири - Таалай Умарбеков. Кардиолог бир жылдык келишим менен жыл башында Сузактан барган.

Таалай Умарбеков.
Таалай Умарбеков.

«Чаткалга аймактагы оорукананын башкы дарыгери Малик Исмаиловдун чакыруусу менен келдим. Быйыл февраль айынан тартып аймактык ооруканада иштеп жатам. Өзүм кардиолог болгонум менен башка оорулууларды да кароого туура келет. Антпесе адистер жетишсиз. Азыр Чаткалдын борборунан 100 чакырым узак жайгашкан Терек-Сай айылына чакыруу болуп, ошол жакка бейтапты көргөнү баратам. Терек-Сайга барып келүү да бир күндүк убактыңды алат. Чаткалдыктар негизинен дарыгерлерге сылык мамиле жасап, ишибизди жакшы баалашат. Үй-бүлөм Сузакта калган, айына эки жолу барып турам. Келишим боюнча быйыл жыл соңунда ишимди бүтүрүп кетем».

Чаткал аймактык ооруканасы.
Чаткал аймактык ооруканасы.

Чаткал районунда азыр инфекционист дарыгер жок. Буга чейин Бишкек шаарынан келген дарыгерлер убактылуу иштеп кетишкен. Оорукананын саналуу дарыгерлери коронавирусту жуктуруп алган бейтаптарды дарылап изоляцияда жатат.

Чаткал аймактык оорканасынын башкы дарыгери Малик Исмаилов дарыгерлердин ордун толуктоо үчүн облуска кайрылганын айтты.

«Буга чейин бизде реаниматолог жана инфекционист дарыгер 14 күн иштеп кетишти. Учурда өзүбүздүн дарыгерлерден куралган 15 адам иштөөдө. Алар обсервацияга чыгарылса ордун толуктаганы дарыгерлер жок. Облуска кайрылып, эки дарыгер алдыралы деп турабыз».

Малик Исмаилов.
Малик Исмаилов.

Башкы дарыгер Малик Исмаилов да бир топ жыл мурда Оштон которулуп келген. Келишимдик негизде чакыртылган дарыгерлердин баарын ал сүйлөшүү жолу менен алып келген.

Аймактык ооруканада бир топ бөлүмдөр жабылып, төрөткана менен хирургия бөлүмдөрү гана иштеп жатат. Андагы медиктер күндүзгү стационарларга бөлүштүрүлгөн. Бейтапкананын көпчүлүк бөлүгүндө пневмония менен ооругандар жатат. Учурда пневмония менен 35 бейтап дарыланып жатса, алардын төртөө коронавирусту жуктуруп алгандар.

«Алгач ооруканага коронавирус болгондорго 15, пневмония менен ооругандарга 10 орун даярдаганбыз. Тилекке каршы, ага адам толуп калгандыктан дагы эки жерге 30 орун уюштурууга туура келди. Оорукананын ичиндеги терапия, балдар бөлүмү жана №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу убактылуу жабылган. Аларда иштеген медицина кызматкерлери күндүзгү стационарларга тартылган. Жаңы-Базар айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун стационары, Терек-Сай айылындагы аймактык оорукана да жабылган. Ал жактарда да пневмония менен ооругандарга орундуктар даярдалган», - деди башкы дарыгер Малик Исмаилов.

Чаткалда күндүзгү стационарда иштеп жаткан дарыгерлер.
Чаткалда күндүзгү стационарда иштеп жаткан дарыгерлер.

Чаткал районунда 74 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Алардын 62си айыгып чыкса, бирөө каза болду. Учурда райондогу ооруканаларда 43 адам пневмониядан дарыланууда. Район акими Жуманалы Накетаев жакынкы күндөрү жаңы оорукана ачуу жана медицина кызматкерлери менен толуктоо пландалып жатканын айтты.

«Чаткал районунундагы айылдар алыс жайгашкандыктан ар бир айыл өкмөттө күндүзгү стационарларды уюштурдук. Каныш-Кыя, Жаңы-Базар, Сумсар айылдарында дагы кошумча 30 орун даярдап жатабыз. Анткени бизде пневмония менен ооругандар көп катталып жатат. Быйыл ноябрь айларында оорунун экинчи толкуну болот деген божомол бар. Айыл өкмөт башчылары жана башка кызматкерлер менен кеңешип Сумсарга 150 орундукка чейин бейтапкана ачуу пландалып жатат. Ал жакта республикалык кургак учук ооруканасынын өпкө оорулар бөлүмү жайгашкан. Анын имараты акыркы төрт жылдан бери ээнсиреп бош турат. Өткөн жумада көрүп келдим, бир аз оңдоп, оорукана катары колдонсок болот экен».

Жергиликтүү бийлик аймактагы кен казган компаниялар менен бирге учурда чаткалдык 33 студентти окуу акысын төлөп, медицина багытында окутуп жатат. Алардын ону окуусун аяктап, ординатурасын Бишкектеги ооруканаларда улантууда. Район акими эгер өтө муктаждык жаралса аларды Чаткалга чакыртып алууга болоорун айтты.

Жалал-Абад облусу боюнча 184 медицина кызматкери жетишсиз. Негизинен педиатр, балдар реаниматологу жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тартыш. Облус боюнча 35 аймактык оорукана, 138 үй-бүлөлүк медициналык борбор жана 230 ФАП бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG