Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Жөтөлбөй туруп вирус жугузгандардын коркунучу


Монтенегро аэропортундагы жүргүнчүлөр. 12-июль, 2020-жыл.
Монтенегро аэропортундагы жүргүнчүлөр. 12-июль, 2020-жыл.

Окумуштуулар COVID-19 илдетинин белгилери өзүндө жок болсо да, башкаларга коронавирусту жайылткан адамдарды аныктоонун жолун издеп жатышат.

Кытайдын борбордук бөлүгүндө декабрь айында пайда болгон коронавирус үч ай өтпөй Антарктидадан башка бардык континенттерге жайылды.

COVID-19 илдетинин мындай тез жайылышын окумуштуулар да күткөн эмес. Мындан улам көп мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагы ага туруштук бере албай калышты.

Алгач илимпоздор жөтөлүп, чүчкүрүп, дене табы көтөрүлүп жаткан адам гана коронавирусту башкага жуктура алат деп боолгошкон. Көп өтпөй алардын ою өзгөрдү. Анткени кээ бир адамдар оорунун белгилери ачык аныктала электе, тактап айтканда дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, тамагы ачыша электе эле вирусту жайылта баштай турганы аныкталган.

Ал эми айрым кишилер коронавирусту жуктуруп алса да бул белгилер такыр болбойт, бирок алар вирусту андан ары жайылтууга салым кошушат.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, көзгө илинбегени менен өтө чоң кубатка ээ коронавирус адамдын клеткасына киргенден кийин ал жактан "заводдой" эле бир күндө он миңдеген өзүнүн көчүрмөсүн чыгарып салышы мүмкүн.

Көп окумуштуулар адамдар илдеттин белгилери жок болсо деле сүйлөшүп, дем алып, ырдап жатканда коронавирусту жайылта бериши мүмкүн деп эсептешет. Мындан улам бир катар мамлекеттерде бийликтер жарандарды беткап кийип же эч болбосо оозу-мурунду жоолук, бетаарчы, кездеме менен жаап алууга чакырып келишет.

Учурда дүйнөдө дал ушундай эч кандай симптому жок, бирок ооруга кабылган адамдарды аныктоо боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.

"Эффективдүү вакцина табылмайынча биз азыр коронавирус кантип жайыларын иликтөөнү уланта беришибиз керек. Бул инфекция менен күрөшүүнүн эң туура жолу. Биз убакыттан уттурбашыбыз керек", -дейт Вашингтондогу Медицина университетинин профессору Сет Кохен.

Ушул тапта Кошмо Штаттардагы Скриппс илимий иликтөө институтунда эч оорубастан коронавирусту алып жүргөндөрдү "Fitbit" деген акылдуу сааттын жардамы менен аныктоого аракет кылышууда. Аталган институттун жетекчиси Эрик Топол "Fitbit" адамдын жүрөгүнүн согушу, дене табы тууралуу маалыматтарды жаздырып турарын айтат:

"Оорунун белгилери, анын ичинде чыйрыгуу башталганча эле организмдин ичинде өзгөрүүлөр боло баштарын билебиз. Ички стресске реакция берип, жүрөктүн согушу өзгөрөт".

Ал эми Калифорниядагы Беркли университетинде ыктыярчылардын шилекейинен анализдерин алышып, оорунун белгилери билинбеген, бирок коронавирус жуктуруп алгандарды аныктоо жолун издеп жатышат.

Окумуштуулар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай ушундай оорунун белгилери ачык байкалбаган адамдарга жетиштүү маани бербей жатат деп күмөн санашат. Аталган уюм кийинчерээк гана беткап тагынууга үндөй баштады.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 21-июлда элин биринчи жолу беткап тагынууга үндөдү. Ушул тапта COVID-19 илдети көп мамлекеттерде кайрадан күч алууда.

Коронавирус дүйнөдө 15 миллиондой адамга жугуп, бул дарт 617 миңден көп адамдын өмүрүн алды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG