Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Кыргызстан коронавирус курмандыктарын эскерди


«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү. Эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, муфтий Максат Токтомушев жана парламент, өкмөт, сот, аскер жетекчилиги катышты.
«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү. Эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, муфтий Максат Токтомушев жана парламент, өкмөт, сот, аскер жетекчилиги катышты.

30-июлда Кыргызстан коронавирус курмандыктарына байланыштуу аза күтүп жатат. Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнөлүк масштабдагы эпидемияга биринчи ирет туш келди.

Дүйнөнү каптаган COVID-19 илдети Кыргызстанда март айынан бери 1364 адамдын өмүрүн алып кетти. Эксперттер пандемиянын курмандыктары расмий көрсөткүчтөрдөн алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

Бийликтин вирусту өлкөгө киргизбөө аракети

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети 2019-жылдан аягында Кытайдын Ухань шаарында чыкты. Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч киши катталганы быйыл 18-мартта белгилүү болгон. Бийлик Бишкек шаары баштаган бир катар аймактарда 25-марттан тартып өзгөчө абал режимин киргизди.

3-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуккандан кийин каза болгон алгачкы бейтап катталган. Анткен менен өкмөт өзгөчө абал киргизүү менен коронавирустун жапырт жайылышынын алдын алууга шарт түзүлгөнүн белгилеген.

Май айынын аягында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстан коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусуна жеткенин билдирген. Чынында ошол убакта коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу статистикада оң көрсөткүчтөр болгон. Маселен, коронавирус жуккан 1594 адамдын 1066сы айыгып чыккан. Ал эми каза болгондордун саны 16 адам болгон.

Коронавирус карантинден кийин күчөдү

Ошентип, июнь айынын башында өлкөлөрдө көпчүлүк карантиндик чектөөлөр алынып, кадимки жашоо башталгандай эл көчөгө чыкты. Бирок статистикада оору жуккандар азая элек болчу. Июнь айынын аягында коронавирус жугузуп алгандар да, каза болгондор да кескин көбөйдү. Аны менен кошо коронавируска тапшырган анализдери таза чыгып, бирок пневмония менен ооругандардын катары калыңдады.

Июль айынын ортосунда Кыргызстандын медицина тармагы пандемиянын күч алганын көтөрө албай калды. Ошол күндөрү күнүнө 70-80 киши каза болгон учурлар болду. Ооругандардын көпчүлүгү биринчи медициналык жардамга жетпей, ооруканага жеткени менен ал жакта орун табылбай, бейтапкананын короосунда, жакындарынын көз алдында үзүлдү.

№6 клиникалык оорукананын пульмонологу Назар Маметазимов ал күндөрдү мындайча эскерди:

«Ошол убакта кыйналган оорулууларды көрүп аябай кайгырып жаттык. Себеби, башында концентраторлор жетишпей, адамдар ооруканага батпай калып жатты. Бир түшкөндө орун калбай калып, коридорго, өзүбүз иштеген жерге, физбөлмөгө, ашканага жаткырып жаттык...».

Күн алыс медицина, билим берүү, маданият, спорт, саясат, дин тармагынын каймактары аталган белгилүү адамдар жөнүндө суук кабар желдей тарап, калың журт кан жутуп турду. Эл ириде дарыгердин кеңешине зар болуп, ооруканада дарыланууга орун эмес, дарыканада дары таппай карайлап калды.

Мурдагы саламаттык сактоо министри, коомдук ишмер Накен Касиев жүздөгөн адамдын өмүрүн алган бул күндөр Кыргызстандын тарыхында кара тамгалар менен жазылып каларын белгиледи:

«Коронавирус жалпы адамзат үчүн чоң трагедия болду. Анын ичинен Кыргызстан оор сыноого туш болду деп айтсак болот. Тилекке каршы, коронавирустан ажалы жеткендер өлкөбүздө 1300 кишиден ашып кетти. Эл да карантин шарттарын толук аткарбай оорунун жайылышына жол берди. Социалдык коргонуу болгон жок. Мунун айынан жоготуулар да көп болду. Өлүмгө чекит коюла элек. Күнүгө каза болуп жатышат».

Үрөй учурган статистика

Кыргызстан пневмониядан кайтыш болгондорду коронавирустун статистикасына кошуп санай баштаган 17-июлдан кийин абал канчалык оор экенин айкын болгон. Ага чейин коронавирустан каза болгондордун саны 173 киши деп саналган болсо, 18-июлда 900 киши деп эсептелди.

Ошол күнү «Акипресс» маалымат агенттиги 6,5 миллион калкка 83 өлүм деген ар бир миллион кишиге 12,8 өлүм туура келет дегенди түшүндүрө турганын, бул дүйнөдөгү бир күндүк эң чоң көрсөткүч экенин жазды. 22-июлда АКШдагы «The New York Times» басылмасы акыркы бир жуманын статистикасын анализдеп, коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча Кыргызстан биринчи орунда экенин билдирди.

Парламент депутаты Наталья Никитенко пандемиянын курмандыктары расмий сандан алда канча көп болушу мүмкүн экенин божомолдойт. Депутат аза күтүү күнүнө байланыштуу кайрылуусунда өлкөдөгү коррупция, кесипкөйлүктүн жоктугу жоюлбаса, алдыда дагы канча адам өмүрү кыйылаары белгисиз экенин эске салды:

«Билбейм, биз Аза күтүү күнүн эрте жарыялап алган жокпузбу? Балким, бул күндү коронавирустун акыркы курмандыгы жерге берилгенде жарыяласак болмок. Биз бул пандемия канчалаган жарандардын өмүрүн алып кеткенин билбейбиз. Алардын канчасы ооруканада орун, ИВЛ аппарат, керектүү дары күтүп жатып, жакындарынын колунда үзүлдү? Биз дагы канча мекендешибиз бул дүйнө менен кош айтышып кетерин билбейбиз. Далай айлар кудум согуштагыдай, «дагы кайсы жакыным өтүп кетти» деп интернет сайттарды ачкандан коркуп жашадык».

Өкмөт сын-пикирге макул эмес

Өкмөт абалдын курчуп кетишине «санитардык талаптарды сактаган эмес» деп, дары-дармектин таңкыстыгына да элдин күнөөсү бар экенин белгилеген. Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлдагы онлайн брифингде буга чейин жаңы оорукананын салынбаганын «мамлекеттин абалына жараша өз жолубуз менен кеттик» деп түшүндүрдү.

Өкмөт башчы мурдагы «Ганси» аба базасында ачылган «Семетей» обсерваторун госпиталга айлантуу "туура чечим болгон" деп эсептейт.

«Кээ бир мамлекеттер тез аранын ичинде 1000 орундуу оорукана салды. Аны көрүп турдук. Бирок мамлекетибиздин абалына жараша биз өз жолубуз менен баралы дедик. Бүгүнкү күндө «Семетей» обсерваторун заманбап госпиталь кылдык», - деди Боронов.

Учурда өкмөт Бишкек жана Ош шаарларында ар бири 100 орундуу эки оорукананы куруу иштери башталганын жарыялады.

Өлкө жүгүн көтөргөн дарыгерлер менен ыктыярчылардын эмгеги

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев дүйнө жүзүн, анын ичинде Кыргызстанды каптаган апаат тарыхта кара так менен жазылып каларын белгилейт. Акындын пикиринде, айрыкча мамлекеттик башкарууда чабалдык, саламаттык сактоо системасынын талкаланганы жана коррупциянын гүлдөп өнүгүшү илдет менен күрөшүүдө даана байкалды.

Ал өзү ооруканада жатып, ажал менен кармашкан ак халатчандардын, өмүрүн тобокелге салган ыктыярчылардын каармандыгын көргөнүн эстеди:

«Мен жаткан ооруканада жаштар жүрдү. Көздөрү чарчап, буту тартпай калгыча иштешти. Айрыкча Кыргызстан үчүн аябай апаат болду. Эл өз көйгөйү менен өзү калды. Анан алар эмне кылсын? Кыргыз эли кыйынчылыкта биригет. Бул эзелтеден келе жаткан өзүн өзү сактоо айласы. Кыргыз элинде өзүн сактоо аракетинен башка айласы жок болуп турат...»

Жоопкерчилик кимде?

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев Кыргызстанда коронавирустун жайылышын жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия түзүү боюнча демилге көтөрдү. Бул тууралуу коомдук ишмер «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазып, өткөндөн туура тыянак чыгаруу жана сабак алуу зарыл экенин белгиледи. Мунун маанисин ал пандемиянын кайталануу ыктымалдыгы менен негиздеди.

Коронавирус курмандыктарына байланыштуу Жалпы элдик аза күтүү күнүнө байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылып, анда элдин өмүрү, ден соолугу үчүн күрөш аяктай элек экенин белгиледи.

«Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден соолугун сактап калуу — бул жалпы элдик күрөш. Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстандын элин да кайгы-муңга салды, боордошторубуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болду. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз», - деди президент.

Коомчулукта «Өкмөт эки айлык карантинде илдетке каршы эмнеге даярдык көргөн эмес?» деген суроону кабыргасынан турат. Парламент депутаты Рыскелди Момбеков эл туура талап коюп жатканын белгилеп, "эртеби-кечпи тийиштүү адамдар жооп берери турган иш" деп эсептейт.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Кырсыктын алдын ала албаган шалтурук өкмөттүн жоопкерчилиги кандай болгон күндө да каралышы керек. Бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү шалаакылыкка жол берген адамдар жооп бериши керек.

Шалаакылык бар экени факт, адамдардын өлгөнү ак. Өзбекстан аз акча менен арбын иштерди жасады, ошентсе да өз элинен акимдер баш болуп кечирип сурашты. Бизде эки айлык карантин, эбегейсиз акча менен алдын ала албай койду. Аягында ыктыярчылар абалды колго алгандан кайрадан күнөөнү элге шылтап койгону - чайкоочулук», - деди Момбеков.

Пандемиянын алдын алуу боюнча жасалган иш-аракеттер текшерилип, териштириле баштады. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) эпидемиологиялык абал курчуганда айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо жана коррупция фактысы боюнча март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди суракка алып жатат.

Экинчи толкунга даяр бололу

Кыргызстанда азыр да күн сайын коронавирус жуккан жүздөгөн киши катталууда. Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Кыргызстан эмес, дүйнө эли алдыда коронавирустун жаңы коркунучу кандай болорун билбей турган чагы экенин эскертүүдө. Андыктан анын пикиринде өкмөт, жарандык коом оору менен күрөштү күндөн-күнгө күчөтүүгө чогуу өтүшү керек. Азыр да эпидемиологиялык абал курч бойдон сакталууда.

«Албетте, ниетибиз - экинчи толкун болбой эле койсун. Бирок дүйнөдө болуп жатса аны тосо албайбыз. Ошондуктан оор учурга даяр болгонубуз жакшы. Кыш жакындады, башка өнөкөт оорулар да туш келет. Азыр жайдары болуп калбай, күндөн-күнгө пандемия менен согушту күчөтүш керек. Биздин максат - биримдикте аз өлүм менен пандемияны жеңип чыгуу болуш керек», - деди Батыралиев.

«Азаттык» радиосу коронавирус эпидемиясында каза болгон кыргызстандыктардын алгачкы эскерүү тизмесин өз алдынча түзүп жарыялап жатат.

«Пандемия: Кимди жоготтук?» тизмеси аркылуу «Азаттык» маркумдардын артында өмүр, тагдыр, из, үмүт, кыял, жакындарынын кайгысы калганын көрсөткүсү келди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG